ФОБИЯ ЭМНЕДЕН УЛАМ ЖАРАЛАТ?

Интернетти ачып карасаңыз фобиянын көптөгөн түрлөрүн, тилиңиз келбеген аталыштарын көрөсүз. Дүйнө жүзүндө 10 миллиондон ашык адам фобиядан жапа чегет деп айтылат. Көпчүлүк учурда биздин коркуубуз күчөп кеткенин жана мунун артынан өзүбүзгө, жакындарыбызга зыян кылып алышыбыз мүмкүн экенин аңдабайбыз. Фобия деген эмне? Ал эмнеден улам жаралат? Аны жеңүүгө мүмкүнбү? Ушул темага токтолобуз.Фобия деген эмне?

Коркуудан айырмасы

Коркуу – адамды табигый коргоочу сезим, бул коркунучтуу реалдуу же алдын ала болжондонгон, сезилген кырсыктын алдында өзүн-өзү сактоо инстинктинин көрүнүшү, белгилүү бир жагдайларга же кырдаалдарга жооп катары башыбыздан өткөргөн эмоциялар. Коркуу адамга этият болууга сигнал катары кызмат кылат жана аны тобокелдиктин жогорулашына байланыштуу аракеттерден баш тартууга мажбурлайт. Алар оң жана терс болушу мүмкүн, ошондой эле ал жашообузга жана жүрүм-турумубузга таасир этет.

Фобия – коркуу реакциясынын патологиялык күчөшү менен байланышкан абал. Бул кандайдыр бир кубулуштан, жагдайдан же предметтен акылга сыйбаган, башкарылгыс, эрксизден коркуу, мисалы: булуттан, маскарапоздордон, мышыктардан коркуу, жалгыздыктан, караңгылыктан, бийиктиктен, жөргөмүштөн, эл алдында сүйлөөдөн, жакындарын жоготуудан, ката кетирүүдөн коркуу жана башка. Ар бир адамдын өз тажрыйбасына же жеке ишенимдерине байланышкан жеке коркуулары бар. Фобия же эрксизден коркуу – бул тынчсыздануу ооруларына кирет жана ал тубаса эмес, кийин пайда болот. Кандай адамдар көп кабылат?

Эмоционалдуу жана өтө сезимтал адамдар, башкача айтканда, белгилүү бир жеке өзгөчөлүктөрү бар адамдар көбүнчө коркууга кабылышат. Бул фобиянын калыптанышына жана өнүгүшүнө эң жакын, психикасы жетиштүү туруктуу эмес адамдар экенин баса белгилей кетүү керек. Ошондой эле фобиялар фантазиясы бай адамдарда пайда болушу мүмкүн, анткени алар үчүн чыныгы жана ойдон чыгарылган коркунучту айырмалоо, бул терс сезимге каршы туруу алда канча кыйын. Мындай адамдар көп учурда чындыгында жок нерседен коркушат. Башкача айтканда, адам жөн эле коркуудан коркот.

Адам катуу корккондо кандай белгилер байкалышы мүмкүн?

• жүрөктүн бат-бат согушу;

• күн жылуу болуп турса деле чыйрага берүү;

• ашыкча тердөө;

• баш айлануу;

• ашказан-ичегиде көйгөйлөр;

• дем кыстыгуунун тез-тез кайталанышы;

• дененин кээ бир бөлүктөрүнүн уюшу же сайгылашуусу;

• колдордун башкарылбаган титирөөсү жана башка.

Келип чыгуу себептери

Фобиялардын келип чыгышын түшүндүргөн көптөгөн теориялар бар. Андыктан фобиянын келип чыгуу себептерин болжолдоого гана болот. Аны так аныктоо үчүн ар бир адам менен жекече изилдөө жүргүзүү кажет. Фобиянын жаралышына себеп болгон кырдаалдар эмоционалдык басым, адамды ыңгайсыз абалга кептеген стресстик жана тынчсыздандырган жагдайлар болушу мүмкүн. Бул жакын адамынын өлүмү, катуу оору же ажырашуу жана башка. Ошол учурда адамда коркуу пайда болот, аны өзүбүз байкабай калабыз, ошол кырдаалдан, ошол күндөн баштап адамдар коркуп баштайт.

Дагы бир себеп – көпчүлүк коркуулардын себептери балалыкта жатат. Бул адамдын жан дүйнөсүндө терең катылган ички конфликттердин симптомдорунун көрүнүшү. Мисалы, адам бала кезинде алган жана анысы чоңойгондо да коштоп жүргөн балалык психикалык травма. Себеби ата-эне кечке ар нерседен кабатыр болуп этияттап, “минтип калба, тигинтип калба, абайла, бычакты алба, колуңду кесесиң” дей берип, бул коркуу программаларын балдарына өткөрүп берип койгонун байкабай калышат, баланы ата-эне ошентип коркууга даярдап коёт. Ар нерседен күмөн саноо, өзүнө ишенбөө да ушундан жаралышы мүмкүн. Коркуунун негизги пайдубалы ата-энеден келиши мүмкүн. Көп учурда баланын психикасына анын үй-бүлөсү таасир этет. Негизги коркунуч факторлору төмөнкүлөр: ата-энелердин баланын жынысына нааразылыгы, үй-бүлөлүк чыр-чатактар, үй-бүлөнүн бузулушу жана башка.

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир балдардын коркуулары, мисалы, караңгыдан коркуу, коркунучтуу түш көрүү, жаңы чөйрө жана башка – бул баланын таанып-билүү активдүүлүгүнүн өөрчүшүндө нормалдуу көрүнүш. Алардан качуу мүмкүн эмес, балким, зарыл деле эмес. Бирок ченеми менен болгону жакшы, а эгер коркуу сезими баланы 6 айдан ашык убакыт тынчсыздандырса, анда фобиянын башталышы деп ойлошубуз керек. Бул учурда сөзсүз түрдө психотерапевттин кеңеши керек.

Кандай коркунучу бар?

Көпкө чейин коркуп жүрө берген адам депрессияга түшүп калат. Катуу депрессиядагы адам абалын башкара албай, ой жүгүртүүсү бузулушу мүмкүн жана башка. Андан сырткары түрдүү ооруларга, анын ичинде психологиялык ооруларга алып келиши мүмкүн. Мисалы, коркуунун айынан көп адамдар кант диабетине чалдыгышы мүмкүн. Организм дайыма тынчсызданган, корккон абалда болгондо организмге кубаныч жетишпей калат да, ал кантты өзүнө тартып алат. Бул сыяктуу оорулар адамдын өмүрүнүн кыскарышына жеткирет. Коркуу күчтүү болгондо организм көтөрө албай калат.

Кантип жеңебиз?

Коркунучтар бизге кооптуу кырдаалдардан качууга жардам берсе же мүмкүн болгон көйгөйлөрдү эскертсе, пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок коркуу сезими күчтүү болуп, толук жашоого тоскоол болсо, анда алар менен күрөшүү үчүн адистин жардамына муктажбыз. Фобияларды дарылоодо сөзсүз кесипкөй адистин кеңешине таянуу керек. Алар фобиянын мүнөзүнө, симптомдордун оордугуна жана адамдын жашоосуна тийгизген терс таасиринин даражасына жараша жекече комплекстүү дарылоо программасын түзөт, оору жөнүндө маалымат берет. Психологияда бул үчүн атайын психологиялык, психотерапиялык сеанстар, практикалар бар. Коркуунун тереңде жаткан себебин таап, эмнеден коркконун, же ата-энеден келгенби, же башка себеби барбы, так аныктап, ошол себепти жок кылыш керек. Коркуу менен дыкат күрөшпөсө, ал айыкпайт, акырындык менен көбөйө берет.

Дегеле жашоодо коркууну азайтуу, фобияга жеткирбөө үчүн медитация, йога, дем алуу көнүгүүлөрү, китеп окуу же кесипкөй психологдон кеңеш алуу сыяктуу ар кандай ыкмаларды колдонсоңуз болот. Эң негизгиси – коркуу сезимин башкарууну жана толук жашоону үйрөнүү зарыл.

Дары-дармектер

Дары-дармектер ооруну айыктыра албайт, бирок симптомдорду жеңилдетет. Аларды колдонуу психотерапия менен бирге гана натыйжалуу болот. Дарылардын жардамы менен коркуу же фобия интенсивдүүлүгү төмөндөйт, бирок алардын пайда болушунун себебине таасир этпейт. Фармакотерапияны тажрыйбалуу психиатр гана дайындайт. Дары-дармектер менен дарылоо эрксизден коркуунун оор симптомдору үчүн көрсөтүлөт, башка учурларда дары-дармектерди кабыл албастан дарыланууга болот. Өзүңүздү сактаңыз! Жашоо бир келет, аны коркуу менен өткөрбөңүз!

Материалды даярдоого көмөктөшкөнү үчүн психолог, коуч Ызаткан Жусуповага ыраазычылык билдиребиз.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1091, 3-9-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан