ШООЛА (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал )

(Башы өткөн санда)

Кеч кирип калганын Канат Шооланы жеткирип коюп үйүнө кадам таштаганда сезди. Тез-тез баса үйүнө жөнөдү. Кирип келип эле жүрөгү үшүй түштү. Үй жымжырт. Баары ордунда. Бир гана иниси көзүнө көрүнбөдү. Сыртка атып чыкты. Сарай тарапка барып апасы чебелектеп инисин жиптен бошото албай жатканын байкады. Атасы инисин байлап алып сабаган экен, жүзүндө тамтык жок. Көз айнеги бир жерде, кепкасы бир жерде жатат.

– Жанат!

Чуркап жетип инисин көтөрө калды. Ал онтой берди. Апасы ыйлап алган экен. Экөөлөп үйгө алып келишти.

– Эмне болду?

– Мени атаң базарга барып кел деп жиберген. Бир аз мурун эле келдим, шаарда тыгын болуп араң чыктым да. Келсем эле Жанат көрүнбөйт. Коңшулардан сурадым. Анан бул жакка чуркап кирип...

Апасы ыйлап жиберди. Өзүн сабаганы эч нерсе эмес эле, көзүнүн карегиндей карап багып жаткан баласынын абалына жаны кейип жатты. “Сен дагы сабактан кийин кайда жоголуп кеттиң?” деп айткысы келип барып Канаттын абалын көрүп токтоп калды. Канат андан да оор абалда эле. Атасы аны жазалаш үчүн инисин же апасын сабай турганын билчү. Анын жанын ачытыш үчүн анын жанынан артык сүйгөн адамдарын кыйнайт. Андан көрө өзүнө колу тийсе мындан жакшыраак көтөрмөк. Эрдин тиштеп онтоп жиберди. Апасын чала жан абалда көргөндө кандай жаны кашайып, каны дүргүп чыкса, бул жолу да ошондой болду. Ызырына туруп жөнөдү.

– Кайда барасың?

– Коё бер, апа. Мен сүйлөшөм. Жөн эле сүйлөшөм.

– Жок, мени апам десең эч нерсе дебейсиң.

– Эмнеге, апа? Эмнеге чыдай бересиң? Эмнеге бизди да чыдата бересиң? Айтсаң, мурун биз төрөлө электе эмне болду? Бул адамдын чыгып бүтпөгөн жини эмнеден? Менби? Себеби мен да, ээ?

– Кайдагыны айтпачы. Атаң...

– Атам имиш...

Канат жаш аралаш ушуларды күбүрөдү. Айласы жок токтоду. Апасынын сөзүнөн чыга албайт эле.

Кечинде Жанатка кашык менен тамак, чай берип отурду төшөгүндө.

– Болду, ичпейм.

– Эмне, мага таарынып жатасыңбы?

– Сага мындан ары менин керегим жок. Ошол кыз болсо эле болду.

Жанат Шооланын атын такыр айтчу эмес. Ушул ат оозунан чыгып кетсе эле бир нерсе болуп кетчүдөй кыйналып кетер эле. “Ошол кыз, тигиниң” дегени да ошондон.

– Мен мындай болорун кайдан билдим. Сен мага телефон чалып койсоң деле болмок экен. Эмнеге мынча жиндеп кетти?

Жанат көзүн жума берди. Атасынын каарданган жаштуу көздөрү көз алдына тартылды.

Канат негизи эле тышкы жумуш болобу, үй ичиндеги жумуш болобу эбин таап жакшы жасачу. Жанат болсо олдоксон болуп баарын бүлдүрө берер эле. Бул жолу да эбин таба албай жатты. Атасы аны карап туруп кыжыры келди. Илмийген арык келбети да кыжырданта берди. Ушул бала кантип Жусуптун баласы болсун. Жанаттын кыздардыкындай назик колдорун карап жиндеп кетти.

– Эй, ичегиси сыртына чыгып калбайт, катуураак эле карма устунду.

– Сен эмне эле болуп жатасың сөлдүрөп?

Кыжырдануу каарга айланып баратты, анан эптеп бир нерсени шылтоолоп уруп алды. Жусуптун бир кызыктай адаты бар эле. Мушташа баштаса, таяктагандан кумары кангандай, алдындагы адам экенин унутуп төпөштөп салчу. Ичиндеги каар, таарыныч, ыза ошону менен куюлуп, ээ-жаа бербеген долу жиндилиги атырылып чыга келчү. Бул жолу да баласын бир чаап жиберип, андан ары эмне кылып жатканын билбей калды. Жанат эмес, алдында тээ мурунку жылдардагы атаандашы тургандай моокуму кана сабады. Бир кезде баласынын деми чыкпай калганда гана коркуп кетти. Бир караса анын колу-бутун байлап алып сабап жаткан экен. Эмне кыларын билбей калды. Мындай учурда качып кетет. Анан үйгө эки-үч күн келбей коймой адаты бар. Аялын урганда да ошондой. Анан эки-үч күндөн кийин келип, кечирим да сурап койбой жашоосун уланта берет.

Жанат атасынын жаштуу көздөрүндөгү каарды элестете берди. Ичиркенип алды. Канаттын мээримдүү, тынчсызданган көздөрүн көрүп жылмайганга аракет кылды.

– Билбейм, бул айдагы таяктан апамды куткардым окшойт. Эмнеси болсо да болду.

– Жанат, кечир мени.

Жанат үнсүз гана башын ийкеп койду. Канат жанында. Демек, мындан ары баары жакшы болот. Кичинесинен эле Канат жанында болсо дүйнөдөгү бардык жамандыктар андан алыстап кеткендей сезиле берчү. Тили да апасынын айтымында, Канат деп чыккан экен. Канат ал үчүн бүтүндөй бир дүйнө.

– Сен жат, укта. Мени апам мектепке жакшы болгондо барасың деди. Эртең менен ойготпой эле кете бер.

Канат уктай албай түйшөлө берди. Кыялында чоңоюп, апасы менен инисин алып башка шаарга, башка үйгө кеткенин элестете баштады. Анан алардын үйүндө Шоола да болот. Эх, жашоо кандай сонун. Шооланын сулуу көздөрүн элестетип мыйыгынан жылмая берди.

ххх

– Канат менен бардыңбы?

– Ооба.

– Ал жигитке мен да кызыга баштадым. Качан тааныштырасың?

– Билбейм, апа. Ал менин досум. Азырынча...

Апасы жылмайып койду. Достуктан башка сезимде экенин анын албырган жүзүнөн, өзүнөн-өзү бактылуу жылмайганынан, ой басып турса да маңдайы жарылып көңүлдүү турганынан билсе болот эле. “Абайла, кызым, сүйүү дегендин таттуусуна караганда ачуусу көбүрөөк, жыргалына караганга кууралы көбүрөөк нерсе. Эң негизгиси абайла” деп жатты энесинин жүрөгү.

ххх

Жусуп үй-бүлөсүнө барбаган күндөрү бара турган бир гана жери бар. Ал адам аны түнбү-күнбү кабыл ала берет. Кабыл алганда да унчукпай, турган-турушу менен кабыл алат. Эмнегедир баарына кыжыры келип, жиндеп турган адам ушул аялдын жанында гана жоошуй түшөт. Ага баарын айта алат, жан дүйнөсүндө кандай мыкаачы, кандай шүмшүк экенин ачык көрсөтө алган, бет капсыз дал өзүн көрсөтө алган бир аял бар. Бул жолу да ичиндегисин төгүп жатты.

– Уулумду урдум. Ичимде кайнаган ызамды андан чыгардым. Эмнеге Канат эмес, менин уулум ушундай, эч нерсеге жөндөмү жок болуп калды? Жашоо дагы бир жолу менин алсыздыгымды далилдегендей. Дагы бир жолу сынганымды далилдегендей бул бала менен. Ошол, ызама чыдай албадым. Менин уулум башкача болуш керек эле. Ал чимкиригин тарта албайт. Күрөктү тыңыраак кармай албайт, күрөшкөндү бул жакка кой.

– Жанат өтө акылдуу бала. Азыркы заманга кара күчтүн эмне кереги бар? Акылдын заманы азыр. Аны күчтүү кылып алып эмне кыласың? Көрөсүң, кийин ушул уулуң менен сыймыктанасың. Сенин түшүңө кирбеген ийгиликтерге ушул бала жетет.

– Эх, мени сен да түшүнбөйсүң. Эч ким түшүнбөйт. Ичимдеги жалынды бир гана өзүм түшүнө алам.

– Макул, укта. Эртең баары жакшы болот.

– Сен качан кетем дедиң эле Москвага?-деди Жусуп уктап баратып.

– Жакында.

– Кетпе, мен сени багам. Аялым менен ажырашып сага келе албайм. Бирок мен сени багам. Уктуңбу, кетпе...

Аял жылмайып койду. Эртең мунун таптакыр башкача сүйлөп каларын билет. Же жөн эле эшикти тарс жаап чыгып кетип, айлар бою кабарсыз жоголорун да билет. Ал Жусуптун жашоосунда жөн гана бекет экенин дапдаана сезет. Бирок сезгенде эмне?..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1091, 3-9-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан