Кумар Асанов, ырчы: “ДУЭТ ЫРДАЙЛЫ ДЕСЕМ, БИР ЫРЧЫ 15 МИҢ ДОЛЛАР СУРАДЫ”

Каарманыбыз Кумар Асанов таланттуу ырчы мырза. Кезинде анын үнүнө, келбетине ашык болгон күйөрман кыздар көп болгон. 14 жашында эле атактуулукка жетип, “Кыргызстан” деген ыры менен бир дүркүрөгөн. Адатта, кээ бир ырчылар бир “жарк” деп жанып, анан тынчый түшөт эмеспи. Кумар мырза да ошол толкундагы ырчылардан десем, таарынбастыр. Саналуу гана ыры менен элдин эсинде калган ырчы учурда эмне менен алек? Өзү айтып берсин.

– Салам, Кумар, бизге берген акыркы маегиңде “кесибимди өзгөрттүм, массаж жасоону үйрөнүп жатам” деген элең. Ошол кесибиң боюнча иштеп көрдүңбү?

– Саламатсыздарбы, “Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты? Сиздерге мындан 5-6 жыл мурун маек берсем керек эле. Ал кезде чын эле укалоо искусствосуна кызыгып, атайын Медер Бишкектин курсун окуп, ал кесип боюнча иштеп да көргөм. Кийин ал кесибимди таштадым, анткени меники эмес экенин түшүндүм. Менин табиятым, жан дүйнөм баары бир чыгармачылыкка жакын экен. Андыктан убактымды текке кетиргим келген жок.

– Абдан сезимтал, бардык нерсени жүрөккө жакын кабыл алат окшойсуң?

– Ооба аябай сезимтал адаммын. Баарына чын дилден мамиле жасайм, өмүрүмдө бирөөгө жамандык кылып көргөн эмесмин. Азыр адамдар аябай ырайымсыз, таш боор, бирөөнүн көңүлү менен эсептешпей калышты. Кээ бири какшыктап сүйлөп деле көңүлүңдү оорутуп коюшу мүмкүн. Чын ыкласы, жан дүйнөсү менен мамиле жасаган адамдар азайып баратат, тилекке каршы. Баары жасалма же кайсы бир кызыкчылыкты көздөгөн мамилелер... Балким, мен эле ошондой адамдарды көп көрүп жаткандырмын. Иштейин десең эле тоскоолдук артынан тоскоолдуктар боло берсе, кээде отуруп жөн эле койсомбу деп кетесиң. Бирок чыгармачылык менин жүрөгүмдө, жүрөгүңдөгү нерсе баары бир чыгат, жакшы ыр, обондор менен. Ошол үчүн азырынча мени сайгылабай тургула, атак-даңк да өз убактысы менен келер. Мени бүгүнкү абалым көбүрөөк тынчсыздандырат.

– Бизге берген маектериңдин биринде “30 жашка чыккыча үйлөнөм” деп айткан элең, жеке фронтто жаңылык барбы?

– Эми бул сөздү жаш кезимде айтып койсом керек. Андан бери жашоомдо көп бурулуштар болду. Баары буйруктан эмеспи. Биз да буюрганын күтүп жүрөбүз.

– Сен атактуу болгон кездеги шоу-бизнес менен азыркы шоу-бизнестин айырмасы эмнеде?

– Мен “Кыргызстан” ыры менен дүркүрөп жатканда мезгил такыр башка эле. Анда көбү продюсерлер, телеканалдар аркылуу элге таанылганга аракет кылышчу. Азыркыларга анын баарынын кереги жок, санариптешүү заманы, кааласаң Тик-Токко чыгып стример болуп акча табасың, кааласаң башка тармакта блогерлик кылып киреше тапсаң болот. Азыр ырчы болуп чыгуу мүмкүнчүлүгү аябай кенен жана оңой. Продюсерлер менен иштешпей деле, эч бир телеканалга “менин ырымды чыгарып койчу” деп жалдырап барбай деле элге таанымал болсоң болот.

–“Чыгармачылыкка кайтам” деп көп жолу айттың. Бирок кайта албай жаткандайсың, жаңы ырларың чыга элек. Эмне тоскоолдук болууда?

– Алдыга койгон абдан сонун максаттарым бар болчу. Белгилүү ырчылар менен кавер жаздырып, клип тарттырып баш-отум менен киришсемби дегем. Бирок 15 күн аябай катуу ооруп калдым. Депрессияга түшүп кеттим. “Биринчи байлык – ден соолук” деп коюшат го, ооруганда музыка тургай, булбулдун үнүн уккуң келбей калат экен. Эми өзүмө келип жаткан убагым. Быйыл бир аз жанданып, 1-2 кавер аткарып, Тиктокто бир стример айым менен бир сыйра “хайп” болдум. Майда-чүйдөсүнө чейин айтпай эле коёюн аны, ошол жакта менин түз эфиримде отурган 700-800дөй адам билет. Мына эми чыгам, эми иштейм деп эле келе жаткам... Бирок аракетиңден майнап чыкпаса, бардык нерсеге каалооң жоголот экен. Анткени буга чейин талпынып иштегенге көп жолу аракет кылдым, ал нерсе сезилген жок, билинген жок. Бир-эки белгилүү ырчыга “дуэт ырдап көрбөйлүбү, иштешпейлиби” деп сунуштасам 10 миң, 15 миң доллар сурашты. Мен андай акчаны каяктан табам? Анча акчам болсо өзүм эле атактуу болуп кетпейминби. Менин сунушумду четке кагып, же создуктуруп оң жообун бербегендерди байкасам бардык нерсени жасоого каалоом жоголот.

– “Кыргызстан” деген ырың хит болуп турган мезгилге кайтып барсак, ошондо “жылдыз” оорусу менен оорудуң беле?

– Бул ырым митингдерде элге “дух” берген, күч берген миссияны аткарды окшойт. Эсимде Аскар Акаевди кетиребиз деп эл пикетке чыкканда Мелис Эшимканов ушул ырымдын коштоосунда элге аябай “дух” берген. Кийин Апрель окуяларында жаңыртып алып жөө жүрүшкө чыгып жүрүштү. Шайлоо болуп Курманбек Бакиевдин “Ак жол” партиясы менен үгүт ишеринде аймактарды кыдырып ырдап бер сунушташканда мага келишимдеги бир беренеси жакпай калып баш тартып койгом. Ошондо мени КТРден чыгарышпай бир аз бут тосушкан. Эми ал убак өттү, кетти, менин аткаруумдагы бул чыгарма элдин жүрөгүндө калганы - менин жеңишим. Чоң сахнага чыкпаганыма көп жыл болсо да, көптөр мени көчөдөн көрсө таанышат. Мурункудай кол тамга сурап, сүрөткө түшүп алалы деп артымдан чуркашпаса да мени унутпаганына сүйүнөм.

– Тойлордо ырдайм деп калдың, азыр ырчылардын “ставкалары” асман чапчып калды, сеники канча, сыр болбосо?

– Ошол асман чапчыган “ставканы” айтса деле көтөрүп, төлөп берем деп тойлоруна чакырып жатышпайбы. Керектөөчү жок болсо “ставкалар” деле түшмөк да, демек, талап бар ошого жараша ырчылар “ставкасын” коюп жатышат. Мени кечээ бир жакын таанышым жентек тойго чакырган, барып 10 миң сомго ырдап бердим. Кымбат ресторанда той берип жатып 3000-5000 сомго ырдап берчи деп сурангандар бар, ошолорго аябай таң калам. Башкасынан акча аябай, ырчыга келгенде эле зыкымданып калганыначы. Азыр 3000 сомго эмне келет, эч нерсе. Менин “ставкам” 200 доллар, бирок кээде тааныштарга 10 миң сомго барып ырдап берем. Бизде көптөгөн белгилүү ырчылардын “ставкалары” 200 доллардан жогору, меники элдин капчыгы үчүн жеңил эле болуш керек.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1091, 3-9-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан