3 адамдын өмүрү кыйылган окуя: “БУЛ КАНКОРГО ӨМҮР БОЮ ЭРКИНЕН АЖЫРАТУУ ДА АЗДЫК КЫЛАТ” дейт маркумдун энеси

Эсиңиздерде болсо, үстүбүздөгү жылдын 16-февраль күнү Бишкектин 5-кичи районундагы батирлердин биринде 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы менен 8 жашар уулу киши колдуу каза тапкан. Бул кылмышка шектелип аялдын мурда жарандык никеде жашаган 37 жаштагы күйөөсү Чынтемир Аширалиев кармалган. 5 айдан бери сот иши уланууда, чуулгандуу иште жаңы жагдайлар ачыкталып жатат. Кылмышка шектүү болсо баштапкы көрсөтмөсүн өзгөртүүгө жетишсе, маркумдун жакындары айыпталуучудан 4 миллион 632 миң сом моралдык жана материалдык чыгым өндүрүп берүүнү талап кылышты. Алдыда ушул иштин жагдайлары тууралуу кеп кылабыз.

Шектүү алгачкы көрсөтмөсүн танып кетүүгө аракет кылды

Кылмыштын негизги мотиви деп шектүү “маркум Алтынай Канзаманова аны менен болгон мамилесин жакындарына ачыктайм деп шантаж кылганын” айткан. Ал эми октябрь айындагы сот отурумунда шектүү “Алтынай эже ошол күнү ичимдик ичкен, кызы менен чачташып урушкан, балдарын ал өзү өлтүрүшү мүмкүн” деп баштапкы көрсөтмөсүн өзгөрттү. Ошондой эле “баласы Салимдин атасы мен эмесмин, мен жөн гана “крёстный” атасы катары жардам берчүмүн. Алтынай эжеге акча карыз эмесмин, тескерисинче, ал мага 30 миң доллар карыз. Башында милиция кызматкелери кыйноого алганы үчүн жалган көрсөтмө бергем” деп чыкты. Шектүүнүн мындай аракети коомчулукта кескин сынга алынды. “Видеобайкоого түшкөн далилдерди кайда катат?” деген пикирлер айтылды. Актануу аракетинен майнап чыкпасына көзү жеттиби, айтор, шектүү Чынтемир Аширалиев кийинки соттук отурумдарда үч адамды тең өзү өлтүргөнүн моюнга алды.

Үрү Дүйшөбаева, маркум Алтынай Канзаманованын апасы: “Чынтемирге үй, анын аялына унаа алып берген”

– Кызым “балам Салимдин атасы болот” деп мени Чынтемир менен тааныштырган. Аны 3 эле жолу көрдүм, биз айылдан шаарга барганда кызымдын үйүнө жолочу эмес. Кокусунан жолугуп калсак жер тиктеп эле, көзгө тике карап учураша да алчу эмес. Кызым менен күнүнө 3 маал сүйлөшчүмүн. Каза болгон күнү телефон чалсам алган жок. Окуяны укканда “Чынтемир эле кылды” дедим, жүрөгүм сезди. Анткени кызымдын үйүнө андан башка чымын да кирчү эмес. Баласы Салим төрөлгөндө качып карабай жүргөн, кийин кайтып келиптир. Кызым “баламдын атасы жакшы, ичпейт, чекпейт, 5 убак намаз окуйт, мечитке жардам берет” деп эч качан жамандачу эмес. Кызым Баткенде жүргөндө “үч балаң менен кыйналасың, үй алып ал” деп Чынтемирге акча жөнөткөн. Анын мыйзамдуу аялына 3 баласын ары-бери ташысын деп автоунаа да алып берген. Жадакалса бул канкор бензинге да кызымдан акча сурачу. Ушул жылдын 3-февралында чайканада отурганда кызым “атабыздын телефонуна 100 сом, күйүүчү майына 1000 сом котордум” деп сиңдисине айткан экен. Мындан сырткары күйөөсү темир иштетет элем деп 100 миң сом карыз алганын айткан. Биринчи үй-бүлөсүндөгү балдарынын туулган күнүнө белектерди алып берет эле. Чынтемир үйгө келгенде баласы тынч отуруп калат, андан коркуп турат дечү. Минтип жашым 80ден ашып калганда Лейлектен бери келип-кетип, адилеттик орношун талап кылып жүрөм. Бул желмогузду өмүр бою эркинен ажыратса же атууга кетирсе да аздык кылат, балам. Ылайым эч бир эне мендей болуп сыздабасын.

Аширбек Канзаманов, маркумдун иниси: “Шектүү тааныштарын ортого салып жеңил жаза алып калабы деген чочулоолор болду”

– Шектүү Чынтемир Аширалиевди сыртынан таанычумун, эжем аны “Салимдин атасы” дечү. Окуядан бери 8 ай өттү, сот иши 5 айдан бери уланып жатат. Башында күбөлөр жок, жактоочу келбей калды деп түрдүү шылтоолор менен сот отурумдары жылып жатканда “булар бирдеме ойлоп тапканы жатышат окшойт” деген ой келген. Себеби атайын эле создуктуруп жаткандай сезилген. Же биз Лейлектен бери келип-кетип жүргөнгө ошондой сезилди окшойт. Бирок азыр коомчулуктун көзөмөлү менен баары ойдогудай, мыйзам талап кылгандай кетип жатат. Өткөндө шектүү “мен өлтүргөн эмесмин” деп көрсөтмөсүн өзгөрткөндө өзүн психикалык жактан оорулуу адам катары көрсөткүсү келип жатабы деген да ойлор келди. Баары бир УКМКда 15 жыл иштеген адам, карым-катыш, жоро-жолдоштору жардам берип жеңил жаза алып кутулуп кетеби деген чочулоо болду. Кийин кайра коомчулуктун көзөмөлү турганын билип, айласы жок, моюндаганга аргасыз болду. Себеби аудио жазуулардагы үндөр, видеобайкоого түшкөн кадрларды кайда ката алмак. Кылмыштын чыныгы мотиви акчада деп ойлойм. Биз деле так, канча акча экенин билбейбиз. Бирок шектүү көп жыл бою эжемдин эсебинен жашап келгенин күбөлөр айтып жатышат. Эмне болгон күндө да жок дегенде балдарын өлтүрбөй койсо эмне. Энесине ызалансын дейли, жашы жете элек балдарында эмне күнөө? Кызы Сайкал “өлтүрбөңүзчү мени” деп жалдырап ыйлаганы айтылып жатат. 4-кабаттан секирип кеткен кыздын денесин кайра үйгө көтөрүп кирип кеткенин көрбөдүкпү. Мындай мыкаачылар коом үчүн да коркунучтуу, сөзсүз адилеттүү жазасын алышы керек.

Биз кооптонгон дагы бир жагдай мыйзамда мунапыс алуу укугу менен өмүр бою кескен берене бар экен, алардын жактоочусу ошону ишке ашыргысы келип жатат. Бул деген өмүр бою эркинен ажыратылса деле кийин мунапыска илинип чыгып кетиши мүмкүн дегенди билдирет. Биз мунапыска укугу жок өмүр боюга кесилишин талап кылабыз.

Искендер Жоробеков, маркумдун жактоочусу: “Күнөөсүн моюндап, маркумдун энесинен кечирим сурап калганга жетишиши керек”

– Шектүү көрсөтмөсүн өзгөртүү менен жагдайын кайра татаалдаштырып алды. Анын бир эле жолу калды – күнөөсүн толук моюндап, маркумдун жакындарынан кечирим сурап калуу. “Ооба өлтүрдүм, кылганыма өкүнөм” деп кечирим сураса, абалы жеңилдемек. Бирок азыркы күнгө чейин сот жыйындарына ишенимдүү басып келип, кепкасын бастыра кийип отуруп, жерди карап сүйлөп, жерди карап чыгып кетип жатат. Кылган ишине өкүнгөн адамды көрбөй турабыз. Маркум менен сүйлөшкөн 3 сааттык аудиосун жакында эле блоктолуп калган ноутбугунан ачып соттон угуздук. Ошол 3 сааттык сүйлөшүүлөрдүн дээрлик көбүндө Алтынай Канзаманова шектүүгө карызга берген акчаларын доолап жүрөт. Ал шайлоодо депутаттыкка талапкерлигин койгондо каржылаптыр, үй, автоунаа алып бериптир. Башкача айтканда, шектүү “альфонстун” жашоо образы менен жашаган. Менин таң калганым, Аширалиев түндө 3 адамды өлтүрүп коюп, эртеси эч нерсе болбогондой бир спорттук иш-чарага катышып, сөз сүйлөп, жаштарга каалоо-тилек айтып жатат. Ушунчалык да психикалык монстр болобу? Мындай мүнөз рецидивист же профессионал адам өлтүргүчтөрдө гана болушу мүмкүн.

Окуяда сөз болуп жаткан экинчи тараптын да пикирин угуу максатында шектүүнүн жактоочусу Алия Сагитовага да кайрылдык. Бирок суроолорубузга жооп ала алган жокпуз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1091, 3-9-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан