Жалалдин Абдувалиев, Гүлназ Жүзбаева, параспортчулар: “БАШЫНДА БИЗГЕ ЭЧ КИМ ИШЕНГЕН ЭМЕС”

Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Пара Азия оюндарында Кыргызстандын атынан 29 спортчу күч сынашты. Жыйынтыгында куржунга 1 алтын, 2 күмүш, 1 коло медаль салууга жетишишти.

Биз жөө күлүк жубайлар, 2 күмүш медалдын ээси Жалалдин Абдувалиев жана коло медалдын ээси Гүлназ Жүзбаева менен баарлаштык. Алар бул ийгиликке кантип жеткендиги, андагы кыйынчылыктары, кубанычтары тууралуу айтып беришти.

– Ийгилигиңиздер кут болсун! Пара Азия оюндарына биринчи жолу катышып жатасыздар, сапарыңыздар кандай сезимдер менен коштолду?

Жалалдин: – Абдан жакшы сезимдер менен коштолду. Атмосфера, уюштуруу иштери абдан жогору деңгээлде болду. 30-октябрда Бишкекке учуп келдик, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов баш болгон өкүлдөр тосуп алышты. Андан соң министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсалов акчалай сыйлык тапшырды. Биз абдан ыраазыбыз.

Гүлназ: – Негизи мындай чоң мелдешке биринчи жолу катыштым. Бара жатканда абдан жогору деңгээлдеги иш-чара экенине маани деле бербептирмин. Пара Азия оюндары Кытай жергесинде абдан сонун өттү. 48 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышты. Ал жактан ар кайсы элдин маданиятын билип, мурун укпаган тилдерди угат экенсиң. Дос-тааныш күтөт экенсиң, ушул жагы абдан жакты.

– Пара Азия оюндарынын 2 күмүш, 1 коло медалын сиздердин үй-бүлө багындырды. Жакшы даярдык менен барганыңыздар байкалып турат...

Ж.: – Менин даярдыгым мыкты болчу. Гүлназ экөөбүз буга чейин триатлон менен машыгып келгенбиз. Акыркы эки айда чуркоо боюнча машыгууларыбыздын планын бир аз өзгөртүп, Пара Азия оюндарына даярданып баштаганбыз. Негизи Пара Азия оюндарына каалаган эле спортчу бара албайт. Олимпиада оюндары сыяктуу эле ага алгач көрсөтүлгөн нормативди тапшырып, анан жолдомо алыш керек. Эл аралык параолимпиадалык комитеттин эрежеси боюнча ар бир оюнда бир жаңы спортчуга катышууга мүмкүнчүлүк берилет. Мен ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланып жаңы оюнчу болуп катыштым. Атаандаштарым тажрыйбалуу спортчулар экен. Беттештер мен үчүн оор өттү. Азыркы жыйынтык менин жыйынтыгым эмес болчу. Даярданып жаткандагы көрсөткүчкө жете алган жокмун. Ал жактагы климат абдан терс таасирин тийгизди.

Г.: – Бир жарым чакырым аралыкта көзү азиз айымдар арасындагы мелдешке катышып, коло медаль тагындым. Жыйынтык ойдогудай болбой калды. Бул жакта машыгууларда бул аралыкты басып өткөн эң жакшы көрсөткүчүм 6 мүнөт 10 секунд болгон эле, ал жакта 6 мүнөт 31 секунд болуп калды. Ооба, Кытайдагы климат бир аз терс таасирин тийгизди. Аба ырайы абдан ысык болду. Анын үстүнө старттын алдында ооруп дагы калдым. Ошол себептен да өзүбүз күткөн жыйынтыкка жете албай калдык окшойт.

– Сиздерди жарыш аянтчасында коштогон инсандар тууралуу кеп кылбасак болбос.

Ж.: – Албетте, алардын мээнети чоң. Биз көзү азиздер категориясында болгондуктан жип кармап чуркайбыз. Мени триатлончу Артём Шапелов деген коштоду. Ал абдан күчтүү бала, андан эч кандай кемчилик кеткен жок. Ал жумушун абдан жакшы аткарды. Ага чоң рахмат айтам, себеби ал болбосо бул жетишкендик болмок эмес.

Г.: – Мени Даниэл Жээнбеков деген бала коштоду. Ал машыгуулардан тартып мен басып өткөн жолду чогуу басып өттү. Мелдеште эрежелерди так аткарып, марага жеттик. Негизи бул адамдарсыз биз аралыкты өзүбүз чуркап өтө албайбыз. Бизди коштогон адамдар биздин көзүбүз.

– Кыргыз азиздер федерациясында кандай иштерди жасап келесиздер?

Г.: – Биз параолимпиадалык оюндардын катарына кирген спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө аракет кылып ар кандай коомдук иштерди өткөрүп келебиз. Биздин 8 бүтүрүүчүбүз пара дзюдо курама командасында мүчө, булар азыркы тапта жакшы көрсөткүчкө жетишип жаткандар. Жеңил атлетикада 15 балабыз бар. Азыркы учурда футболду өнүктүрөлү деп жатабыз. Буюрса, 16 жаштан өйдө карай бир команда топтолуп калды.

– Демек, пара спортту өнүктүрүүгө, спортчуларды даярдоого сиздердин салымыңыздар чоң экен да?

– Пара Азия оюндарына бул жолу көзү азиз спортчулар көп катышты. Жалпысынан 11 көзү азиз спортчу барды. Жакшы көрсөткүчтөргө жетишип жаткан спортчулардын баары биздин реабилитациялык окуубуздан өтүшкөн. Ал жакта 6 айдын ичинде балдарды өз алдынча жашоого, ошону менен бирге сергек жашоого үйрөтөбүз. Кандай мүмкүнчүлүктөр бар, жол көрсөтүп беребиз. Балдар чуркоо, күрөш, сууда сүзүү боюнча машыгууну ошол реабилитациялык борбордо жүргөндө башташат. Өзүн андан ары ошол спортто көрсөтүүнү каалагандар машыгууларын улантышат. Спортту жетиштүү өздөштүрүп, Пара Азия оюндарына катышуу бул биздин көп жылдык кыялыбыз, максатыбыз болчу. 10 жыл мурун көзү көрбөгөндөрдү спорт менен машыктырмак турсун, эшикке алып чыгып бастыруу кыйын эле да. Көптөгөн кыйынчылыктарды басып өтүп ушул күнгө жеттик. Спорт менен жаңы машыгып баштаганда бизди бассейндерге киргизчү эмес, машыктыруучулар бизди “кантип чуркап, кантип машыгасыңар?” деп, кабыл алчу эмес.

– Сиз өзүңүз качантан бери чуркоо менен алектенесиз?

Г.: – Мага 2010-жылы Матсуда Сан деген адам көзү көрбөгөн адамдар чуркаса болорун көрсөткөндө таң калгам. Ошондо менде дагы ошондой мүмкүнчүлүк бар экенине ишенгем. Ошондон кийин борбордогуларга бирөөнүн коштоосунда чуркаганды баштайбыз десем, баары ишенген эмес. Жалалдин дагы “кантип чуркамак элек, мен чуркабайм” деген. Бүгүн баарыбыз көптөгөн ийгиликтерди жаратып отурабыз. Жалалдиндин алдынкы лидерлерден болуп жатканына сыймыктанам. Ошол кезде бизге ишенип, машыктырган машыктыруучуларга ыраазычылык билдирем.

– Ушундай жолду басып өтүп, Пара Азия оюндарында катары менен ийгиликтер жаралып жатканда кандай сезимдер болду?

Г.: – Жалалдин күмүш медалга ээ болуп, аны улай эле Хайитхон Хусан кызы дзюдо боюнча алтын медаль утканда абдан толкундандым. Азыркы жетишкен ийгиликтерибиз биз үчүн чоң сүйүнүч. Бул нерсе бир нече жыл мурун менин башымдагы эле кыял болчу да. Ошондой эле Дастан Камчыбеков дагы сууда сүзүү боюнча жакшы жыйынтыкка жетишти. 14 спортчунун арасынан 5-орунду ээлөө – бул чоң жетишкендик.

– Дагы да көптөгөн жеңиштерди багынта бериңиздер.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1091, 3-9-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан