Эл арасында мындай анекдот айтылып келет: «Спермалардын баары аялдын урук клеткасын көздөй жарышып баратышат. Аларга жетпей артта калган алсыз уруктук эмне кыларын билбей: – Балдар, ал жакта бойго бүтүрбөөчү таблетка бар экен!- деп кыйкырат. Муну угары менен уруктуктар дароо артка кайтышат. Тиги уруктук убакыттан пайдаланып жумуртка клеткага жетип, чемпион аталыптыр».
Көрсө, бул жарыкка келген адамдардын баары тубаса «чемпион» болот турбайбы. Ушул чемпиондукка ат салышкан «талапкерлердин» жашоосуна баш багып көрөлү.
САНЫ
Эркек балдар 9-13 жашынан кийин гана бел суусу кадимкидей калыптанып, төшөк кумарына бата алышат. Кумарга батып жүргөн эркектин организминде күнүнө 70-150 миллионго чейин сперматозоиддер иштелип чыгат.
Эркектин бир таштаган бел суусунда 4 миллиондон ашык, жыныс кындын учунда эле 3 миллионго чукул уруктук болот. Анын ичинен бирөөсү гана аялдын урук клеткасына жетип, аны менен куюлушуп уруктана алат. Калганы «өлүп» жок болот.
Уруктуктун саны оргазмга да байланыштуу. Эркек уругун түшүргөн сайын анын саны азайып турат. Эгер күнүгө бир нече жолу кумарга батса, уругу бойго бүтүрүүгө жарабайт. Анткени аз убакыт ичинде уруктар толук өсүп-өөрчүгөнгө жетишпейт.
Мындан сырткары тар, чапташкан ич кийимдер да уруктуктун санына таасир тийгизет. Тар ич кийим кан айланууну начарлатып, уруктуктар аз санда өөрчүйт.
САПАТЫ
Америкалык окумуштуу Ричард Левин жай жана күз мезгилинде эркектин урук клеткалары өзгөрөрүн айткан. Жай мезгилинде суюлса, күз мезгилинде коюуланып, сапаты жакшырат экен. Анткени күз айларында адамдын организми пайдалуу витаминдерге, заттарга толуп турган кез болот. Ал эми жайкысын күн жерге жакын тийгендиктен, анын зыяндуу нурлары бел сууга өз таасирин тийгизбей койбойт.
Мындан сырткары эркек 7-10 күндүн ичинде төшөк кумарына батпай карманып жүрө берсе, бел суунун сапаты начарлап, бойго бүтүрүү деңгээли төмөндөйт.
ТҮСҮ
Эрендиктин өңүнө карап эркектин жыныстык катнашта качан болгонун да билүүгө болот. Эгер эрендик саргыч, коюу болсо, анда ал эркек көптөн бери жыныстык катнашта боло элегинен кабар берет. А эгер анын өңү агыш болсо, жакында эле кумарга батканын билүүгө болот.
ЖЫТЫ
Эркектердин уругу жеген тамагына байланыштуу. Мисалы, ачуу тамактарды, сарымсак, пияз жана башкаларды жегенде эрендиктин жыты бир аз жагымсыз болот. Ал эми кумарга батардан эки саат мурун лимондун ширесинен ичип койсо, эрендиктин жыты лимон жыттанып калат.
КОСМЕТИКАЛЫК КАРАЖАТ КАТАРЫ
Кээ бир айымдар бел сууну терини жашартуучу маска катары колдонушат. Чындыгында, бел суу пайдалуу элементтерге бай. Бирок масканын бул түрү баарына эле жага бербейт. Аллергия жаратышы мүмкүн.
БЕЛ СУУНУ САТЫШАБЫ?
Учурда жер-жерлерде бел сууну донор катары алуучу атайын жайлар, банктар иштейт. Адистердин айтуусунда, донор катары 18-35 жаштагы үй-бүлөлүү, экиден кем эмес баласы бар, сапаттуу бел суунун ээси гана кабыл алынат экен. Мисалы, жакында эле британиялык дарыгерлер лондондук Гарри Мозердин бир эле учурда 150 грамм бел суу түшүрөрүн аныкташып, дароо сапаттуу бел суунун донорлук кызматына сунушташкан.
ЭРКЕКТЕРДИН ЭСИНЕ!
1. Мас абалда махабаттын туу чокусуна чыгам деп ээликпеңиз. Өпкө мындай чыңалуудан өтө катуу зыян тартат.
2. Кумарга батар алдында жана баткандан соң оор жумуш кылуудан качыңыз. Анткени «аттырганда» организмге өтө көп энергия керектелет.
3. Жыныстык катнашка баруу алдында күч болот деп курсакты нык тойгузуп албаңыз. Ал ашказанга, боорго жана жыныс бездерине зыян. Ач карын кумарга батсаңыз, бардык энергия моокум кандырууга багытталып, ток кездегиден алда канча көп ырахат аласыз.
4. Кумарга баткан соң дароо муздак сууга жуунууга болбойт. Муздак суу «эптеп топтогон» энергияңызды жууп кетет.
5. «Секс – стресстен арылтат» дегенге ишенбеңиз. Капаланып, ооруп же нервиңиз чыңалып турганда төшөк оюнуна барбай эле койгонуңуз оң. Мындай учурдагы секс олуттуу ооруну пайда кылышы ыктымал.
6. Табигый секс таттуу болот. Андыктан «иниңиз» ишенимдүү болсо, эротикалык «оюнчуктарды» колдонбой эле коюңуз.
7. Дүүлүгүү үчүн тасмадагы эротикалык ыкмаларды колдонууга көп аракет жасабаган жакшы. Секс акыл оюнуна айланганда, эркек эч качан махабаттын туу чокусуна чыгып, чыныгы жыргалды тата албайт. Ырахат алуу үчүн жан дили менен берилип кошулуу талап кылынат.
8. Жыныстык катнашка кадимки тойго даярдангандай кам көрүп, өнөктөшүңүздү алгач эритип алыңыз. Секстин санына эмес, сезимдин сапатына маани берүү абзел.
Эротикалык кабарлардан
СЕКСКЕ 94 ЖАШ ТОСКООЛ ЭМЕС!
Индиянын 94 жаштагы тургуну, дыйкан Рамаджит Рагав бир түндө 3 жолу кумарга батып, алтургай балалуу болгонго да жетишиптир. “Буга чейин үйлөнгөн эмесмин. Учурда аялымды түнү менен моокумун кандырууга алым жетет. Азыр балабызга карап төшөк оюнун убактылуу токтотконбуз”,- дейт Рамаджит. Анын 50 жаштагы аялы “жолдошум төшөктө 25 жаштагы жигиттен да мыкты. Күндүз 10 саат бою жер иштетсе, түнү менен мени кумардын туу чокусуна алып чыгат. Ошондой эле ал мыкты ата”,- деп кошумчалайт.
“PLAYBOYДУН” ЭКС-МОДЕЛИ ЭМИ ПРЕЗИДЕНТ
"Payboy” журналынын экс-модели 33 жаштагы Изабелла Лукомская-Пыжальская Польшанын “Варта” футболдук клубунун президенти болду. Ал келери менен клубга кир жуучу машина жана формаларын кургатуучу жабдык белек кылды. Мындан сырткары футбол күйөрмандарына клубдун жазгы оюндарына кирүүнү жана сувенир, суусундуктарды бекер кылууну пландап жатат.
АКТЁРДОН ЭРОТИКАЛЫК ЫРЛАР
4 жылдан бери жалаң порно тасмаларга тартылып жүргөн актёр Александр Пистолетов мындан ары өзүн ырчы катары сынап көрүүнү чечти. Учурда ал 20дан ашык эротикалык ыр жаздырып, 3 клип тартты. Ырларын стриптиз бийчилери менен аткарып, энеден туума жылаңачтанып алып бийлешет экен.
БЕКЕР КИЙИНГИҢ КЕЛСЕ БАРСЕЛОНАГА БАР
Испаниянын ич кийимдер сатуучу “Desigual” дүкөндөр тармагы “Жылаңач кирип, баштан аяк кийинип чык” деген девиз менен акция өткөрүп жатат. Дүкөнгө кирген алгачкы 100 кардар баштан аяк бекер кийинет экен. Бул акция Нью-Йоркто жана Мадридде ийгиликтүү өттү. Эмки кезек Барселонада.
25 ЖАШТАГЫ ЖИГИТ 13 БАЛАНЫН АТАСЫ
Америкалык Кейт Макдональд 14 жашынан бери талыкпастан ата болуп келе жатат. Эч жерде иштебейт. Учурда 13-баласын күтүп жаткан Кейт: “Буга өзүмдү күнөөлөбөйм. Дайыма презерватив колдоном. Бирок дайыма айрылып кетет. Төшөктө кыздар кызыктай оюндарды ойношот. Аларга түшүнбөйм”,- дейт. Учурда Кейттин дос кыздары фейсбуктан бири-бири менен урушуп жаткан учуру.
Астра Айдарова
erotika@super.kg