ЭТНОПЕДАГОГИКА: ОЮН АРКЫЛУУ БАЛА КАНТИП ТАРБИЯЛАНАТ?

Телефондун жашообузга сиңиши менен балдардын тарбиясына, алардын акыл-эсинин, дене мүчөсүнүн өсүп-өнүгүүсүнө жетиштүү көңүл бурулбай жаткандай. Оюн деп эшикке шашкан бала азайып, көпчүлүгү үйдө телефон менен алек. Эске тутуусу, дүйнөгө кызыгуусу улам начарлап жатканын адистер да эскертип жатышат. Башка элди мындай коёлу, өз ата-бабабыз балдардын акыл-эсин, эске тутуусун, ой жүгүртүүсүн өстүрүү үчүн кандай ыкмаларды колдонгон? Аларды азыркы ата-эне, бала билеби? Педагогика илимдеринин доктуру Сулайман Рысбаев менен бирге ушул тема боюнча макала даярдадык.

“Жеңил-желпи нерсеге ооп баратабыз”

– Балага өзүн, жакындарын, айлана-чөйрөнү таанытуу, ага аяр мамиле жасоого үйрөтүү милдети ата-энеде. Мурун илим-техника мынчалык өнүгө электе балдар бешик ырын угуп, кийин манжа оюну, чүкө оюну, беш таш, жашынмак, жоолук таштамай сыяктуу улуттук оюндар менен дүйнө таанып, көңүл ачып, тарбия да ала беришкен да. Азыркы көпчүлүк ата-эне төрөлгөндөн кийин эле телефон көрсөтүп, өзү түгөнбөгөн түйшүк менен алек болуп бала унутта калууда. Улуттук баалуулуктарыбыз унутулуп, жеңил-желпи нерсеге ооп баратабыз. Балага кам көргөнүбүз – келечекке кам көргөнүбүз. Ошондуктан элдик педагогикабызга кайрылып, андагы оюн-ырлардын жардамы менен баланын эрте курактагы акыл-эсин, ой жүгүртүүсүн, эске тутуусун өнүктүрүүгө аракет кылсак жакшы болмок.

Негизи этнопедагогикада балдардын жаш өзгөчөлүгүнө карай ойнолуучу оюн, ырларды бөлүп карайбыз. Салт оюндары, акыл оюндары, чүкө оюндары, ат оюндары деп. Булардын арасынан салт оюн-ырлары кенже курактагы балдарга арналат.

“1 жаштан тартып оюндарды үйрөтүп башташкан”

– Мектепке чейинки курак баланын адам катары калыптанышындагы маанилүү курак. Ошондуктан кыргыздар бала бир жаштан өтө баштагандан тартып балдардын аң сезимин өстүрүүгө көмөк берүүчү, турмуштук көз карашын калыптандыруучу оюндарды үйрөтүп баштаган. Ошондой эле эне-атанын же улуулардын наристеге мээрими, сүйүүсү, ой-тилеги элдик педагогикадагы кыска оюн-ырларда чагылдырылат. Ата-эне менен баланын ортосундагы эмоционалдык байланышты чыңдайт. Алгач эле бешик ыры менен, андан кийин тай-тай бөбөк деген ырларда ата-эненин тилеги айтылып келет. Бирок буларды азыр жатка билгендер аз болуп жатпайбы. Мына көйгөй ушунда турат. “Быйты-быйты” же “Буудай куур, арпа куур” деген оюнду алсак:

Сол колуңду соз бери, алаканың тос бери

Буудай куур, буудай куур, ысып кетсе чыдай тур.

Бир тоголок буудайы колго түшүп кетти го,

Тоголонгон боюнча колтугуна жетти го...

Быйты-быйты, быйты-быйты,- деп баланы колтугунан кытыгылап күлдүрөт, сооротот. Муну менен бири-бирине мамилеси бекемделет, сүйүү сезими күчөйт. Ыргак менен айтылган ырга баланын көңүлү түшүп, кийин куюлуштуруп, көркөм сүйлөөгө ынтызар болот. Көрдүңүзбү, оюн менен эле бала ар тараптан өсүп жатат.

Сал билек

– Ал эми бөбөктү эркелетип жатып:

Сал, сал, сал билек

Сары майга мал билек

Кунан койду сой билек

Куйругуна той билек

Коён эки, кош билек

Кошкон майга той билек,- деп балага колуна көнүгүү жасатып, ошону менен бирге колдун мааниси, кызматы түшүндүрүлгөн.

Манжа оюну

– Бала тили чыгып калгандан кийин өзүн-өзү таанып баштаганда манжа оюну ойнолот. Бул оюн менен бала манжаларынын аталышын билип, бир нерсеге кунт коё билгенди үйрөнөт.

Баш бармак,

Бадал иймек,

Ортон оймок,

Оюу чиймек.

Баш бармак – башта,

Сөөмөй көрсөт.

Ортон – мерген,

Аты жок – чечен,

Чыпалак – бөбөк,- деп манжаларын ачып-жумуп ойнотулат. Мындай оозеки айтылып калган ырларды ойноп үйрөтүп койсо аны бала бат жаттап калып, эс-тутуму жакшырат. Ошондой эле оң менен солду айырмалоого үйрөткөн:

Канакей, оң бут?

Канакей, сол бут?

Мынакей, оң бут,

Мынакей, сол бут.

Же дагы:

Оң бут чуркап куурай терип келсин,

Сол бут чуркап суу алып келсин,- деген уйкаш саптар бир нече. Бардык эле улуттарда балдарга арналган оюндардын мааниси, кызматы окшош эле. Балага ыр үйрөтүп коёюн деген максатта интернетти казып жаткандарга булар шпаргалка болуп берсе керек. Анткени жаттаганга оңой, кызыктуу, өз турмушубуздагы, маданиятыбыздагы оозеки байлык.

Санак жана жаратылыш менен таанышуу

– Булардан соң 3-4кө чыгып калганда сандарды, айлана-чөйрөнү тааныткан, жан-жаныбарларга, жаратылыш кубулуштарына арналган оюн-ырлар бар.

Бирим, эким

Жер оодарып эгин эктим.

Үчүм, төртүм

Кампа толо түшүм төктүм.

Бешим, алтым

Ак эмгектен бакыт таптым

Сынак жетти, мына жети

Иштеп көнгүн, өсүп-өнгүн.

Бул курактагы оюн-ырларда көбүнчө эмгекке тарбиялоо максаты камтылган. Жашоо жеңилдеген сайын адамдагы кыймыл азайып жатпайбы, бул балдарда да байкалат. Энергияга толуп турган убагын оюн, кыймыл менен өткөрсө акыл-эс, физикалык турпатына да жакшы. Ал эми балдар менен чогуу ойноо менен мамиле жакындайт.

Каак-каак каргалар,

Камыш түбүн корголор

Эшимбектин эки кыз

Эшек минип жорголор

Эшигине корголор,- деген ырлар азыркы учурга да ылайыктуу. Бул курактарда балдардын жаман жоруктарын жоюу максатында айтылган "ыйлаак, ыйлаак, иттин жонун тырмаак" деген сыяктуу чымчыкейлер да айтылган.

Мисалы,

Мындай ырларды эл арасынан 5 жыл бою чогулттум. Чогултуп коюу бир чоң иш болсо, унутта калып бараткан мындай оюн-ырларды жайылтуу чоң иш. Көпчүлүк жаштар мындай улуттук оюн-ырлардан кабары жок болуп жатат. Мындай оюн-ырлар жаратылышка эле эмес, коомго болгон мамилени, улуттук турмуш-тиричиликти, менталитетти калыптандырат.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1091, 3-9-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан