Байэл Орозматов: “СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ ЫРЧЫЛЫКТА ТУШООҢДУ КЕСИП БЕРЕМ ДЕДИ”

“Эл ичи – өнөр кенчи”. Социалдык тармактардын өнүгүүсү эл ичиндеги таланттардын таанылуусуна жакшы шарт түзүп берип жатат. Тойдо ырдаган бир ыры интернет желесине тарап популярдуу болгондордун бири – Байэл Орозматов. Анын жакында Сыймык Бейшекеевдин Ошто өтчү концертинде ырчылыктагы тушоосу кесилип, элге тааныштырылганы турат. Мындай колдоого кубанып, толкунданып турган Байэл чыгармачылыкка кызыгуусу, кыялдары жөнүндө айтып берди.

– Байэл, салам! Канчанчы класста окуйсуң?

– Саламатсызбы? Мен Таш-Көмүр шаарында 8-класста окуйм. 13 жаштамын.

– Окууларың жакшыбы?

– Ооба, жакшы. Чейректер чыга баштады. Жалаң 4-5 чыгып жатат сабактардан. Мага кыргыз адабияты, кыргыз тили, физика сабактары жагат. Бул сабактардан 5 чыкты.

– Окуудан башка эмне менен алектенесиң?

– Комуз ийримине барам, тойлорго барып ырдайм. Андан тышкары, мал карайм, үйдөгү жумуштарды жасайм. Апам жумушта болуп бошобой калат. Агам, иним болуп үйдөгү жумуштарды, тамак жасай беребиз.

– Тойлорго чакыруулар көппү?

– Тойго кээде чакырып калышат. Апам сүйлөшүп, алып барат. Тойго барганда “Энекем”, “Айылым” деген ырларды көп суранышат. “Хит ырларды ырдачы” дешет. Ырдаганда “Жакшы ырдайт экенсиң, үнүң жакшы экен” деп макташат. Каалоо-тилек айтып, бата беришет. Жаныма келип сүрөткө түшүшөт. Мага тойго барган, эл алдына чыгып ырдаган жагат.

– Ырдаганга качан кызыга баштадың эле?

– 5 жашымдан баштап ырдап баштагам. Чоң таятам залкар комузчу жана аткаруучу Ниязалы Борош уулу болот. Талант тай жагымдан өткөн болуш керек. 5 жашымдан эле ырдаганга кызыккам. Мектепте да активдүүмүн, маданий иш-чараларда ырдайм. Ырдап сынактарга да катышып жүрөм. “Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам” деген сынакка катышкам. Таш-Көмүрдөн утуп Жалал-Абадга, Жалал-Абаддан утуп Бишкекке баргам. Бишкектен республика боюнча баш байгени алгам. Бул сынакта Рыспай Абдыкадыровдун “Сагындым туулган жер сени” деген ырын ырдагам.

– Негизи кандай ырлар жагат?

– Мага эски ырлар жагат. Рыспай Абдыкадыровдун, Сыймык Бейшекеевдин, Гүлжигит Сатыбеков агаларыбыздын ырлары жагат. Ыр тандоо жагынан бөлөм да жардам берет. “Ушул ыр сага жарашат, туура келет” деп тандап берет. Анын кеңешин угам. Бир тууган байкем дагы кээде кеңешин берип калат. Үйдө 3 бир тууганбыз. Байкем, иним бар. Иним күрөшкө катышат.

– Азыркы заманбап ырлардычы, угасыңбы?

– Көп укпайм. Мага көбүрөөк эски ырлар жагат.

– Интернетте кантип популярдуу болуп калдың анан?

– Бир тойдо ырдаган болчумун. Ошондо эже, байкелер видеого тартышкан. Алар видеолорду жүктөп, ошону менен тарап, көптөргө жагып, жакшы комментарийлерди жазышыптыр. Ошентип тарап кетти, таанылып калдым. Видео тарап, популярдуу болуп кеткенимди апам айтты. Апам дайыма Тиктокко кирет да. Ошондо Тиктокту ачса эле менин ырдаганым чыгыптыр. Мен сүйүндүм. Катталуучуларым көбөйүп, жарнамага буюртмалар түшө баштады.

– Комментарийлерди окуп турасыңбы?

– Ооба. “Азаматсың, көз тийбесин” деп жазышат. Көбүнчө комментарийлерди апам окуйт. Окуп алып сүйүнүп, мени “өмүрлүү бол” деп алкайт.

– Таанымал адамдардан кимдер байланышты?

– Кубаныч Баркалбасов менен сүйлөшкөм. Мен ага өзүм жазып, ырын сурагам. “Айылым” деген ырыңызды ырдай берейинби?” десем, “макул, ырдай бер, бул ырды сага бердим” деген. Мирбек Атабеков лайк басып, комментарий жазган. Жана башка ырчылар да жакшы сөздөрдү жазышты. Сыймык Бейшекеев байланышып, окууларымды сурады. “Ошко концерт берип барам. Ошол жерде элден бата алып тушооңду кесип берем” деп айтты. 21-ноябрда болот ал концерт. Даярданып жатам, толкундануу дагы бар. Концертте “Энекем”, “Арзуу” деген ырларды ырдайм.

– Таанылып, интервью берип баштаганыңда классташтарың, айылдагылар эмне деп жатышат?

“Сени көрүп кубанып жатабыз” дешет. Сүрөткө түшүшөт.

– Кандай кыялдарың бар?

– Сыймык Бейшекеев агабыздай чоң ырчы болгум келет. Байлыкка кызыкпайм. Ырчы, актёр, блогер болгум келет. Актёрлордон Аскат Сулайманов, Самат Эркинбеков жагат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1091, 3-9-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан