"ЖУБАЙЫМ КЕЧИРЕ АЛБАЙ КОЙДУ”

– Жашоодо жаңылбаган адам болбойт. Мен да жаңылдым, болгондо да катуу жаңылдым. Жубайымдын баркын билбей, көңүлүн калтырып алдым. Жубайым экөөбүз чоң сүйүү менен баш кошконбуз. Жакшы жашап, 3 балалуу болдук. Базарда контейнер иштетчү элек. Ишибиз жакшы жүрүшүп жатып эле, бир күнү банкрот болуп калдык. Анан экөөбүз тең эмне кыларыбызды билбей ары чуркап, бери чуркап, “күйгөн” акчаларыбыздын ордун толтура албай, батирибизди, болгон баалуу буюмдарыбызды сатып отуруп бердик. Бирок дагы да карыздарыбыз бар болчу. Балдарды окутуп, кийинтип, курсагын тойгузуш керек эле. Акыры бир чечимге келдик. Жубайым тааныштары аркылуу Европага барып иштемей болду. Мен бул жакта иштеп, балдарды карай турган болдум. Жубайым кетти. Көп жыл ал жакта иштеп карыздардан кутулдук, андан сырткары бир чоң үй куруп, 1 батир алдык. Ошондо анан жубайым Кыргызстанга биротоло келмей болду. Ошондогу кабатырлануумду сурабай эле койгула. Мындан ары жашообуз 180 градуска өзгөрөрүн билип турдум, бирок айла жок эле. Жубайымды колумдагы 2 жашар балам менен тосуп алдым.

– Кимдин баласын көтөрүп алгансың?- эч нерседен кабары жок жубайым баланы карап жылмайып койду. Мен болсо эмне дээримди, кандай айтышымды билбей алдастап калдым.

– Ата, айтпайсызбы,- деди улуу балам бир маалда. Балдарым баарын билишчү. Анткени ал баламды үйгө көп эле жолу алып келгем. 2 жашар Ариетиме улуу балдарым көнүп, жакшы көрүп да калышкан. Мен кичинекей баламды үйгө алып келип, тааныштырайын деген оюм жок болчу. Бирок анын апасы ушуну каалады. Канчалык каршы болгонума карабай баланы менин үйүмө алып келип, дарбазадан киргизип коюп кетип калчу. Анан 2 жашар баланы көчөдө калтырмак белем? Үйгө алып кирип карап, балдарга каратып жүрдүм. Кийин ачыгын айтып бердим аларга. Балдарым Ариетке көнүп, жакшы көрүп калышкандыктан катуу каршылык көрсөтүп, “үйгө келбесин” дей алышкан жок. Апасына айтпай туруу тууралуу баарыбыз сүйлөшүп алганбыз. Эми минтип айта турган мезгил келди. Ариетим эч нерседен кабары жок колумда уктап жатат.

– Айтпайсыңарбы? Үйдө конок барбы?

– Жок, апа...- балам сүйлөп баштаганда мен токтотуп калдым.

– Алтын, жүрү, экөбүз сүйлөшүп келели,- аны сыртка алып чыктым.

– Алтын, алтыным, жарыгым, сени жакшы көрөм, билесиң. Бирок ушундай абал болуп калды. Ариет менин балам.

Ошондогу жубайымдын бетиндеги таң калууну, түшүнбөстүктү көрүп кирерге жер таппай калдым.

– Эмне дейсиң? Кайсы Ариет? Кандайча менин балам? Ии, бетим, тиги уктап жаткан сенин балаңбы?

Баарын түшүнгөндөн кийинки көзүндөгү көңүл калуу, жек көрүү, айласыздыкты көрүп өлүп эле калгым келди. Көзүнө тегеренген жаш менен уктоочу бөлмөгө кирип кетти да, бөлмөдөн эртеси күнгө чейин чыккан жок. Эртеси күнү бөлмөдөн чыкты да:

– Өмүрбек, ажырашалы. Үйлөр менде калат. Сен кайда барсаң, ким менен жашасаң өзүң бил,- деди. Мен ага кантип сүйлөй алмак элем. Баламды көтөрүп үйдөн чыгып кеттим. Ариеттин апасы кичинекей бир бөлмөлүү батирди ижарага алып жашачу. Ошол жакка бардым, экөөбүз жашап жүрдүк. Ал ичимдикке жакын неме эле, ага кошулуп мен да ичип, экөөбүз күндө чогуу ичип жүрүп балабыз да жакшы каралбай калды. Күндөр, жылдар өтүп жатты. Ариет болсо чоңоюп келе жатты. Апасы экөөбүздүн жашообузда эч өзгөрүү болгон жок. 5 жылдай жашагандан кийин чогуу жашаган аялым башка бирөөнү ээрчитип келип, “сен чыгып кет, мен муну менен жашайм” дебеспи. Үй меники эмес болчу, мен анын үстүнө кирип алгам да, андыктан каршылыгы жок эле чыгып кеттим. Ариетти алып калды. Улуу балам менен сүйлөшүп турчумун. Ага чалсам, үйгө ээрчитип барды, апасы экөөбүздү жараштырганга аракет кылды. Алтын кууп чыккан жок, бирок үйгө да киргизген жок.

– Сыртта топчанда, сарайда же эски времянкада жашасаң болот. Бирок үйгө киргизбейм,- деп койду. Ошентип 2 жылдан бери бир короонун ичинде, бирок эки бөлөк жашайбыз. Чоочун бирөөнүн батиринде жашагандай эле абал. Жубайым мен жасаган кыянаттыкты кечире алган жок...

Өмүрбек

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1091, 3-9-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан