ЭЛИРМЕ - түндө уктап жатып басып кетүү

Уктап жаткан абалында төшөктөн туруп басып кете тургандар тууралуу уксаңыз керек. Андай адамдар атүгүл ошол абалында үстүндөгү кийимин оңдоп-түзөп, ашканага барып идиш жууп же дагы башка бир нерселерди жасашы мүмкүн. Андайлар илгертен “лунатиктер” же элирмелер деп аталып келет. Бул илдет эмнеден улам жаралат жана аны сөзсүз дарылоо керекпи? Балдар неврологу Айзат Мамасыдыкова айтып берет.

Нервдик чыңалууда жаралып, өнөкөткө айланат

– Илгери толгон ай адамдын психикасына терс таасир этет, андыктан айрымдар уктап жаткан абалында басып кетет деп эсептешкен. Ошондон улам “лунатик”, “лунатизм” терминдери жаралган. Лунатизм болсо “luna”- ай деген сөздөн келип чыккан. Бирок окумуштуулар изилдегендей, аталган ооруга айдын тиешеси жок. Дүйнөдөгү адамдардын 4-5 пайызы ушул илдеттен жабыр тартат.

Лунатизм дарты медицинада “сомнамбулизм” деп аталат. Латын тилинен которгондо “sommus” – уйку, “ambulo” – басуу дегенди түшүндүрөт. Бул дарт кыргыздарда элирме деп аталат. Буга көбүнчө жаш балдар чалдыгышат, чоңдордо өтө аз кездешет. Оору адам жыныстык жактан жетилип, бой жеткенде өзүнөн-өзү калып кетет.

Адатта, дарт нервдик чыңалуудан жаралып, өнөкөткө айланып кетет. Бир нерседен коркуп калганда, катуу чарчаганда, уктоо режими бузулганда, стресске тушукканда, коркунучтуу кино көргөндө, башынан жаракат алганда, ата-энесин сагынып катуу куса болгондо көбүрөөк кармайт. Айрым дары-дармектердин терс таасиринен болушу да ыктымал. Мындай адаты бар балдар психикалык жактан сак-саламат деп саналат.

Баарын жүрөгүнө жакын кабыл алып, айтылгандарды жана уккандарын узакка унута албаган, бат чарчап кала турган балдарда көбүрөөк кездешет. Эгер чоңойгондо деле калбаса, анда ал талма оорусунун белгиси катары каралат.

Чоңдордо дарт инсульттан, баштын жаракатынан, талмадан улам жаралышы мүмкүн.

Түндө кайсы маалда кармайт?

– Адам уктаар замат жай уйку фазасы башталат. Ал 60-90 мүнөткө созулат. Бул аралыкта адам ары-бери оодарылып, булчуңдарынын кыймылы сакталат жана түш көрбөйт. Анан жай уйкунун орду тез уйку фазасы менен алмашат. Мында көз жана мурун булчуңдарынан тышкары денедеги бардык булчуңдар бошойт. Түш көрүү ушул фазада күтүлөт. Ошентип түн ичинде уйкунун фазалары бири-бирин алмаштырып турат. Элирме оорусу жай уйку фазасынын биринде кармайт. Орустун улуу физиологу Иван Павловдун: “Уйку кезинде мээнин чоң жарым шарынын кабыгында жана анын кабык астындагы бөлүктө (мээ менен кабыктын ортосунда жайгашып, адамдын реакциясына, булчуң тонустарына жооп берүүчү бөлүк) тормоздолуу жүрөт. Ал эми сомнамбулизмде тормоздолуу мээнин чоң жарым шарынын кабыгында гана жүрүп, кабык астындагы бөлүккө таркабайт. Адамдын реакциясы, булчуң тонустары (кыймылы) ошо бойдон калат. Сомнамбулизм ушул уйку-соо абалында, жай уйку фазасында жаралат”,- деп айтканы бар. Айрым окумуштуулар лунатизмди “мээ денени ойготкон, бирок уйку улана берген абал” деп сүрөттөшөт.

Оору кармаган учурда...

– Элирүү бир нече мүнөттөн бир саатка чейин созулушу мүмкүн. Ойгонгондо эсинде эч нерсе калбайт. Элирмеси бар адамдар түндө уктап жаткан жеринен туруп алып, ар түрдүү кыймыл-аракеттерди, иштерди максатсыз түрдө эле жасашат. Көзү ачык жүргөнү менен, өзү уйкуда болот. Көз чарасы кыймылдабайт, эмоциясы жок.

Эмне кылып жатышкандыктарын билбейт, сезбейт жана чөйрөсүндөгүлөрдү аңдабайт. Башкача айтканда, күндүзү кылып жүргөн көндүм кыймыл, иштерди автоматтык түрдө жасай беришет. Суроо берсең жооп берет же ойду-тоону сүйлөп коёт.

Мисалы, керебетинде туруп отуруп, бир нерселерди сүйлөп, кайра жатып калуусу мүмкүн. Же туруп кийинип, алдыдагы тоскоолдуктарды айланып өтүп сыртка чыгып кетүүсү, ойношу ыктымал. Эшик, терезелерди ачууга аракет кылышат. Невропатологдордун тажрыйбасында шкафтагы кийимдерин иреттегендер, идиш жуугандар, унаасына барып отуруп алгандар, балкондон, терезеден кулап кеткендер, тамак жасайм деп колун күйгүзүп алгандар да кезигет. Жип менен байлап койсо аны чечип сыртка чыгып кете тургандар да бар. “Лунатиктердин” оорусу кармаганда коркуу, сезүү сезими жоголот, ошондуктан күндүз жасоодон корккон нерсесин жасап салышат. Мисалы, бийикке чыгып кетүүсү мүмкүн.

Ошентип бир нерселерди кылган соң кайра ордуна келип же бирөөлөрдүн жанына барып, же сыртта эч нерсе болбогондой уктап калышат.

“Лунатиктерди” басып жүргөндө ойготуу бир топ кыйын. Анын ийнинен катуу тартып же катуу чымчыса, бир урса ойгонушу мүмкүн. Бирок ойгонгону менен эмне болуп жатканын, каерде жана кайсы убакыт экенин биле жана түшүнө албайт. Анткени нерви тормоздолгон абалда болот. Мажбурлап ойготкондо көбүнчө чочуп жана коркуп кетишет. Андыктан агрессивдүүлүгү кармайт, өзүнө коркунуч туулуп жатат деп кабыл алып, коргонууга аракеттенет. Диагноз

– Эгер балада оорунун белгилери байкалса, невропатологго же психотерапевтке алып баруу кажет. Алар ата-энесинен баланын жашоосу, мүнөзү, өнөкөт оорулары, элирмеси эмнеден улам козголорун жана башкалары боюнча сурап билишет. Оору тукум кууй тургандыктан ата-тегинде андай оорунун болгон же болбогонун да такташат. Диагноз үчүн башын электроэнцефалографияга тарттырып, окулисттен көзүнүн чарасын текшерүүдөн өткөртөт. Гормондордун деңгээлин билүүгө анализ тапшыртат. Анан жыйынтыктарга карап диагноз коюлат. Талманын белгилери билинсе анда дары-дармек менен дарылоо башталат. Белгилери жок болсо невропатолог каттоого алат, кеңештерин берет жана убак-убагы менен текшерип турат.

Дартты калтыруу жолдору

Балада талма оорусу жок болсо, анда аны элирмеге каршы дарылатуунун кажети жок. Төмөнкү кеңештер аркылуу анын оорусун калтырууга аракет кылууңуз зарыл:

Басып жүргөнүн көргөндө жулкулдатып же уруп ойготпой, акырын жетелеп барып ордуна жаткырыңыз

Сезимтал балдарга уктаар алдында нервди тынчтандыруучу чөп дарыларды ичирүүгө болот

Уктаарга 1-2 саат калганда баланы стресстен коргоп, компьютер, телевизор көрсөтпөө керек. Коркунучтуу кино көрүүсүнө жол бербеңиз

Бала жаракатка кабылбашы үчүн бөлмөсүндөгү кырдуу, учтуу, айнек буюмдарды чыгарып салуу сунушталат

Чалынып кулабашы үчүн полго электр узарткычтарын таштабай, бөлмөнү ичинен кулптап коюу кажет

Кулап кетүүнүн алдын алып терезени темир тор менен тосуңуз

Күндөлүк режимди сактатып, дайыма бир маалда уктатып, ойготуңуз

Сырттан же коңшу бөлмөдөн тийген жарык, ызы-чуу баланын нервин дүүлүктүрүп, уйкусун тынч кылбайт. Андыктан жарык тийбегидей, ызы-чуу угулбагыдай шарт түзүңүз

Уктаар алдында жылуу ваннага түшүрүү, таза абада сейилдетүү да жакшы жардам берет

Оору нервдик чыңалууда кармагандыктан мээрим төгүп мамиле жасаңыз.

Психотерапевтке алып барыңыз. Балдар ата-энесине айта албаган көйгөйлөрүн аларга айтышат. Ошентип, көйгөйүн, сырын билиңиз, маселесин чечиңиз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1091, 3-9-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан