Сагын Эргешов, ырчы: «ЖҮЗ ПАЙЫЗ СУЛУУМУН»

Бул жигитке кийимдин кайсы түрү болсо да жараша берет. Анан да “фотогеничный”. Ырчылыктан өз ордун таап келе жаткан Сагын Эргешов бул аптанын каарманы.

– Сагын мырза, куш келипсиз! Кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Куш келдик. Буюрса, телевидение, радио тармактарын кошуп алганда чыгармачылыкта жүргөнүмө 10 жылга жакындап калыптыр. 10 жылда эмнелерди жасап жетиштим, эмнелерге жетишпей калдым, алдыда кандай ийгиликтерди жаратканга мүмкүнчүлүгүм бар деп ойлонуп жүрөм. Жакында 17-ноябрда Спорт ордосунда өзүмдүн эң алгачкы тушоо кесүү концертимди бергени жатам, ошого даярданып жаткан учурум азыр.

– Сизди ырчы, алпаруучу, клиптердин каарманы катары таанышат. Көпчүлүк билбеген дагы кандай талантыңыз бар?

– Соода-сатыкка шыгым бар. Атам мага ушул нерсени көбүрөөк үйрөтүптүр. Эсимде, 4-классымда колума 600 сом берип, “ушуларды аласың” деп тизме жазып, “соодалашып, кайра келгенге жол киреңе, өзүңө бир нерсе алганга акча арттырып ал” деп базарга жиберген. Ошондо соодалашып, атам ойлогондон 2 эсе көп акча арттырып, үйгө азык-түлүк көтөрүп келгем. Азыр дос-тааныштар “базарга Сагын менен барыш керек” деп калышат.

– Артка кайтаргыңыз келген күн, учур?

– Бала кезде ата-энем, бир туугандарым менен чогуу жүргөн учур. Азыр өз алдымча жүрөм, кээде өзүмдү жарты адамдай сезип кетем. Кайтарып алганга мүмкүн болсо, атам менен бирге жүргөн бактылуу күндөрүмдү кайтарып алмакмын.

– Концертиңиздин датасы Студенттер күнүнө коюлуптур, студенттик күндөргө бир кылчайып көрөлү...

– Концерттин ал күнгө коюлганынын да себеби бар. 2014-жылы мектепти бүтүп, окууга тапшырам деп Бишкекке келдим. Үйдөгүлөр ошондо эле “тың, өзүнүн жашоосун өзү эптеп кетет” деп мага ишенген окшойт, мени шаарга жалгыз эле жөнөтүп жиберишкен. Ага чейин Бишкекке келген эмесмин. Бул жактан тосуп ала турган деле эч кимим жок болчу. Чоң шаарга келдим, эмнеден баштаарымды билбейм. Же таанышым жок. Ойлонуп, анан шаарды жөө кыдырмай болдум. Көчөнүн аттарын ошентип жаттадым. 3-4 күн катары менен 4-5 саат жөө, жалгыз шаар айландым. Анан Улуттук университеттин журналистика факультетине тапшырып коюп, кайра айылга кеттим. Сентябрда кайра шаарды кыйын билген кишидей келдим. Анан арзан батир издеп, 2000 сомго бир батир таптым. Ээси “баары жакшы” деген болчу, барсам, айнеги жок экен, жөн эле парда тартып коюптур. 2 айдын ижара акысын алдын ала төлөп койгом да. Айла жок, жашаш керек болду. Үшүсөм да чыдап жашадым. Терезеге одеало жаап жылуулап, кичинекей электр жылыткыч менен кыштан чыккам. Үйдөгүлөргө кыйналганымдын бирин да билгизген жокмун. Ал тургай баш жууганга шарты да жок эле, ошого карабай күнүгө университетке башымды жууп барат элем. Эмне азап дейм да, жөн эле шапка кийип бара бербейминби (күлүп).

– Балким, кыздарга жагыш керек болгондур?

– Балким, көйрөңүрөөк кезим окшойт. Азыр ал күндөрдү эстеп, өжөрлүк менен аз да болсо ийгиликтерге жетип жатам деп калам. Айылда өскөнүмө да сыймыктанып кетем, кичинебизден бардык нерсеге, турмуштун ачуу-таттуусуна чыдоого көнгөнбүз да.

– Каржы жагын кантчүсүз?

– Башында ата-энем каржылачу. Ай сайын акча салышчу, ошол акчаны үнөмдөп жеткизет элем. Студенттердей болуп клубга, майрамдарга деле барчу эмесмин. Кийин бир телеканалдын кастингине барып, өтүп кеттим. Негизи башында гонорар берилбейт да, мага студентсиң деп гонорар төлөп беришчү. Анан штатка кирип, кадимкидей айлыкка иштедим. Кийин кошумча радиодо да иштеп, өз тирилигимди өзүм кыла баштадым. Бакалаврдын 3 жылдык, магистратуранын 2 жылдык келишим акысын өзүм төлөдүм. Бир нерсе эсиме түшүп кетти, бир жолу келишим акы төлөөгө акчам жетпей калып, үйдөгүлөргө айтпай банктан 55 миң сом кредит алгам. Үйдөгүлөрдүн “кредит” дегенди укканда төбө чачы тик турат эле. Муну эми апам окуп алып күлөт болуш керек.

Кийинчерээк айылдан үйдөгүлөр 100-200 килограммдап күрүч салып жиберишчү болду. Ошону сатып, пайдасын өзүмө алып калып, күрүчтүн акчасын айылга салат элем. Анда “Аламүдүн” базары жакта жашачумун, соодагерлерге өткөрчүмүн. Дем алыш күндөрү Жалдагы жарманкеге да алып барчумун. Таң атпай шаардын бир четинен экинчи четине 30 килограммдык капты көтөрүнүп маршрутка менен барам. Маршрутка тыгылыш, “ары тартчы, бери тартчы” деп ар кимдин жини келет. Анан ал жерден да тааныш таап, өткөрө баштадым. Жанара деген бир эжеге 50 килограмм күрүч өткөрүп бергем. Ал мага акчасын бөлүп-бөлүп бермек, азыркыга чейин эсимде, ошол эже мага 3600 сом карыз (күлүп). Анда кыйналып жүргөн кезим да, эсимде калыптыр. Эми аны унуттум, кечтим. Азыр Кудайга шүгүр, мына ушул нерселер менен акчаны үнөмдөгөндү, жашаганды үйрөндүм.


– Таанымалдуулуктун зыяны көппү же пайдасыбы?

– Мен зыянын тарта элекмин, Кудайга шүгүр. Жалаң пайдасын гана көрүп келатам. Шаарга келип көптөгөн жакшы адамдар менен тааныштым. Ошол инсандардын жакшылыктарында кызмат кылып, жакшы гана нерселерге жетишип жатам.

– Хейтерлердин сынын кандай кабыл аласыз?

– Эң башында негатив сөздөргө аябай жиним келчү. Кийин көнүп калдым. Жакшы сөз жазганы, жаман сөз жазганы деле менин баракчама катталуучубу, демек, аларды күйөрманым деп эсептейм. Азыр жеңил эле кабыл алам, жаман жазса жазсын, эң башкысы, биз андай болбосок болду. Хейтерлер негативдерди жазып жүрүп өздөрү эле токтоп калышат экен. Азыр негативдерди кулак сыртынан кетиргенге аракет кылам.

– Анда ошол хейтерлердин суроолорунан берип көрөлү. Өзүңүздү канча пайыз сулуумун деп эсептейсиз?

– Эми жаштыкта баары сулуу, мен өзүмдү “мынча пайыз сулуумун” дебейм. Алты саным аман, демек, жүз пайыз сулуумун деп айта алам.

– “Артисттер сүйүүгө туруксуз болот” деген пикир бар, мунун чындыгы барбы?

– Артисттер деле адам, артисттерде деле жүрөк бар. “Артистке кызымды бербейм” деген тааныштар болуп калат. “Неге?” десең, “артисттер, силер “бабник” болосуңар” дешет. Биз деле адамбыз, сүйүүгө туруктуу артисттер деле толтура. Жөнөкөй адамдардын арасында деле сүйүүгө туруксуздары көп да. Жеке өзүм үчүн жооп бере алам, мен сүйүүгө туруктуу элемин.

– Интернет аркылуу сүйүү тапканга ишенесизби?

– Ишенбейм. Мен күткөн адам башкача, мени такыр тааныбаса, мен жөнүндө көп деле билбесе, Инстаграмга деле кирбесе дейм. Бирок азыр интернетке кирбеген кызды табыш кыйын экен.

– Ал кандай сапаттарга ээ болуш керек ошондо?

– Апама окшош болсо дейм. Кыздар менен сүйлөшкөндө көбүнчө апама салыштырам. Апамда бар сапаттары болсо, демек, ошол кыз меники. Келечектеги жубайымды апама окшоштуруп тандайм.

– Сүйүүдөн азап тартып, көзүңүзгө жаш алдыңыз беле?

– Оо, студент кезде болгон. 2015-жылдары болсо керек, эми аябай деле депрессияга кирип чөгүп кеткем дебейм. Болгону сүйүүдө жүрөк ооруткан, бири-бирибизге жетпей калган учурлар болгон.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан