ЖОГОЛГОН ЖЫЛДАР... (Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн санда)

Лёха негизи күчтүү жигит болчу, кандай жагдай болбосун өзүн башкара алат эле. Бирок ичимдиктин айынан болдубу, же жактырган кызын өлтүрүп алгангабы дендароо болуп калыптыр. Шефке телефон чалып эле “мени тезинен алып кеткиле, жаман иш болду” дейт. Анын бир окуянын үстүнөн чыкканын түшүнгөн шеф мага телефон чалат. Окуя ошондой болуптур. Биз келгенден көп өтпөй таң атып кетти.

– Мен эс алайын, Шамал, сен Лёханы карап тур. Бул жинди дагы бирдеменин үстүнөн чыкпасын. Сенделип тигил үйгө кайра жетип барышы мүмкүн,- деп башын чайкай экинчи кабатка көтөрүлүп бара жатты. Биздин штаб 3 кабаттуу килейген хан сарайдай үйдө жайгашкан. Сырттан аны жөн эле бир байдын үйү деп ойлойсуң. Ичинде укмуштун баары болот.

– Анан эмне болуп, сен түрмөгө түшүп калдың? Ишти сен жасабаптырсың да...- Алтынбек Шам-элди таңыркай карады.

– Шеф жарым саат аралыгында кайра биз отурган бөлмөгө түшүп келди. Бул учурда Лёха уктап калган.

– Шамал, аркаңды шыпыра келдиңби? Эч кандай из калган жокпу? Ал даректин тегерегиндеги камераларды бүт өчүртүп койгом сен барарда. Менимче, камерадан эч нерсе чыкпайт. Эң негизгиси үйдүн ичинде камера жок бекен? Каалгалардын кармагычын тазалаганды унуткан жоксуңбу?- шеф акырая мага карады.

– Унуттум, кире бериште камера да тургандай болуп жатат,- башымды мыкчыдым.

– Тапанча кана, аны алдыңбы?- көзү чанагынан чыгып кетчүдөй мени карады. Көзүндө огу болсо атып салмак.

– Жок, шеф,- деп башымды жерге салдым. Эмне кылышымды билбей калдым. Мен ушул жерден өзүмдү жөн эле “бандит”, “кара” деп атап курулай кыйын болуп жүргөнүмдү моюндадым. Мен жөн эле айдаган ишке жүгүрүп жүргөн бир байкуш экенмин. Керек болсо мага ишеним арткан ошол ишти дагы эптей албадым.

– Эш-шек, маң башсыңбы сен?! Атайын сени жиберсе... Акмак турбайсыңбы. Шуулдап жүргөнүңдөн сага ишенсе, сен иштин баарынын аталасын чыгардың го. Эй, макоо, убакыт бар кезде баарын тазалай келишиң керек эле да. Чёрт!- шеф мени бет талаштыра бир муштап жиберди. Мен селейип туруп калдым. Эмне кыларымды билбедим. Шеф терезенин пардасын ачып эшикке бир карайт, саатына бир карайт. Тынчсызданып ары-бери басып жатты.

– Тезинен жөнө, аткан октой ошол дарекке жет да, биринчи камераны жогот. Андан соң тапанчаны ал, үйдү тазала. Менимче, өз үйүндө тапанча сөзсүз болуш керек. Прокурор деле жөн жүрбөйт, анын да душманы көп. Сактык үчүн деле кызына тапанча берген. Керебеттин четиндеги шкафтардан, керебеттин төшөгүнүн астынан кара. Ошону колуна карматып кой, эгер бир нерсе болуп кете турган болсо мага телефон чалба...

Баары ойдогудай бара жаткан, жетип эле видеобайкоо системинин базасын өчүрүп салдым. Шеф айткандай эле кыз жаткан керебеттин жанындагы эмеректин акыркы тартмасында кичинекей сандыкчада тапанча бар экен. Аны колуна карматып, колум тийген жердин баарын спиртке чыланган майлык менен сүртүп чыктым. Лёханын тапанчасын чөнтөккө салып чыгып баратсам каалга ачылды.

– Эшиги ачык экен,- бир киши, бир аялдын үнү угулду. Аял башка бөлмөгө кетти окшойт, кишиси түптүз мен турган жерге кирип келди.

– Туй, ата, эртелеш керек болчу экен да. Ээ, Шам-эл, окуянын ары жагын билбей туруп жыйынтык чыгарба деген ушул турбайбы, сендей болуп бирөөнүн кылмышынын мөөнөтүн өтөп жаткандар канча?- Алтынбек чайын шорулдата ууртап өкүнгөнүн билдирди. Ушул учурда Шам-элди аяп кетти.

– Ошентип мен чыгып кеткенге да, жашынганга дагы жетишпей калдым. Менде тапанча деле бар эле да, атсам болмок, бирок андай кылгым келген жок. Аларга түшүндүрүүгө аракет да кылган жокмун. Айткан менен эч пайда чыкпайт болчу, ишенишмек эмес. Лёха экөөбүз тең камалып кетмекпиз анда. Бир маалда аялдын “аа-а..деп бакырган үнү угулду. Ошол учурда менин жаныма келип калган киши ички бөлмөгө чуркады. Мен болсо сыртка атып чыктым да, унааны от алдырып качып жөнөдүм. “Качсаң мага келбе” деген Бүркүттүн сөзү мээме тык деди. Жолдон жаңы СИМ-карта сатып алдым. Шаардан чыгып, унааны тоо тарапты көздөй зуулдата айдап жөнөдүм. Бүркүткө “байланышка чык!” деп жаздым. Бизде ушундай сүйлөшүлгөн, бирөө бир ишке кабылганда СМС жазып, аягына илеп белгисин коёт. Шаардан кыйла узап кеттим. Антенна кармай турган жерге токтоп Бүркүттүн чалуусун күттүм.

– Чалууңарды угуп коёт деп корккон жоксуңбу?- Алтынбек кызыга сурады.

– Биз атайын сүйлөшүү үчүн Кытайдын бир тиркемесин колдончубуз. Эмне бар, эмне жок деп номерди алмаштырып ошол тиркеме аркылуу чалышчубуз. Бир кезде ошол чат аркылуу чоочун номер менен Бүркүт байланышка чыкты. Мен баарын төкпөй-чачпай айтып бердим.

– Чёрт! Кечээ ишти чала бүтүрбөсөң булар болбойт эле. Болору болуптур, байланышка чыгып тур. Мен сага акча жөнөтөм. Балдар байланышат, дарегиңди түшүндүрүп кой. Шаардан чыгып кет, чет өлкөгө чыкканга жетишсең жок дегенде Казакстанга кет. Эгер кармалып кала турган болсоң баарын өз моюнуңа ала бер, биз сени куткарып алабыз, башка нерсе тууралуу ооз ачпа,- деди. Көп узабай мен айткан дарекке биздин топто жүргөн эки бала келип 50 миң сом, тамак-аш таштап кетти.

Мен убакытты создуктурбай Таласты көздөй жолго чыктым. Ал жакты издетүү азырынча тигилердин оюна келбейт деп ойлодум.

xxx

Дайыр күрс-күрс үргөн дөбөттүн үнүнөн улам ойгонуп кетти. Көзүн ушалай бир топко кайда экенин аңдай албай шыпты тиктеп жатты да, керебеттен өйдө турду. Ага катарлаш жаткан уулу менен жубайын көрдү. Ичин жылуулук аралай түшкөнсүдү. Акырын туруп барып уулунун жанына жатып алды. Аман оңолуу, бардык жаман адаттарынан арылуу тууралуу ойлонуп жатты. Жашоонун кадырын, бакыттын, тынч жашоонун кадырын сезбей жүргөнүнө өкүндү. “Эмнеге ушунун баары мени менен болду” деди. Бирок жообун таба албады.

xxx

Адамдын ою өтө туруксуз келет эмеспи. Бир туруп Айзада ишинин баарын токтотуп, тынч жашагысы келет. Бир туруп “акча жашоодо эч качан көптүк кылбайт го, уланта берсемби” дейт. “Анда менин баштай турган жаңы жашоомдун барагы ачылбай туруп жабылабы, мен бүгүн эле ата-энеме сөз берип келбедим беле” деп бир ойлонот.

– Мен бул жолго кыздарды алдап алып келген жокмун да. Кыздар өздөрү менден иш сурап келип жатышпайбы, а алардын тагдыры эмне болот, аларды ара жолдо таштап кетемби. Өзүмдү ушунчалык күнөөлүү сезгидей эч нерсе жок чынында бул жерде. Бул, менимче, болгону бизнес. Балким, эми бардык иштер мен аркылуу эмес, башка адам аркылуу болот. А мен ошондо бул ишке түзмө-түз аралашпай калам,- бул ою өзүнө дагы жага түштү.

– Мм, бул иш ким аркылуу бүтөт, балким, Аман,- аялдын көздөрү жайнай түштү. Аял өзү менен өзү диалог куруп, өзү менен өзү сүйлөшүп жатты.

– Ооба, бул бизнес. Бул дагы тейлөө тармагына кирет. Мен буга чейин кыздарды эч кандай шарты жок жерде иштетип келсем, эми аларга шарт түзүп берем, алардын укугун коргойм. Ммм, мынча акылдуу болуп кеттим, котик?- деп сүйлөнө аял жанына келген мышыгын сылап, кучактап жатып калды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан