ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 13-ноябрдан 19-ноябрга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Аптада көптөгөн тоскоолдуктарга жана кыйынчылыктарга туш болосуз, бирок оңой эле багынып бербеңиз. Позицияңызды өзгөртпөй туруктуу жана чечкиндүү болсоңуз, сөзсүз максаттарыңызга жетесиз. Жеке жашоодо чечилбеген маселелер күтүп турат, сиздин түздөн-түз катышууңуз менен гана маселе чечилерин унутпаңыз. Эски жарааттарды козгогон сүйлөшүү болот, ал баарлашуу сиз үчүн жагымсыз болсо да өтмүшүңүздү эстетип бир сыйра ностальгияга жетелейт.


БУКАЧАР (21.04–20.05)

Күтүлбөгөн окуялар аптада көп болот. Ар бир окуяны жүрөккө жакын кабыл алып, тынчсызданбашыңыз керек. Негизги энергияңызды жумушуңузга жана көңүл бурууңузду талап кылган маселелерге жумшаганыңыз жакшы. Жаңы нерсени сынап көрүүдөн жана эксперименттен коркпоңуз. Сүйүүдө өзүңүздү ишенимдүү алып жүргөнүңүз туура, ал адамга болгон сезимдериңиз туруктуу жана күчтүү болсо ойлонбой сезимдериңизди ачыктай берсеңиз болот.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Аптада айткан сөздөрүңүзгө жана кыймыл-аракетиңизге көбүрөөк көңүл бурушуңуз керек. Керексиз сөздөрдү айтып башкаларды таарынтып алышыңыз мүмкүн. Максаттарыңыз менен кошо милдеттериңизди да унутпай жүрүңүз. Сүйүктүүңүз менен келишпестик жаралса аны дароо жакындарыңызга айтып, даттангандын кереги жок, өз ара чечишкенге аракет кылыңыз. Кошумча киреше булагын камсыздай турган кыска мөөнөттүү окууларга окусаңыз болот.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Сезимталдыгыңыздын айынан көп нерселерди жүрөккө жакын кабыл алып ыйлаган учурларыңыз болот. Ишкердик баштайм дегендер аптада активдүү болушу зарыл, алдын ала пландоо ишин дал ушул аптада бүтүрүңүз. Соода менен алектенген бөйөндөрдүн кирешеси көбөйүп, материалдык абалын жакшыртканга жетишет. Жеке жашоого байланыштуу олуттуу чечимди кабыл алууга шашпаңыз, өзүңүзгө дагы бир жолу ойлонууга убакыт бериңиз.


АРСТАН (23.07–23.08)

Өзүңүздү ишенимдүү жана күчтүү сезип, жумушта жана бизнесте чоң ийгиликке жетесиз. Бирок өнөктөштөр алдап кетүүсү мүмкүн, андыктан ар бир түзүлгөн келишимди юристиңиз менен дыкат текшерип чыгыңыз. Үй-бүлөлүү арстандардын жеке жашоосунда гармония өкүм сүрөт. Бойдоктор лидерлик сапатын өнөктөшүн басынтууга колдонуп, кызганчаактыгын ооруга айландырып албашы керек. Насыя алууга ыңгайсыз убакыт.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Аптада абдан энеригиялуу болуу максаттарыңызды ишке ашыруу үчүн тоону томкоргонго даяр болосуз. Бардык кыйынчылыктарды жеңип ойлогонуңузду ишке ашырасыз. Бирок эс алууну да унутпаңыз, кетирген энергияны толукташыңыз керек. Көп жылдан бери кыз-жигит мамилесинде жүргөн түгөйлөр мамилесин расмий нике менен бекемдешет. Андыктан алдыда болчу той, куда тосуу, кыз узатуу сыяктуу жагымдуу иш-чараларга даяр туруңуз.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Достор жана кесиптештер менен пикир алышып көп жолугушууларды өткөрөсүз. Жаңы таанышууларга жана кызыктуу долбоорлорго даяр болуңуз. Бойдокторго жаңы мамиле курууга убакыт келди. Таарыныч сезимин артка таштап баарын жаңы барактан баштаганыңыз туура. Коё берчү адамдарды коё берип,жашооңуздан чийип салчу адамдардан биротоло кол үзүңүз.


ЧАЯН (24.10–22.11)

Жашооңузда олуттуу бурулуштар болот, бирок жыйынтык чыгарууга шашпаңыз баары кийин өзгөрүп кетиши ыктымал. Ден соолугуңузга көбүрөөк убакыт бөлүшүңүз керек болот. Көнүгүү жасап, туура тамактанууңуз абдан маанилүү. Достукта көңүл калуулар болушу ыктымал, бирок ага өчөшүп туура эмес аракеттерди жасап албашыңыз керек. Жакшысы убактылуу ал адамды көңүл сыртында калтырып туруңуз.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Карьералык тепкичтен көтөрүлөсүз жана өзүңүз да башка адамдын кызматтан көтөрүлүүсүнө шарт түзөсүз. Сизди сынаган адамдар көп болот, андыктан жүрүм-турумуңузду көзөмөлдөңүз. Чоң жетишкендиктер курмандыктарсыз келбейт, андыктан бир нерсени ишке ашырсаңыз кайра бир нерсе жоготосуз, мыйзам ченемдүү көрүнүштөргө маанай түшүрбөңүз. Каржы маселесинде берешендигиңиздин зыянын тартып калышыңыз мүмкүн.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Аптада сизде жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Олуттуу өзгөрүүлөргө даяр болуңуз. Жакындарыңыз сиздин жардамыңызга жана камкордугуңузга дайыма муктаж экенин унутпаңыз. Сүйүүдө талапчылдыгыңыз көп келишпестиктерди жаратат, балким, сизге ал адамды кандай болсо ошондой кабыл алуу оор болуп жаткандыр. Бирок сүйүктүүңүзгө кайсы бир көндүмдөрдү жасатуу аракетиңиз болсо ал оюңуз ишке ашат.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Майда деп эсептеген маселеден кийин чоң көйгөй ашырып аласыз. Карьераңызда чоң натыйжаларга жетишүүгө болот. Бойдоктор “тандаган тазга жолугат” деген макалга мисал болгуңуз келбесе, тандоо режимин көпкө создуктурбаңыз. Болочоктогу өмүрлөшүңүздү туура тандоо жасаганыңыз менен кубандырыңыз. Балалуу суу куярлар алардын ийгиликтерине кубанып, мактанган окуянын каарманы болушат.


БАЛЫК (20.02–20.03)

Өзүңүзгө ишенимдүү болуп, жаңылыш чечим кабыл алуудан эч качан коркпоңуз. Жаңылсаңыз ал сизге бир өмүрлүк сабак, жаңылбасаңыз бир өмүрлүк сыймык болот. Бойдоктор жеке жашоосунда жан шеригин таап, колун сурашат. Бирөөдөн үмүт кылганды токтотуңуз, жасалган нерселердин баары өзүңүз үчүн экенин түшүнгөнүңүз жакшы. Эс алуу күндөрүн жакындарыңыз менен табият коюнунда чер жаза сүйлөшүп тосуңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан