ЧАЧ ЭРКЕКТИН КӨҢҮЛҮН БУРУУЧУ КАСИЕТКЕ ЭЭ


“Кыргызда кыздын чачы улук,

Кыргызда кыздын заты улук.

Кызыгын көрбөйт дүйнөнүн,

Кыз сыйлабас макулук” деген ыр саптарында айтылгандай, кыргыз эли чачка өзгөчө маани берген. Эмнеге беш көкүл өрүшкөн? Эмне үчүн жесир аялга гана чачын жайып жүрүүгө уруксат берилген? Чач адам тууралуу кандай маалымат берип турат? Ушул тема боюнча агартуучу, изилдөөчү Гүлипа Жапарова айтып берет.

Аялдын чачы узун, акылы кыска деген чынбы?

– Негизи кыргызда эле эмес, жалпы адамзаттын баары чачка маани бериши керек. Элестүү болуш үчүн мындай мисал келтирели: чач адам үчүн антеннанын ролун аткарат. Ааламдан маалымат келип, ал адамдын денесине чач аркылуу өтөт, кайра денедеги терс энергия сыртка чач аркылуу чыгат. Чач адамдын алтынчы туюмуна жооп берет десек болот. Кыргызда аялдарды “чачы узун, акылы кыска” деп сүрөттөп келишкен. Чычалабагыла, аялдардын акылдуулары көп. Болгону табияттан акыл – эркекке тиешелүү нерсе. Ал эми аялдын сезүүсү, алтынчы туюму күчтүү болот. Аялда акыл көбөйүп кетсе, эркекке таандык энергияга ээ боло баштайт. Эмнеге аялдын чачы узун болушу керек? Анткени чач аялда туюп-билүү сезимин күчөтөт. Чачын кесип салгандар, өзүнүн аялдык касиетин чангандар. Чач – энергия, ар бир тал чачта энергия бар. Маалымат алып жүрүүчү касиетке да ээ. Ошондуктан медицинада чачтан гана билине турган анализдер бар экенин билебиз. Эмне үчүн бардык динде аялдар чачын көрсөтпөй жаап жүрүшү керек деп айтылат? Анткени чач эркектердин көңүлүн бура турган касиетке ээ. Чачтын сулуулугу жана узундугу ээсинде чоң энергияны сактап жүрөт.

Токол – чачы кыска, өз баасын билбеген аял

Кыргызда эмнеге экинчи аялды токол дешет? Макалдарды караңыз: “Токол эчки койдо жок, токол катын тойдо жок” деп айтылат. Токол деген сөз – чачы жок дегенди билдирет. Өзүнүн аялдык ыйык касиетин баалай албаган, экинчи аял болгонго макул болгондорду кыргызда токол деп коюшкан.

Кыргыз аялдары илгери чачын такыр кесишкен эмес. Эгер аял чоң күнөө кылса, мисалы, күйөөсүнүн башын аттаса, ойноштук кылса анда анын чачын кесип, эшекке мингизип элди аралатышкан. Айтылуу “Сынган кылыч” романында орустар билбей Курманжан датканын уулу Камчыбектин аялынын чачын кесип алышып, бул окуя эки элдин ортосунда чоң кыргынга себеп болбоду беле. Көрдүңүзбү, чачты кантип аздектешкен. Азыркы кыз-келиндер чачты эмне гана кылбай жатышат. Кесет, үтүктөйт, күйгүзөт, биротоло кырып салгандар да бар. Демек, аялдык энергияны абдан кор тутуп жатышат. Чачы кыскарганда аял эмоциясын кармана албай калат. Чартылдап, жеңил-желпи болуп калат. Ошондой эле чачты сатпайт жана жайып жүрбөйт.

Беш көкүл, эки өрүм, чачпактын философиясы

– Чачты илгери эмне үчүн жесир аялдар гана жайышкан? Анткени күйөөсү каза болуп, күйүттөн күйүп жатканда чач аркылуу күйүтүн чыгарсын дешкен кыргыздар. Карачы, кандай даанышман эл элек. Күйүт ичине түшүп аялга зыяны тийип калбасын деп чачты жайып коюшкан.

Беш көкүлдү эмнеге өрүшкөн? Кыз бала бой жетип көзгө көрүнө баштаганда чачын майдалап беш көкүл өрүшкөн. Анткени жүзүн бир аз элдин көзүнөн далдалап, суук көздөн сактоо аракети. Эки жаагынан түшүп турган чачтан кыздын жүзү анча көрүнбөй калат да, чынбы? Анан чоңоюп турмушка чыкканда эки өрүм кылып өрүшкөн. Анткени “турмушка чыктың, эми тең салмакты карма, жашоонун ак карасын бирдей көтөр” деген түшүнүктү беришкен.

Чач учтукту (чачпак) келин кезде бир аз кыскараак, белге жете тургандай тагышкан. Анткени бала көтөргөндө жатын бел тушта болот эмеспи. Карында жаткан бала апасы баскан сайын күмүш чач учтуктун шыңгырашы менен сырткы жашоодон кабар алган. Күмүш адамды тазалап турат, ошондуктан курсактагы бала оору-сыркоодон, көз тийүүдөн корголуп, иммунитети бекем төрөлгөн. Чач учтуктун пайдасынан улам балдар итий менен да оорушкан эмес. Анткени күмүштүн касиети бар. Улгайып калган энелер чач учтукту узун балтырына жете тургандай тагынышкан. Мунун философиясы – карылыкка тез алдырбай, боюн түз кармасын деген маани.

Учурда чачка кандай кам көрүү керек?

– Чачты күйгүзүп, куйкалабай, табигый боёктор менен боёгон туура. Мүмкүн болсо фен колдонбой, табигый жол менен кургаткан оң. Өрүп же түйүп жүргөн жакшы. Төбөдө жетинчи чакра бар, ошон үчүн кыргызда баш кийимсиз жүрүү жакшы эмес деп айтылат. Кандын курамында ошол адам тууралуу кандай маалымат болсо, чачта да дал ошондой маалымат бар.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан