САДЫР ЖАПАРОВ: “УБАГЫНДА КЫРГЫЗ КАГАНАТЫ ЕВРАЗИЯНЫ ТИТИРЕТИП ТУРГАН”

7-8-ноябрда Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди. Президент Садыр Жапаров өлкө элине кайрылуу жасап, бул майрамдын маани-маңызы тууралуу айтты.

– Өтмүшү менен маани-маңызы миңдеген жылдарга барып такалган бул эскерүү күндөрү кыргыз элинин ондогон кылымдарды карыткан тарыхындагы тагдыр чечүүчү өтө орчундуу учурлардан, кыл чайнашкан далай кыйын кырдаалдардан өтүп, бүгүнкү көз карандысыз мамлекет катары өз алдынча өнүгүү жолуна түшкөн мезгилине чейинки окуяларды камтыйт. Өткөндүн күбөсү, тирүү эстелик катары тарых тандырбайт. Таштагы жазма эстеликтерибиз андан бетер өжөр экендиги белгилүү. Кезегинде Улуу кыргыз каганаты катары Евразияны титиретип, ооматыбыз жүрүп турган тарыхыбыздын бир үзүмүн чагылдырган жазуулар ага айкын күбө,- деди президент.

Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов өңдүү Кыргыз мамлекетин түптөөчү инсандардын эмгеги эстен чыкпай турганын белгилейт Садыр Жапаров.

Эсиңизге салсак, Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү 2017-жылдан бери белгиленип келет. Ага чейин 7-ноябрь Улуу октябрь революциясынын күнү катары белгиленип келген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан