СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Футбол: Ноябрда Кыргызстан Малайзия жана Оман менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ноябрда 2026-жылдагы дүйнө чемпиондугунун тандоо туруна карата экинчи айлампада эки беттеш өткөрөт. Биринчи оюн 16-ноябрда Куала-Лумпур шаарындагы Букит Жалил стадионунда Малайзия менен болсо, экинчи оюн 21-ноябрда Бишкекте Оман курама командасы менен болмокчу. Белгилей кетсек, словакиялык машыктыруучу Штефан Тарковичтин машыктыруучулугу астында Кыргызстан "D" тайпасында Малайзия, Оман жана Кытайдын Тайбэй курамалары менен ойноп жатат.

16-ноябрдагы оюн Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.

Кыргызстандын 6 шаарында балдар үчүн футбол борборлору ачылат

Кыргызстан футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков келерки жылы өлкөбүздүн 6 шаарында – Баткен, Кызыл-Кыя, Токмок, Нарын, Талас, Караколдо балдар үчүн футбол борборлору иштеп баштаарын билдирди. Ошону менен бирге өлкөнүн жогорку лигасынын клубдарынын базасындагы футбол академиялары ишин күчөтөт.

Ал өз сөзүндө: “Облустук жана райондук борборлордо жаңы футбол борборлорун ачуу жана жергиликтүү клубдарыбыздын футбол академияларына колдоо көрсөтүү менен биз республиканын 30 шаарын жандандыра алабыз. 2030-жылга чейин ушул 30 шаардан жок дегенде бирден мыкты футболчуну чыгара алсак, анда бул Кыргызстандын башкы курама командасы үчүн чоң жетишкендик болот”,- деди.

Бул борборлорго 6 жаштан 12 жашка чейин футбол секциялары үчүн акча төлөп, 13 жаштан кийин жөндөмдүү балдарды тандап, курама командалар менен бирге машыктырса болорун айтты. Бул атаандаштыкты күчөтүп, оюндун сапатына оң таасирин тийгизерин белгилейт Медербек Сыдыков.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан