“Сөз эркиндиги, адам укугу деп жүрүп көп жолу камалдым, сабалдым, куугунтукталдым”,- дейт экс-акыйкатчы, белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун. Кыргызстандагы демократия, сөз эркиндигинин абалы, анын күңгөй-тескейи тууралуу баарлашып кайттык.
– Турсунбек мырза, учурда өлкөбүздө сөз эркиндигинин абалы кандай, сиздин оюңузча? Алдыга жылып жатабызбы же арткабы?
– Көпчүлүк сөз эркиндиги десе эле журналисттерди, журналистиканы түшүнөт. Сөз эркиндиги, сөздүн эркин айтылышы – журналисттерге гана эмес, журналисттик адистиктен башка кесиптеги адамдарга да, дегеле өлкөдө жашап жаткан бардык жарандарга тиешелүү. Демократияны өнүктүрүүнүн негизги принциптеринин бири – бул адам укугу жана сөз эркиндиги. 1991-жылы бизде алгачкы жолу чоң демократиялык жыйын өткөн. Ал жыйынды өз өлкөсүндө өткөрүүгө көп КМШ мамлекеттери каршы болушкан. Ошол жыйында Орусиянын бир депутаты “Кыргызстан – Борбор Азиядагы демократия аралчасы” деп айткан. Кайра куруу жылдарындагы сөз эркиндигинин коргоочусу, баштоочусу катары Топчубек Тургуналиевди атасак болот. Адам укуктарын коргоодо мен турдум. Мына, 30-40 жылдан бери Борбордук Азияда адам укуктары боюнча конгресстин координаторумун. Эгемендүүлүктү алган жылдардан бери көптөгөн жаңы мамлекеттик жана менчик ЖМКлар пайда болду. Журналисттердин канчасы камалды, сабалды, соттолду, ЖМКлар жабылды, кайра ачылды... Айтор, күрөшүп эле келе жатышат. Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын мен 2022-жылдын октябрь айына чейинки жана андан кийинки деп экиге бөлүп карайм. Былтыр октябрь айында 27 адам Кемпир-Абад окуясы боюнча камалышты. Алардын 14үн үй камагына чыгарышты, 11и дагы деле камакта. Чынында, ал жерде эч кандай мыйзам бузуу жок эле. Себеби мыйзамда ар бир жаран өз оюн эркин айтканга, тынч жыйындарга катышканга укуктуу деп жазылып турат. Жаңы Конституциянын 42 беренесин жазган адам катары айтып жатам. Ал жыйында бийликти кулатуу же баш аламандык уюштуруу тууралуу сөз болгон эмес. Мен ошол Өзгөндө өткөн жыйынга барып, көрүүчү катары катышып келгем. 5 сааттык жыйындагы бардык сөздөрдү уккам. Ушул окуя адам укугу, сөз эркиндигине чоң сокку урду деп ойлойм. Садыр Жапаров өзү ошол өз оюн эркин билдирип айта алган демократиялык күчтөрдүн арты менен бийликке келди да. Жадакалса абакта жатканда Вотсап тайпаларды түзүп, коомдук пикир жаратууга аракет кылып жүргөнүн өзү айтпадыбы. Мына ошондой куугунтук көргөн адамдын башкаруусунда өз оюн эркин билдирген саясатчы, активист, блогерлер камалбашы керек эле. Ачык айтып коёюн, мен азыркы бийликке оппозиция эмесмин, тескерисинче, колдоймун. Көп жакшы иштерди жасашууда, бирок адам укугу, сөз эркиндигине келгенде сабырдуу, айкөл боло албай жатышат.
– Сөз эркиндиги дегенди туура эмес түшүнүп алгандарчы. Мисалы, адамдын жасаган ишине пикир билдирбей, анын жекелигине өтүп, коомчулук алдында мазактап, шылдыңдагандар бар...
– Туура баамдоо, эркиндик деп эле оозуна келгенди оттой бергендер бар. Бир нерсе айтып же жаза турган болсоң божомолду эмес, далилдүү, чындыкты гана жазыш керек. Айрым журналисттер адамды жүрөк оорулуу кыла турган жаман сөздөр менен каралап жазышат, аялына чейин асылышат. Мораль, этика деген жок. Сөз эркиндигинин азыркыдай абалга жетишине бир чети журналисттер өздөрү да күнөөлүү. Бирок ага карабай бийлик акылдуураак болушу зарыл. Ленин бир эмгегинде жазгандай, демократия бутка тургуча “балалык оору” менен ооруйт. Согулат, урулат, ката кетирет анан барып бышат. Бийлик анын баарына чыдаш керек да.
– Бардык бийликтин тушунда журналисттер түрдүү куугунтуктарга кабылып келишкен. Өткөндөн сабак алуу керек беле?
– Биздин өлкөдө аялдарга анан журналисттерге эрегишпеш керек. Муну бирок өлкө башкарган 6 бийлик тең түшүнө элек. Акаев, Бакиев, Атамбаев убагында айрым ЖМКлардын редакциялары түн ката өрттөлүп, журналисттер бычакталып, соттолуп, үй-мүлкү конфискацияланып, олчойгон айып пулдарга жыгылышкан. Азыр деле абал жакшы эмес. Өткөндөн сабак алуу мүмкүн болчу, бирок албай жатышат, кайра эле мурункулардын каталарын кайталашууда.
– Кыргыз журналистикасынын азыркы абалына кандай баа бересиз? Интернет заманы, маалымат жайылтуу жеңил жана бат болуп калды. Блогер, блогерлик деген жаңы түшүнүктөр пайда болду...
– Блогерлердин пайда болушуна каршы эмесмин. Көз каранды эмес блогерлер коомдо болуп жаткан ар кандай маселелер боюнча өз пикирин билдирип турганы жакшы. Блогерлик бул журналистиканын эле жаңы агымы, болгону салттуу журналистикада жүргөндөр аны кабыл албай, өгөй баладай көрүп жатышпайбы. Ооба, салттуу журналистикада жүргөндөр эл аралык стандартка жакын, анткени калыпка салынып калышкан, ошол нук менен иштешет, бейтараптуулук, нейтралдуулук, объективдүүлүктү сакташат. Бирок алар деле “биз кыйынбыз, биз укмушпуз” дей бербеши керек. Анткени азыр көп чуулгандуу окуяларды блогерлер жаратып жатышат. Журналисттер менен блогерлер бир эле жумушту жасагандан кийин аларды эки башкага бөлүп кароо мүмкүн эмес. Болгону ынтымакта болушса жакшы болмок.
– Азыркы бийликтин дагы кайсы иштери купулуңузга толуп же толбой турат?
– Саясатта көп жыл жүргөн адаммын, башымдагы чач бекер агарды дейсиңби. Мен саясатта жүргөндө азыркы бийликте отурган инилерим мектепте окушчу. “Тууган күйдүрүп, душман сүйдүрүп айтат” деген кеп бар кыргызда, инилериме күйгөнүмдөн айта турган кебим бар. Тилекке каршы, азыркы бийликке элдин ишеними баштагыдай эмес, азык-түлүктүн кымбатташы, жакыр жашагандардын санынын көбөйгөнү эл арасында суз мамилени жаратууда. Тегерегинде Акаев, Бакиев мезгилинде иштеп жүргөн кошоматчылар отурат. Өткөндө бир чиновникке кирип “мындай кылганыңар болбойт, адам укугу бузулуп жатат, жеткиргиле, айткыла жетекчиңерге, бейкүнөө камалгандарды бошотуш керек” деп катуу айттым. Ошондо ал “токтотуңуз, президент сонун иштеп жатат, сиз президентти мактап анан батаңызды гана берип турушуңуз керек. Сиз курактуулардын баары ошентип жатышат” дебедиби. Мен пайгамбар жашындагы кишимин, кошомат кылуучу жаштан өткөнмүн. Ушундай кошоматчы чиновниктер бардык бийликтин түбүнө жетишкен, мындайлардан эртерээк арылыш керек. Анан эл арасындагы суз маанай жалындап кетпесе деп кооптоном, Кыргызстан бир нече төңкөрүштү башынан өткөрдү. Болду, биз ал жолдон өттүк-кеттик, кайра барбашыбыз керек. Президент пикет-митинг жолу менен эмес, шайлоо жолу менен алмашса деген тилек. Болбосо 1000 киши митинг кылып, президент алмаштырган көрүнүш салтка айланып кетет. Андан ары өлкө бүтүндүгүнө доо кетиши мүмкүн. Азыр дүйнө чоң апааттын оозунда турат. Кайсы өлкө державага айланат, кайсы өлкөлөр жок болуп кетиши мүмкүн, эч ким билбейт. Ушундай коркунучтуу окуялардын фонунда биз эгемен өлкө катары сакталып калабызбы, келечегибиз кандай болот деп көбүрөөк ойлонушубуз зарыл.
Лунара Бекиева