Белек Айдаров, Литвадагы Кыргыз диаспорасынын жетекчиси: “ЛИТВАЛЫКТАР ӨЗ ТИЛИН БЕКЕМ КАРМАНЫШАТ, АБДАН СУКТАНАМ”

Бир жүрөгү экиге бөлүнүп, алыста жүрсө да мекен үчүн күйгөн мекендештерибиздин бири бүгүнкү каарманым Белек Айдаров. Кыргызстандагы “мүмкүн эместиктин” айынан чет өлкөгө кеткенин айтат ал. 13 жылдан бери Литвада жашап-иштеп жаткан Белек мырза ал жакта Кыргыз диаспорасын негиздеп, мекендештерге колдоо, жардам көрсөтүү менен бирге Кыргыздын беделин көтөрсөк деп жан үрөп турат экен.

“Литвага сапарым университеттен башталды”

– Талас облусунун Манас районундагы Жайылган деген айылдан болом. 1985-жылы төрөлгөм. Учурда Литванын борбору Вильнюста түрк аба жолдорунун өкүлү болуп иштегениме 10 жыл болуп калды. Андан сырткары Литвадагы Кыргыз диаспорасынын негиздөөчүсү, жетекчиси катары иш аркалап келем.

Литвага болгон сапарым Ош технологиялык университетинде окуп жүргөндө башталды десем болот. Эл аралык мамилелер факультетинде окучумун. 4-курста Европанын “Erasmus Mundus” деген долбооруна катышып, стипендиясын утуп алганбыз. Анда ал Орто Азияга жаңы келген долбоор эле, биз биринчилерден болуп жеңип, Литвадагы Вильнюс университетине 1 жылдык окууга бардык. Стипендиябыз ошол учурда 1000 евро болчу. Ошондо Европага суктанып кеткем, анткени Европа мамлекеттеринин арасында чек ара жок, карым-катыш, соода-сатык, туризм оңой жүрөт экен. Бир жылдык окуу бүткөн соң Ошко келип ушул багытта “Борбордук Азиядагы интеграция” деген темада дипломдук иш жазгам. Мына ошол интеграция Борбордук Азияда азыр болууда. Кийин магистратураны да Вильнюстагы университеттен бүтүрдүм. Аны бүтүп келген соң Кыргызстандагы абалды көрүп, кайрадан Литвага кеттим.

“4 тилде эркин сүйлөшөбүз”

– Вильнюска 1 жылдык окууга барганыбызда окуу май айында эле бүтүп, эрте бошодук. Ошондо жарнамадан көрүп Кыргызстандан келген 3 жигит жайкы тил үйрөткөн борбордо “вожатый” болуп англис тилинен сабак бергенбиз. 2011-жылы Кыргызстандан келгенимде кайра эле ошол фирмага англис тили мугалими болуп жумушка кирдим. Ошол учурда Литва мамлекети Европа союзуна өтүп, англис тилин билүүсү абзел деген шарт коюлуп, көптөгөн мамлекеттик жумушчу, жетекчилерге англис тилин үйрөттүк. 3 жылдай ошол жакта иштедим. Ушул жактан келинчегим менен таанышып, үйлөнүп калдык. Келинчегим литовка, ислам динин кабыл алган. 4 уулубуз бар. Балдарым кош жарандуулукту (кыргыз, литвалык) алып жүрөт. Алар менен мен такай кыргызча, келинчегим менен англисче, келинчегим балдар менен литва тилинде сүйлөшөт. Ошондой эле орус тилин жакшы билишет. Үйдө 4 тилде эркин сүйлөшөбүз.

“Мекендештерибиз басмырланып жүрдү”

– Студент кезде Литвага келгенде кыргыздар аз болчу, бири-бирибизди көрсөк сүйүнүп, сагынып калчубуз. Анда бул өлкөдө казактардын диаспорасы бар эле, алардын бир иш-чарасына катышып калып, кийин биз да ушундай диаспора түзсөк деп тилек кылгам. 2015-жылдары Союз учурунда, андан кийин келип отурукташып калган кыргыздарды таап, чай уюштуруп байланышта болуп калдык. Де-факто деп коёт го, диаспоранын башаты ошол жылдары башталды десем жаңылышпайм. 2018-2019-жылдары кыргыз мигранттары көбөйө баштап, 2020-жылы 31-августта расмий ачылдык. Анткени көп мекендештерибиз басмырланып жүрдү. Ошол учурда ыйлаган күндөрүм болду. Кыргыздарды билимсиз деп тааныбасын, мекендештерге жардам берели деген максат бар эле. Башында жалгыз элем, кийин команда топтолуп, азыркыга чейин өз ыктыяры менен иштеп келишет. Маданият, спорт тармагын жетектегендер, медиа кызматкерлери бар. Атайын логобузду түзүп, сайтыбызды да түптөп, Ютуб каналыбызды ачканбыз. Диаспоранын ийгилиги командадагы уул-кыздардын патриоттуулугунан болууда. Кыргыздар илимдүү, билимдүү, намыстуу, абийирдүү эл экенин тастыктайбыз, кыргызды жыкшы жагынан дүйнөгө таанытабыз деген ураан менен иштеп келишет.

“Эң активдүү иштеген диаспора деп табылдык”

– Диаспора десе айрымдар виза берет, паспорт алмаштырат деп ойлошот. Бирок бул мамлекеттик уюм эмес, жеке уюм да. Биздин алгачкы жумушубуз – кыргыз мигранттарына маалыматтык көмөк көрсөтүү, жумуш табууга жардамдашуу, кайра каттоодо, документ даярдоодо же жоготуп алганда элчилик менен байланыштыруу. Жоголуп кеткен мекендештерди табууга же ичип кеткендерди көчөдө калбасын, жаман көрүнбөсүн деп Кыргызстандагы туугандары менен байланыштырып, аларды жеткирип берүүгө жардам беребиз. Мындан сырткары Литвада кыргыз маданиятын, каада-салтын таанытуу максатында маданий иш-чараларды арбын өткөрүп турабыз. Анткени маданият көп эшиктерди ачат экен. Футбол боюнча ынтымак кубоктору уюштурулат. Боз үйүбүз бар, аны Литвадагы чоң-чоң шаарларга алып барып таанытып жүрөбүз. Жалпылап алганда, элчиликтин жумушун аткарабыз, бирок кагаз жүзүндө эмес. Натыйжада быйыл Литвадагы эң жаш, эң активдүү иштеп жаткан диаспора деп табылдык.

“Литвага айдоочулукка, курулушта иштөөгө көп келишет”

– 2023-жылдын статистикасы боюнча, Литвага сырттан кыргыздар эң көп келиптир, экинчиде өзбектер, анан тажиктер. Иштегени келгендердин көпчүлүгү фура айдоого, андан соң курулуш тармагына, тамактануучу жайларда, заводдордо иштөө үчүн келишет. Мурун өздөрү эле келишсе, 2-3 жылдан бери үй-бүлөсү менен келгендер көбөйдү. Негизи чет жакта жүргөн кийинки муун, чет жакты коёлу, Бишкектеги жаш муундун көпчүлүгү кыргызча сүйлөбөй, билбей калды. Бул орчундуу маселе, Кыргызстанда каатчылык болуп тургандыктан буга эч ким көңүл бурбай жатат. Бирок жакынкы 20-30 жылда тил маселеси башкы көйгөйгө айланат. Литвалыктар өз тилин ушунчалык бекем карманышат, ушунусуна аябай суктанам. Кандай гана жаңы сөз болбосун өз тилине которуп алышат. Литвага келгенден кийин өзүм да көбүрөөк кыргыз болдум десем болот. Кыргыз үчүн, кыргыз тили үчүн күйүп калдым. Учурда Литвадагы кыргыз балдарына кыргыз тилин үйрөтүү үчүн демилге көтөрүп, ата-энелердин колдоосу менен сентябрдан тартып сабактарды өтүп баштадык.

“Алган айлыгыңа кыйналбай үй-бүлө бага аласың”

– Кыргызстанда деле иштесем болмок, бирок жөнөкөй үй-бүлөдөн болгондуктан жакшы жумушка өз алдымча кире албайт болчумун. Ал эми Литвада алган билимим боюнча иштесем болот экен. Алган айлыгыңа кыйналбай жашаганга мүмкүнчүлүк бар, үй-бүлөңдү бага аласың, чыныгы дүйнөгө келгендей сезилет. Ал эми Кыргызстанда мүмкүн эмес болуп жатпайбы. 20 миң сом айлык кантип жетет? Ошон үчүн Кыргызстанда казынага кол салуу, пара алуу дегендер болуп жаткандыр. Бул жакта иштесе 20 миң сомду 2 күндө эле табышат да. Литванын экономикасы гүлдөп кетти дебейм, бирок жарандарга шарт түзүлгөн. Литвада мен студент болуп келген кезде 2007-жылы эле жарандардын ыңгайлуу, жетиштүү, коопсуз жашоосуна шарт түзүлгөнүн байкагам. Ошондо эле электрондук системге өтүшүп, маалымкат үчүн ар кайсы жакка чуркабайт болчусуң. Кыргызстанды жамандагандан алысмын, бул жакта жүрсөк да Кыргызстан биздин мекенибиз, жерибиз, убагы келгенде мекенибизге кайтып, аны өнүктүрөбүз, салым кошушубуз керек деп ар дайым айтабыз. Бирок алдыга жылуу үчүн көп иштер, реформалар керек.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан