Төө-Ашуудагы өрттөн каза болгон милиция кызматкеринин жубайы: “МЫНДАЙ ОКУЯ БОЛОРУН БИЛГЕНДЕ УЧАККА БИЛЕТ АЛЫП БЕРМЕКПИЗ”

27-октябрда Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу тилкесинде күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетип, чиркегичи өрттөнүп кеткен. Дал ошол учурда Бишкектен Ошко бара жаткан милиция кызматкерлери Дилмурат Шамшиев менен Орозмамат Акуналиев жардамга чуркап, күйүп жаткан унаадан айдоочуну куткарып калууга жетишти. Алар өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышканда күйүүчү майга толгон цистерна жарылып кеткен. Эки милиция кызматкери тең оор жаракат алып, денесиндеги күйүктөрдүн айынан өзүнө келе албай бири 1-ноябрда, экинчиси 5-ноябрда каза болуп калды. Биз Кызыл-Кыя ШИИБинде тергөөчү болуп иштеген Орозмамат Акуналиевдин жакындары менен байланышып, маркумдун өмүр таржымалы тууралуу сүйлөштүк.

Акбермет Мырзабек кызы, жубайы: “Жумуш деп жүрүп үй бетин көргөн жок”

– Жолдошум Орозмамат Акуналиев Ноокат районунун Ничке-Суу айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү эле. Биздин үйлөнгөнүбүзгө 6 жыл болгон, ортобузда 3 балабыз бар. Эң кичүүсүнүн кыркы чыга элек, жакында эле жарыкка келген. Биздин үй-бүлө үчүн күтүлбөгөн кырсык болду. Биз аны жаш, эми гана гүлдөп турган курагында ажалга алдырабыз деп такыр ойлогон эмеспиз. Балдарыбыз да кичинекей болчу, энем “жардам берип жатканыңда жок дегенде кыркы чыга элек балаңды ойлодуң бекен балам, ай” деп боздоп жатат.

Жолдошум жумушуна аябай жоопкерчиликтүү мамиле кылчу. Ошол кырсык учурунда жанында жакындары болуп, “жок, жардам бербе” деп жолун тоссо деле болбой чуркап бармак. Ал кылам дегенин кылган өжөр жан эле. Мүнөзү ак көңүл, көп сүйлөбөгөн адам болчу. Чогуу жашаган 6 жылдын көбүн жумушунда өткөрдү. Күнү-түнү иштечү да. Эртең менен 07:30да жумушка кетсе, түнкү 1де келчү, кээде иш бөлмөсүндө жатып калар эле. Мен “качан үйдө болосуз, ушинтип эле жүрө бересизби?” десем, “4-5 жылдан кийин пенсияга чыгам, ошондо такай жаныңда болом” деп тамашалап калчу. Мен ага “Макулбек” деген ат коюп алгам, анткени жок дегенди билчү эмес. Эмне жардам сурасаң да “макул, ооба” деп турчу.

“Балдарыма той берем, жакшы мектептерде окутам дечү”

– Жолдошум абдан баласаак болчу, үй салабыз, унаа алабыз, балдарга сүннөт той беребиз деген максаттары бар эле (ыйлап). Мага, энеме күч-кубат берсин, ишенген таянар тообуздан айрылып отурабыз. 3 бала төрөдүм, баарын төрөгөндө түнү-күнү жанымда болуп, кыркы чыккыча каралашып, түнү ойгонуп балдарынын курсагын тойгузчу. Таарынсам “таарынып бүттүңбү же жокпу” деп тамашалап таарынычымды жазып алчу. “Сен төрөгөн сайын эле сулуу болуп баратасың, мага тийип ачылып кеттиң, жанка, ээ?” деп күлдүрө берчү. Чогуу аз убакыт жашасам да ушундай адамдын өмүрлүк жубайы болгонума ыраазымын. Энем экөөбүз эгер жолдо ушундай окуяга кабыларын билгенибизде учакка билет алып бермекпиз деп кучакташып ыйладык. Кудайга шүгүр, балдарым да күйөөмө окшош акылдуу. Эми “атам каякта?” деп сурашса кантип жооп беребиз деп отурабыз. Алар үчүн атасы иш сапарда, бир күнү таттуу көтөрүп үйгө кирип келерин күтүп жатышат.

Анар Авлазова, апасы: “Менин балам эмес, элдин баласы болуп калганын сезбей калыптырмын”

– Балам Орозмамат атасына окшош, атасы да мекенчил, эл адамы эле. Эл пара алса да, күйөөм такыр пара албай иш кылчу. Өкмөттүн жерлерине зым да тостуртчу эмес, “тийбегиле, бул элдики” деп турчу. Балам да түндө чалса түндө, күндүз чалса күндүз “жарайт” деп эле ичип жаткан ашын таштап жумушка кетчү. Ойлоп табуучулук жөндөмү бар эле, “апа, тигини жасайлы, муну жасайлы” деп эле турчу. Каралдым менин балам эмес, минтип элдин баласы болуп калганын сезбей калыптырмын. Эне үчүн бала дайыма кичинекей бойдон калат экен. Алдым-жуттум эмес, мага гана болсун дебеген баламдан айрылып калдым. Атасы “балам сапаттуу билим алсын” деп эл 12 тыйын таба албай отурган жылдары жылына 12 миң сом төлөп Кыргыз-түрк лицейинде окуткан. Балдардын билиминен акча аячу эмес.

“Сүрөткө тарткандарды кармасам, энесин окутам дептир”

– Каргашалуу 27-октябрь күнү балам шериги экөө Бишкектен иш сапардан келе жатышкан экен. Жолдо күйүүчү май ташыган унаанын өрттөнүп жатканын көрүп шериги экөө жардам бергени шашат. Кыдыш деген тууганы бар эле, ошого чалып “Кыдыш, бул жерде тургандар бизге жардам бергендин ордуна сүрөткө тартып жатышат. Ошолордун сүрөттөрү интернетке чыгып кетсе сактап койчу, тапсам энесин окутам” деп ачууланган экен. Четте жардам бербей өрттү видеого, сүрөткө тартып тургандарга жинденген окшойт. Жардам берип, күйүп жаткан унаанын ичинен айдоочусун түшүрүп жатканда баламдын буту күйүүчү майга малынып калыптыр. Кийин ооруканада жатканда деле сүйлөп жатты дешти, бирок дарыгерлер “денесинин 70 пайызы күйүп калыптыр, кеч калдыңар” деп коюшту. Цистерна жарылганда балам өрттөн качып чыгып шериги экөө боюн сууга таштаптыр. Ал жерден адамдар куткарып, Кара-Балта шаардык ооруканасына алып барышат. Кайра түнү ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Бишкектеги шаардык ооруканага жеткиришти. Башында бизге врачтар “денесинин 35-40 пайызы күйгөн, жакшы болуп кетер” деп үмүт беришкен. Бирок кийин чынында денесинин 70 пайызы күйүп калганын билдик. Ооруканада жатканда бир туугандары акча чогултуп Түркиядан дарылаталы дешкен, президент да тапшырма берип балабызды дыкат кароого тапшырма бериптир.

Балам чыныгы милиция кызматкери кандай болушу керек дегенге үлгү болуп өмүрү менен коштошту. Ошол убакта өлөм деп ойлобосо керек, ойлогону эле жардам берүү болду да. Минтип артында 3 баласы, энеси, айдай жары зарлап-какшап каларын билбей кетти.

Кыргыз милициясынын кадырын ушундай эр жүрөк, адамгерчилиги бийик, жумушун сүйгөн кызматкерлер көтөрөт. Бирөөгө жардам берем деп өз өмүрлөрүн тобокелге салган Дилмурат Шамшиев менен Орозмамат Акуналиевдин эрдиги үлгү катары ооздон-оозго айтыла жүрүүгө тийиш.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан