Кызсайкал Кабылова, ырчы: «БАЙ АДАМГА ТУРМУШКА ЧЫКПАЙМ ДЕЧҮМҮН»

Ырчы Кызсайкал Кабылова жана анын кайниси, интернет аркылуу көпчүлүккө тааныла баштаган блогер Бектур Казатбек уулу менен баарлаштык. Жеңе-кайни ачык-айрым, кызыктуу маек куруп беришти.

– Куш келипсиздер, маанай кандай?

Кызсайкал Кабылова: – Рахмат. Маанай аябай сонун. Бул жакка келе жатып Бектур жасанганда аябай сонун болуп кетти (күлүп).

– Бектурду окурмандарга тааныштыра кетели анда...

К.К.: – Кайним 20 жашта. “Мен силердин үй-бүлөңөрдө төрөлсөм болмок, адашып эле бул жакта туулуп калгам” деп калат. Биздин үйдөгү эң шайыр адам. Жаңы бүлөгө барганымда жашоону жеңилдетип берген адам Бектур болду. Колумдан иш ала калып, келиндик жүктү сездирген жок. Жанымда көп жүрөт, тойлордо ырымдын музыкасын коюп жардамдашат, ушундан улам көптөр “жолдошу кызганып, жанына инисин кошуп жөнөтөт” деп ойлошот экен. Андай эмес.

– Бектур, Кызсайкал кандай жеңе болуп жатат?

Бектур Казатбек уулу: – Зор да. Башында жеңемди “тамак жасай албаса керек” деп ойлочубуз. Мен 5-6-класста окуп жатканда эжем турмушка чыгып кетип, үй ичиндеги иштер мага жүктөлгөн. Тамакты жакшы жасайм, жеңем менен тең тайлашып коём деп жаткам, анан эле жооштон жоон чыгат дегендей болбодубу. Фрикасе-срикасе, бифштекс, бир башкача тамактарды жасап чыга калды. Ошентип ал жагынан озуп кетти. Анан үй жыйнаган жагын көрөйүн дедим.

К.К.: – Үй жыйнаган жактан экөөбүз бирдейбиз. Ушундай, бири-бирибизге колдоо көргөзүп, мен тамак жасасам бул үй жыйнай калат. Апам (ред.: кайненеси) жумуштан келгиче жасап туруп, апама “жеңем жасады, кандай болуптур?” деп мени мактап коёт. Бул нерсе аябай жагымдуу болот экен.

– Экөөңүздөр вайн тартып баштадыңыздар. Бул кимдин идеясы болду?

К.К.: – Сценарийин мен түзөм. Бул бир дубль менен эле ойноп берип коёт. Кыйын актёрлор дагы Бектурдун таланты тууралуу “жасалмалуулугу жок экен” деп айтышты.

– Салт боюнча, жеңеси кайнисин атынан айтпай тергейт эмеспи. Сиз шатыратып эле айтып жатасыз го...

К.К.: – Биз мурдатан таанышпыз да. Мен келин болуп барганда эле апам “эч кимди тергебей эле кой, тергеп алып бири-биринин артынан жаман сөз айткандан көрө, тергебей эле сый болуп жүргүлө” деген. Балким, тергесем, ортодо кандайдыр бир дубал орноп калмак. Биздин үй-бүлөдө тергемей жок, кайнежемди деле Чопа эже дейм.

– Үйдө ар кандай жагдай болот да, таарыныч, кер-мур айтышуу дегендей. Ушундай кырдаалдан кантип чыгасыздар?

Б.К.: – Байкем менен көп таарыныч деле болбойт, ал мага анча көңүл деле бурбайт, жаш дейт да. Негизи жаш эмесмин бирок (күлүп). Апам менен кээде бир аз түшүнбөстүк болуп кетет. Жеңем менен Мики акемдин ортосунда түшүнбөстүк болот. Анан жеңем экөөбүз отуруп алып кечке шыбайбыз “тигилер минтти, алар мындай” деп (күлүп).

К.К.: – Менин бир жаман адатым бар, бирөө жиниме тийсе ошол адам менен чогуу отуруп чай ичким келбейт. Бирок беш-он мүнөт эле, ошол аралыкта мага эч ким тийбеши керек. Бирок бул келет, “бас, жеңе, чай ичебиз” дейт. Мен “тиги кетсин, бир аздан кийин ичем” десем, барат да дасторконду 2-кабатка көтөрүп баса берет (күлүп).

– Социалдык тармактарда ар кандай комментарийлер жазылат, сындагандар да бар. Бул нерсе үй-бүлөңүзгө терс таасирин тийгизбейби?

К.К.: – Мен барганда эле апама “негативдерге көңүл бурбаңыз” дегем. А биздин иммунитетибиз негативге жакшы эле. Терс таасирин деле тийгизгенин байкабадым. Кээ бир комментарийди окуп, түздөнгөнгө аракет кылам. Эл тараза – эл сынчы деп коёт го. Элдин сөзү менен түздөнүп, элдин сөзү менен такшалып келе жатабыз.

– Үй-бүлөлүк союз бекем болушу үчүн аялдын моюнунда кандай милдеттер бар деп ойлойсуз?

К.К.: – Негизи аялга көбүрөөк милдеттенмелер жүктөлөт. Эркек үйдүн чоңу, ханы деп эсептелсе, аял дагы өзүнө тийиштүү ишти ашыгы менен кылат. Мурун көпчүлүк аялдар үйдө отуруп, эркектер бакчу эмес беле. Азыр жок, тең тайлашып иштеп, “мен да иштеп жардам берем” дегендер көп. Мен деле ошондой айымдардын биримин, колумдан келишинче колдойм. Негизи бай адамга тийбейм дечүмүн, анткени даяр нерсеге барып кыйналгандын көрө баарын чогуу жасап жетсең таттуу болот.

– Жашоодо кагылып-согулдуңуз. Алган сабагыңыз эмне болду, кандай жашаш керек экен адам?

К.К.: – Бир келген жашоодо бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутпай, колдон келсе жардам берген жакшы экен. Ишке ашпай калган нерсеге кайгырып, өкүнө берген болбойт экен. Чоңураак сыноо келсе эле “жашоомдун аягы ушул” деп кейий бербеш керек. Жашоо бар, баары уланат. Сынбаш керек, баарын жеңил кабыл алып жеңсе болот.

– Бектур, жеңеңиз менен агаңыздан кандай үлгү алып жатасыз?

Б.К.: – Булардан үлгү алчу деле эч нерсе жок (каткырып). Тамаша, байкемдин сабырдуулугу жагат. Айдоочулар кээде жол талашып унааңды кыса беришет го, ошондо да айнегин түшүрүп акырын гана “байке, бир аз күзгүнү карап коёсузбу, э?” деп кетип калат. Мурун андай эмес болчу да, ызылдашып, ээй... Анан аябай кечиримдүү. А жеңем ак көңүл, колдоосун эч качан аябайт.

– Жакында Гүлжигит Сатыбековдун “Коштошуу” деген ырын ырдап, Баткен окуясында курман болгон жоокер тууралуу клип тарттыңыз. Ушул клип тууралуу айтсаңыз.

К.К.: – Ооба, бул клип чыныгы окуяга негизделип, 2022-жылы сентябрь айында каза болгон жоокер Жеңишбек Иманбек уулунун жаркын элесине арналып тартылды. Көп убакытты, көп чыгымды талап кылган клип болду. Аны көп көрүү топтосун, байып кетейин деген максатта тарткан жокмун. Жоокердин апасынын “балам тууралуу клип тартылса же спектакль коюлса, ал тирилип келгендей сүйүнүп калат элем” деген сөзүн угуп клип тартууну чечтим. Клип күйөрмандарымдын жүрөгүнөн орун алып, көпчүлүгү жакшы баа берип, колдоп жатышат. Ыраазымын.

– Кызыңыз Алфия кандай жүрөт?

К.К.: – Жакшы. Кудайга шүгүр, чоңоюп жатат. Болушунча камерадан алыс кармаганга аракет кылам. Азыр чоң энесинин колунда. Биз ушинтип жумушка, тойго кеткенде таенеси менен же чоң энеси менен калат. Атасына жакын. Кичинекей бала апасын издейт го, кызым уйкудан туруп эле атасын издейт (күлүп). Буга башында капа болуп жүрдүм, көрсө, бала тамырчы экен да, ким жакшы мамиле кылса, ошого жакын болот тура.

– Канча балалуу болууну кыялданасыз?

К.К.: – 8 жашымда болсо керек, “Супер-Инфо” гезитине маек бергенде “канча балалуу болосуң?” десе “15 балалуу болом” дептирмин (күлүп). Бизде Гүлнара Кахарова эжебиз көп балалуу айым эмеспи. Эжеге “сиздин ордуңузду мен басам” деп калам. Кичинекей кезимден эле көп балалуу болууну каалайм. Кудайым тилегиме жеткирсин. Ондон ашыгыраак болсо жакшы.

– Тилегиңизге жетиңиз!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан