ЭСКИРГЕН ДАРЫ-ДАРМЕКТЕН КАНТИП ТУУРА АРЫЛУУ КЕРЕК?

Адатта, жаныбызда же дары кутучабызда ооруну басаңдатуучу, дене табын түшүрүүчү же жүрөк дартынын дары-дармектери сөзсүз табылат. Арасында мөөнөтү өтүп кеткени же колдонулган пластырь, бинт, шприц сыяктуулар жүргөн болот. Аларды сактоонун эч кереги жок. Кантип туура арылуу керек? Билип алыңыз.

Топуракка түшкөндө айлана-чөйрөнү булгайт

Жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен дарынын 1-2 таблеткасы же сироптон 15 миллилитр калса да аларды жок кылууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарыл. Дары-дармектерди таштандыга ыргытуу же аларды дааратканага же раковинага агызып жиберүүдө табиятка, жаныбарларга жана башка адамдарга зыянын тийгизиши мүмкүн. Дары-дармектер жер астындагы сууларга же топуракка түшкөндө айлана-чөйрөнү булгайт, ачык жерде калса күндүн таасири астында химиялык ууларды бөлүп чыгарат. Агын сууда эриген дары топуракка, топурактан өсүмдүккө, анан айланып кайра бизге жетип таасирин тийгизе берет. Мындан сырткары таштандыдан тамак издеген ит-мышыктар кан болгон бинт, кебездерди шимшилеп, кээде төгүлгөн сироп, дары майларын жеп алып зыян тартышы ыктымал. Адам менен кошо жашап жаткан мындай жаныбарлар кайра эле үйгө оору чакырат. Ошондой эле таштандыдагы кызыл-сары болгон таблеткаларга, ичип жүргөн, бирок мөөнөтү өткөн сиропторго кызыгып жеп алышы же колдонулган шприцтер менен ойноп кетиши ыктымал. Акыры келип жаман кесепеттерге туш болушат. Булардын алдын алып, үй шартында дары-дармектерди туура жок кылуу шарт.

Ал эми оорукана, бейтапкана, дарыканалар колдонулган, мөөнөтү эскирген дары-дармекти, шприц, бинт жана башкаларды коопсуз утилизациялоочу мекемелерге өткөрүп беришет. Алар атайын термикалык же химиялык, микротолкундуу жана башка ыкмаларды колдонуп жок кылышат.

Кандай дары-дармектерди жок кылуу керек?

Биринчи кезекте мөөнөтү өтүп кеткен дарыларга көңүл буруу зарыл. Дары-дармектер жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин дагы алты ай бою колдонсо болот деген пикир бар. Бирок АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы мөөнөтү өткөн дарыларда бактериялар тез көбөйүп кетерин, андан дарыланбай эле, тескери натыйжа болушу мүмкүн экенин эскертет.

• сырты жок белгисиз таблеткалар

• жарылып кеткен, түсүн өзгөртүп жиберген, майдаланган таблеткалар

• бозоруп кеткен, түсүн, жытын өзгөрткөн сироптор

• бири-бирине жабышкан капсулалар

• ирим тарткан, сууланышкан дары майлар

• жарака кеткен ампулалар, свечалар

• жарактуулук мөөнөтүн аныктоого мүмкүн болбогон жазуулары өчүрүлгөн бардык дары-дармектер

• ачылып калган шприцтер, анткени алар эми стерилдүү эмес

Кантип жок кылуу керек?

• Дааратканага сууда толугу менен эрип кетүүчү дарыларды агызса болот, бирок бул антибиотиктерге тиешелүү эмес.

• Антибиотик же башка сууда эрибей турган таблеткаларды, капсулаларды маска кийип алып жанчып, кумга же кофенин калдыктарына аралаштырып баштыкка же айнек идишке салып оозун бекем жаап таштандыга салуу керек.

• Дары майларын, свечаларды же ушул сыяктуу жумшак дарыларды идишинен кум салынган баштыкка сыгып, аралаштырып, андан соң таштандыга салынат. Ал эми сырттарын калай идиштер менен бирге таштандыга таштоо керек.

• Колдонулган медициналык беткаптарды жана кол каптарды, айрыкча вирустук же бактериялык инфекция учурунда же жараатты дарылоодо колдонулгандарды таштоодон мурун герметикалык баштыктарга салып оозун бекем байлоо кажет. Мындай жол менен вирустардын же инфекциялардын жайылышын алдын алууга болот.

• Колдонулган таңуучу кездемелерди, бинттерди, кебезди, марляны алгач хлор сууга 1-2 саатка чылап дезинфекциялап, анан баштыкка салып, кадимки таштанды катары ыргыта аласыз.

• Шприц, ийнелерди да туура жок кылуу керек. Бул ден соолугуна байланыштуу көп учурда үй шартында ийне алууга мажбур болгондорго тиешелүү. Колдонулган шприц, ийнени атайын оозу бекем жабылган желим идиштерге салып, курч, кооптуу нерсе бар экенин сыртына жазып коюу шарт. Картон же айнек идиш колдонууга болбойт. Мындан соң гана таштандыга салсаңыз болот.

• Ошондой эле дене табын текшерүүчү сымабы бар градусникти да ыргытууга болбойт. Ал сынганда андагы сымап абага тарап, абадан дем алган адам, жаныбардын организмине орчундуу зыян тийгизип баштайт. Ошондуктан аны жакынкы ӨКМ кызматына өткөрүп берүү кажет. Эгер сынып кеткен болсо желим кол кап, маска кийип, марганцовка коюу кошулган банкадагы сууга сымапты кылдаттык менен болушунча тазалап салып, оозун бекем жаап, сыртын да желим баштыкка салып ӨКМге өткөрөбүз. Мындан соң хлор кошулган суу менен бардык жерди сүрүп чыгып, үйдү желдетүү керек.

Ыргытыла турган дарылардын санын азайтуу үчүн

• Ар бир 6 ай сайын дары кутучасын текшерип туруу зарыл. Бул сизге кайсы дарылардын колдонуу мөөнөтү аз калганын жана мүмкүн болсо, аларды колдонуу керектигин эстеп калууга жардам берет. Ошондой эле мындай текшерүү үйдө эмне бар экенин көрсөтүп, ашыкчасын сатып албоону эскертет.

• Кийин керек болуп калса деп дары сатып ала берген да болбойт, анткени айланабызда дарыканалар көп. Зарыл учурда гана алган жакшы. Дайыма дары-дармектерди колдонууну талап кылган өнөкөт оорусу бар адамдарды кошпогондо.

• Дарылык кызматы окшош, аталыштары башка дарыларды да ала бербеңиз. Мындай жолдор менен алгач каражатыңыз үнөмдөлөт, анан ыргытылуучу дарылардын саны азайып, жаратылышка зыяны көп тийбейт.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан