Эдгар Бернхардт, футболчу: “ОЮНЧУ КАТАРЫ КАРЬЕРАМДЫ ЖЫЙЫНТЫКТАДЫМ”

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын оюнчусу Эдгар Бернхардт жакында улуттук курамдын машыктыруучулар штабына кирди. Жаңы ишине жең түрө киришкен Эдгар мырзаны кепке тарттык. “Кыргызстанда жашап жатканымды кубануу менен кабыл алам” деген футболчунун маеги назарыңыздарда.

– Саламатсызбы, Эдгар мырза? Жакында Улуттук курама команданын машыктыруучулар штабына кирдиңиз. Штефан Тарковичтин штабы сизди кандай кабыл алды? Атмосфера кандай экен?

– Саламатсыздарбы? Мени машыктыруучулардын штабы абдан жакшы кабыл алды. Дээрлик 10 жылдан бери Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги, оюнчулар менен жакшы таанышпыз, бири-бирибизди билебиз. Машыктыруучулук штаб менен ноябрдагы курама команданын окуу-машыгуулары башталгандан тартып дагы да тыгыз иштешип баштайбыз. Мен башкы машыктыруучу Штефан Тарковичти мурдатан билем, аны менен Германияда жолугуп, баарлашкан элек. Жамааттын ичиндеги атмосфера абдан жакшы, ал дайыма жакшы болгон жана мындан ары дагы жакшы боло берет. Биздин милдет – натыйжаларды жакшыртуу. Андыктан бүт аракетибизди жумшайбыз.

– Машыктыруучу болуу мурдатан планыңызда бар беле?

– Өзүң ойногон өлкөнүн командасында машыктыруучу же машыктыруучуга жардамчы болуу – бул чоң сыймык. Бул менин кыялдарымдын бири болчу. Эки жыл мурун 5-13 жаштагы балдарды машыктыра баштагам. Машыктыруучулук жумуш оңой эмес, бирок мага абдан жагат. Күндө жумушума ырахаттануу менен барам.

– Машыктыруучулук боюнча категорияңыз кандай? UEFA-Pro лицензиясын алуу максатыңыз барбы?

– Улуттук курама командада ойногон оюнчу катары менде С категориясы бар. Албетте, UEFA-Pro машыктыруучулук лицензиясын алгым келет. Бирок аны Европадан алуу керек. Биздин зонада AFK-Pro. Албетте, каалоо да, максат да бар.

– Машыктыруучу болушуңуз менен сизди профессионалдык карьерасын жыйынтыктады деп эсептесек болобу?

– Бул суроого жооп берүү кыйын. Бул өлкөгө жана сунушка жараша болот, анткени командада өзүңдү оюнчу-машыктыруучу катары көрсөтүүгө сунуштар болушу мүмкүн. Мен өзүмдү дайыма формада кармайм, анткени футболсуз жашай албайм. Ал эми ойноо да, машыгуу да кызыктуу. Эми максат – машыктыруучулук карьерада ийгилик жаратууга көбүрөөк умтулуу. Жаш курак өзүнө жараша түзөтүүлөрдү жасайт эмеспи. Кесипкөй оюнчу катары карьерамды бүтүрдүм, калганын убакыт көрсөтөт.

– Сиздин оюңуз боюнча Европа жана Азия футболунун негизги айырмачылыгы эмнеде?

– Европада футбол ылдам. Мисалы, Англияда оюнчу топту бутунда 1,5 секунд, Германияда 2 секунд кармаса, Орто Азияда оюнчу топту бутунда 3-5 секунд кармайт. Бул албетте, оюнчунун да деңгээлине жараша болот. Орто эсеп менен алганда Азия футболу Европа футболунан ылдамдыгы, ой жүгүртүүсү, техникасын даярдоо жагынан айырмаланат. Биздин оюнчулардын дриблингде да, жекече оюнда да техникасы жакшы. Бирок стандарт боюнча топту кабыл алуу, өйдө кароо сыяктуу жагдайларда биз артта калдык. Бирок Борбор Азияда Өзбекстан буга абдан көңүл бурат. Биз өнүгүүгө умтулуп, окушубуз шарт. Жакшы оюн талаалары керек. Европада шарттар жакшы, ошон үчүн окуу-машыгуулары мыкты деңгээлде. Ал эми стилди адам өзү жасайт, оюнга кантип жардам берүү керек деген идеясы, философиясы бар машыктыруучу ал оюнчуну таптап, үйрөтөт.

– Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

– Мен 1986-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөм. 5 жашка чейин Кыргызстанда жашап, кийин Германияга көчүп кеттик. 9-10 жашымдан тарта футболго кызыгуум күчөдү. Дээрлик ар бир күнү футбол ойночумун. Ата-энем мени издеп эле жүрчү, сабакка барбай футбол талаасына кетип калган учурлар дагы болгон. Мага футболдон башка нерсе керек эмес болчу. Досторум дагы футболдо жүрүшчү. Германиянын кичинекей айылында жашаганыма карабай акырындык менен өзүмдү көрсөттүм, профессионалдык клубдардын көзүнө илиндим. 17 жашымда футболчу катары биринчи келишимди түздүм. Анан акырындык менен алга карай умтулдум, жаракатыма карабастан. Оң бутумдун сөөгү төрт жеринен сынган эле. Мындай жаракат карьерага зыянын тийгизбей койбойт. Айрымдар мындай жаракаттан кийин биротоло спорттон кетишет. Бирок каалоо күчтүү болсо, оюнчу ар дайым алга карай жылууга мүмкүнчүлүк табат. Абдан өжөр элем, көздөгөнүмө жетүү үчүн тажабай мүмкүнчүлүк издечүмүн.

– Футболду тандооңузга эмне себеп болду?

– Футболду сүйүп калышыма телевизордон көргөн бир адам жана анын ойногону, кыймылы себеп болду. Ошол учур сыйкырдуу таасир сыяктуу эле. Аны көрөрүм менен мен да ошондой кыймылдарды жасагым келди, ага окшоп футбол талаасында болгум келгенин дароо түшүндүм. Ал оюнчу Роналду Луис Назарио де Лима болчу. Бүгүнкү күнгө чейин ал менин футболдогу кумирим. Менимче, ал жаракат алганга чейин футбол тарыхында эң мыкты оюнчу болгон. Мен үчүн ал эң мыкты бойдон калат.

– Улуттук курамда канча оюн өткөрдүңүз?

– Улуттук курамда расмий түрдө 41 беттеш өткөрдүм. Командага өтө кеч, жашым отузга жакындап калган кезде кошулдум. Улуттук курамада ойногум келчү. Федерацияга биринчи жолу 24 жашымда кат жазгам. Кат жазып, чалып, өзүм сунуштадым. Биринчи оюнум Кытай менен болгон. Менимче, 2015-жыл болуш керек эле.


– Бир топ жылдан бери ушул өлкөдө жашап келесиз. Кыргызстан сизге эмнеси менен жагат?

– Бишкекке 2019-жылы көчүп келдим. Бул жакта жашап жатканымды кубануу менен кабыл алам. Мага бул жактын тоолору, эли, табияты, аба ырайы, тамак-ашы абдан жагат. Бир гана көчөдөгү унаа тыгындары жакпайт, шарт түзүлсө унаада эмес, велосипед менен жүрсөк жакшы болмок.

– Жубайыңыз дагы футболду сүйүүчүлөрдөн болсо керек. Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз...

– Жубайым кыргызстандык эле, фотомодель. Кыргызстандын жана кыргыз футболунун чоң күйөрманы. Өлкө үчүн абдан санааркап турат. Апасына окшош сулуу кызым бар. Кызым менен ар күнүм абдан кызыктуу, кубанычтуу өтөт.

– Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан