ЧЫЧАҢ КИСТАСЫ – СЕЙРЕК КЕЗДЕШКЕН АЗАПТУУ ДАРТ

Адатта, уят деп эсептеп, айрым ооруларды айтуудан ийменгендер бар. Андай дарттардын бири – чычаң кистасы. Аны убагында операция жолу менен алдырып салбаса кийин ириңдеп, адамды азапка салат. Толук маалыматты Улуттук госпиталдын колопроктология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Ызакжан Бектенов айтып берди.

"Бездер сезгенип, жарага айланат"

– Куймулчактын учу чычаң деп аталат. Ал кичирээк көлөмдөгү 4-5 омурткадан турат. Айрымдарда чычаңынын тушунда, башкача айтканда, жамбаштын бүгүштөрүнүн ортосунда ичке каналча болот. Ал ичке каналчада бир же бир нече кичинекей тешикчелер бар. Мына ошол тешикчелүү каналча медицинада “эпителиалдык чычаң жолу” деп аталат. Каналчанин ичинде тер жана май бездери, түктөрдүн пияз сымал түптөрү (луковица) жайгашкан. Аталган бездерден бөлүнүп чыккан май жана терлер сырта тешикчелер аркылуу чыгып турат.

Эпителиалдык чычаң жолу жөн учурда билинбей жүрө берет. Болгону жамбаштын бүгүштөрү май жана терден улам нымдалышат, бир аз кычыштырат. Убак-убагы менен жууп тазалап турбаса, нымдалышкан жерде микробдор топтолуп, тешикче аркылуу кирип кетет да, ички бездерди сезгендирет. Негизи эле сезгенүүгө тешикчелердин түздөн-түз тиешеси болот. Мисалы, алар чаң жана башкалардан улам бүтөлүп калганда, жаракатка кабылганда, тегереги тытылган кезде сезгенүү ичтеги бездерге өтөт. Сезгенген май жана тер бездери, алардын тегерегиндеги ткандар кызарат, шишийт, ириңдейт. Дене тап көтөрүлүп, лукулдатып, адамды отургузбай оорутат. Шишик тешикчеден сыртка чейин чыгып, киста сымал көрүнүп калат. Ошондуктан шарттуу түрдө “чычаң кистасы” аталган. Бирок чычаңга эч тиешеси жок. Сезгенген бездер жарага айланат. Дарыланбаган учурда ириң акырындан сыртка, терини тешип чыгып, орду көңдөйчө болуп калат.

"Хирургга эмес, проктологго барыш керек"

– Ириң жарылгандан кийин оорутуу бир аз азайып, адам өзүн жакшы сезип калат. Бирок жарылган жаранын орду оңою менен бүтпөйт. Кайра-кайра ириң чыгып жүрө берет. Айрымдар проктологго эмес, хирургга барышат. Хирургдар ириңди чыгарып койгону менен, канча бир убактан кийин ал жерге ириң кайра чогулат. Кайра-кайра хирургга баргандан коркуп жүрө бергендерде ириң ич жакка тарап кетет же терини башка жагынан жарып чыгат. Андай тешикчелердин ткандары акырындап чирий баштайт. Айрымдарда ириң чычаңдын тегерегинен тышкары жука чурайга чейин тарап, ошол жактан да терини тешип чыгышы мүмкүн.

Ошондуктан гигиенаны сактап, аталган тешикчелер аркылуу денеге инфекциянын кирип кетишине жол бербеш керек.

Айрым учурда тешикчелүү каналчадагы пияз түп сымал түктөр организмдеги кайсы бир гормондордун көбөйүп кетишинен өсүп, тегерегиндеги без, ткандарды сезгендирет. Түктөр тешикчелердин ич жагында болгондуктан алар ичкери көздөй өсөрүн айта кетиш керек.

"Адам генинде куйруктун орду бар"

Айрым окумуштуулар адам маймылдан жаралган деген түшүнүктү карманышканы белгилүү. Алар эволюциянын алкагында байыркы адамдар тике басууга үйрөнүп, бара-бара куйруктар функциясын жоготуп, чыкпай калган дешет. Бирок адам генинде куйруктун орду бар, алар түйүлдүктүн алгачкы жаралуу стадиясында чычаңда пайда болот да бирок андан ары өсүүсүн токтотот. Айрымдарда куйруктун ордуна биз сөз кылып жаткан эпителиалдык чычаң жолу жаралып калат. Бул патология катары саналат жана тукум куучулук мүнөзгө ээ. Азыркы учурда өтө чанда болсо да куйрук менен туулган адамдар кездешет.

Аталган оору аялдарга караганда эркектерде көбүрөөк кездешет. 15-45 жаштагылар арасында бул оорудан азап тартып, операция жасаткандар көп. Жумушу отуруп иштөөгө байланышкандарда, мисалы, айдоочуларда, кеңсе кызматкерлеринде, алардан тышкары мотоцикл, атты көп мингендерде аталган оору көп кездешет. Анткени аларда чычаңга кошо тешикчелүү каналга да күч келип, жаракатка кабылган учурлар бар. Дарт суукка катуу урунуудан да келип чыгат.

Диагноз

Патологиялык аймактын ткандарынын УЗИси

Фистулография. Бул ириң чыккандан калган көңдөйчөлөрдү рентгендик изилдөө

Куймулчак жана чычаңдын рентгени

Ректороманоскопия

Кандын биохимиялык анализи. Ооруда кандын курамындагы лейкоциттердин саны өсүп, эритроциттердин азайышы ылдамдайт

Дарылоо

Дарылоодо операция ыкмасы гана колдонулат. Консервативдик дарылоо ооруну аягына чейин жок кыла албайт. Операция тешикчелердин жана көңдөйчөлөрдүн санына жараша 30 мүнөттөн 1 саатка чейин созулушу мүмкүн. Операцияда эпителиалдык чычаң жолу (тешикчелер, тери алдындагы бездер, түк түптөрү чогуу) толугу менен алынып салынат.

Негизи эпителиалдык чычаң жолун мүмкүн болсо өспүрүм кезде эле алдырып салган жакшы. Анткени ал баары бир кайсы бир убакта сезгенип, азаптуу оору жаратары маалым.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан