КЫЙЫНЧЫЛЫКТАН СЫНБАШ ҮЧҮН АДАМДЫН ПСИХИКАСЫ КҮЧТҮҮ БОЛУШУ КЕРЕК

Башына сыноо түшпөгөн адам болбойт. Айрымдар оор сыноону жеңип, жашоосун андан ары улантып кетүүгө алы жетет. Кээ бирлер болсо көпкө чейин же болбосо өмүр бою өзүнө келе албай, тагдырга тизе бүгүп жашоо кечиришет. Психологдор кыйынчылыктан сынбаш үчүн адамдын психикасы күчтүү болушу керек дешет. Ал эми канткенде психиканы күчтүү кылса болорун төмөнкү ыкмалардан окуп билип алыңыз.

Ишеним

Адам өзүн толук кандуу ишенимдүү адамдар менен курчашы керек: үй-бүлө мүчөлөрүнө да, дос, тааныштарга да тиешелүү. Бул убакыт, тажрыйба менен ченеле турган процесс. Ошентсе да кыйынчылык башка түшкөн маалда ким бура басып сатып кетет да, ким акыр аягына чейин сиз тарапта турарын так билиш керек.

Адекваттуулук

Ишенимдүү адамдарды топтогон биринчи кадам. Экинчи кадам ошол адамдар адекваттуу болгону маанилүү. Акыл-эси толук, ар бир окуяга аналитикалык ой жүгүртүп, сиздин туура же туура эмес чечим чыгарганыңызды бетке айткандан коркпогон адам болушу керек. Башкача айтканда, ийгилик же кыйынчылык бир эле адамдын башына келбесин, ар бирин татыктуу көтөрүү керек экенин сырттан ажыратып билген, аны сизге жеткире алган даанышман адам жаныңызда богону жакшы.

Тануу – ачуу – соодалашуу – депрессия – кабыл алуу

Белгилүү америкалык психолог Элизабет Кюблер-Росс адам башына оор сыноо түшкөндө кабыла турган базалык 5 коргонуу механизмин так түшүндүрүп берген: тануу – ачуу – соодалашуу – депрессия – кабыл алуу. Терс эмоционалдык секирик жасаган убакта адам ал окуяны алгач тангысы келет “жок, мындай болушу мүмкүн эмес” деп. Андан кийин ачуусу келип баштайт “эмнеге мен? Кайсы күнөөм үчүн?!” деп. Бир аз убакыт өткөндөн кийин окуяга күмөн көз караш менен анализ берүү башталат, бул процесс “соодалашуу” деп аталат. “Балким, мындай кылсам башкача болмок. Минтип айтып койсом болмок...” деген сыяктуу. Эч нерсени артка кайтара албаганын сезгенде депрессия абалы келет. Убакыт өтүп, курч эмоциялар басаңдагандан кийин кабыл алуу стадиясы башталат да, адам ал сыноону тажрыйба катары кабыл алып, алдыга кадам таштайт. Коргонуунун 5 механизминен өткөндөн коркпош керек. Негизгиси – булардын биринде түбөлүк калып калбоону көзөмөлдөө керек.

Өнүгүү

Адам өмүр бою окуса да аздык кылат. Байкасаңыз, кээ бир адамдар менен маектешкенде кадимкидей эс аласың. Жан дүйнөң тынчтанат, кээ бир таппай жүргөн суроолорго жооп аласың, жаңы нерселерге кызыгууң ойгонот. Мунун баары сиз билимдүү, даанышман адам менен баарлашканыңыздан кабар берет. Андыктан психикалык жактан күчтүү болом деген адам билимге, өзүн-өзү өнүктүрүүгө басым жасашы кажет. Канчалык көп окуп, жаңы нерселерди ачып, тааныган сайын сизде кыйынчылыктарга каршы иммунитет пайда болот.

Эртең...

Көпчүлүк бир өмүрүн “эртеңки күнүм эмне болот?” деген ой жүгүртүү менен жашап өтүшөт. Ошентип жатып бүгүн, дал азыркы убактысын, өмүрүн кантип жашап жатканына маани бербей калат. Сыноо башка түшкөн маалда да адамдын башына алгач эле “эми эмне болот?” деген суроо келет. Бул учурда адам автоматтык түрдө өзүн курмандык катары кабыл ала баштайт. “Эмнеге мурда минтип койгон эмесмин? Эми кеч болуп калды...” деген өкүнүүлөрдүн баарына өзүбүз күнөөлүүбүз. Анткени дайыма эртеңки күн менен жашадык. Андыктан ар бир көз ирмемди бактылуу, кийин өкүнүп калбагыдай жашоо өзүбүздөн көз каранды.

Өзгөрүүлөр

Айрым адамдарды тең салмактуу жашоодон чыгарган – өзгөрүүлөр болуп эсептелет. Тагыраагы, “комфорт зонасынан” чыгарган абал. Көнгөн, ар бир мүнөтү так пландалган, баарына жообу даяр жашоосуна өзгөрүү киргенде адам эмне кыларын билбей алдастап калат. Апасын көз жаздымдан жоготкон наристедей кайда барарын билбей, эмоционалдык хаоско кабылат. “Бир эшик жабылса, экинчи эшик ачылат. Бирок биз жабылган эшикти ушунчалык көпкө жана ушунчалык өкүнүч менен карап отура берип, жаңы эшик ачылганын байкабай калабыз” деген америкалык окумуштуу Александр Грейам Беллдин сөзү ушундай учурларга таамай айтылган жооп. Адам акыл-эсин ийкемдүүлүккө, ар бир көз ирмемде жаралчу өзгөрүүлөргө даяр кылып тарбияласа ийгиликке бат жетерин эстен чыгарбаңыз.

Эң биринчи колдоочу – өзүң

Адамга дайыма эле жакындары жардам бере бербейт. Керекпи жылуу сөз айтканга бир адам табылбай калган учурлар болот. Андыктан биринчи кезекте өзүңүзгө, өзүңүздүн күчтүү экениңизге ишенип жашаңыз. Акыл-эсиңизди жашыңыздан тарбиялаганыңыз жакшы. Ийгиликке жетсеңиз, өзүңүздү мактай билиңиз. Кыйынчылыкка кабылсаңыз, өзүңүздү колдон алып тургузганга, колдогонго күчүңүз жетсин. Маселелерди чече аларыңызга ишенимдүү болуңуз. Чечилбеген маселе жок, эгер бар болсо чечилбесин билип туруп ага энергия коротуунун кереги жок. Психологдордун бул сөзүн да эске тутуп коюу керек.

Жоопкерчилик

Психикасы күчтүү адам эмне иш кылып жатканын жана ишинин маанилүүлүгүн билет, кандай жагдай болбосун жоопкерчилик алганга даяр. Болбой калса аны чечүү жолдорун издейт. Болсо, андан да жакшысын жаратканга аракет кылат. Ал эми психикасы алсыз адам ар бир ийгиликсиз кадамына күнөөлүү адамды же болбосо туура эмес жагдайды, учурду издейт, өзү болсо курмандыктын ролунда. Мындай көз караш адамдын энергиясын алып, аурасын да оорлотот. Ар бир туура эмес кабыл алынган чечим менен кошо сынып, алдыга жылгысы келбей калат. Эки категориядагы адамдын кайсынысына кошулгуңуз келет?

Үмүт...

Бүгүнкү күн менен жашаңыз, эртеңкиге үмүт артыңыз. Ар бир кыйынчылыктан өткөн сайын адам чыңалат, өнүгөт. Азыр сизге катастрофа сезилип жаткан окуяга “5 жылдан кийин бул окуяга кандай баа беришим мүмкүн?” деп суроо салып көрүңүз. Ар бир окуяга эмоциядан мурун акыл-эсти, адекваттуу ой жүгүртүүнү алдыга салуу туура. Ар бир маселеге позитивдүү көз караш менен караңыз. Позитивдүү десе эле кыйынчылыктан качуу деп түшүнбөө керек. Муну маселеден оң жыйынтык чыгара билүү, келечекке сабак алуу деңиз. Келечекке жакшы үмүт кылуу – ийгиликтин биринчи баскычы.

Камкордук

Жашоодогу сыноолорду моралдык, физикалык жактан күчтүү адам жакшы көтөрөт. Андыктан өзүңүзгө кам көргөндү унутпаңыз. Туура тамактануу, уйкуну кандыруу, ден соолукка убагында кам көрүү деген нерселер дайыма алдынкы планда болсун.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан