АДАМДЫН КӨРГӨН ТҮШҮ КАНДАЙ ООРУДАН КАБАР БЕРЕТ?

“Уктап жаткан адамдын мээси ошол адамдын организминдеги оорулардан кабар берет”. Орусиялык окумуштуу, медицина илимдеринин доктору Владимир Касаткин 1410 адам көргөн 27 300 түштү анализдеген соң ушундай бүтүмгө келген. Кандай түш кандай оорудан кабар бериши мүмкүн?

Кыскача...

Бир топ окумуштуулар, анын ичинде Владимир Касаткин “уйку кезинде мээ эс албай, организмде “ревизия” жүргүзөт. Кокус кайсы бир органда дарт бар болсо же жаңыдан жаралып жатса, анда ал орган мээге SOS сингалын жөнөтөт. Мээ ал сигналды түштө ар кандай образдар менен чагылдырып берет. Андыктан түш адамдын өзүнө-өзү диагноз коюсуна шарт түзүп берет” дешет.

Гипертониянын белгиси

Мындай дарты барларга уйкудан ойгонгондо да эстеп кала турган түштөр кирет. Мисалы, учуп жүргөн учактар, табигый кырсыктар (жер титирөө, катуу шамал, суу каптоо), үйлөрдүн бузулуп жатканы, чуңкурга кулап түшүү, суудан сүзүп өтө албай кыйналуу сыяктуу түштөр. Ошондой эле түшүндө шуулдаган, кытыраган же кулакты жеген жагымсыз үндөр көп кездешет.

Жүрөк оорунун белгиси

Жүрөгү ооругандарга коркунучтуу түштөр кирет. Мисалы артынан бирөөлөр кубалайт же акмалайт, туңгуюкка кулайт. Ушундан улам кара терге түшүп ойгонушат. Өлүм алдында жатканын, өзүн же башка бирөөнү акыркы сапарга узатууда жүргөнү сыяктуу жагымсыз түштөрдү көп көрүшөт.

Гипотониянын белгиси

Түшүндө өздөрүн алсыз, шалдыраган абалда сезишет. Түшүндө бир нерсени көтөрө албай, дарыяны кечип же сүзүп өтө албай кыйналышат. Тоого чыгуу же бир тоскоолдукту жарып өтүү кыйынчылык жаратат. Уйкудан ойгонгондо денеси жанчылып калгандай абалда болушат.


Бронхиалдык астманын белгиси

Булар түшүндө көбүнчө өзүн кимдир-бирөөнүн муунтуп жатканын, төшүнө бир нерсе келип жатып же отуруп алганын, сууга чөгүп баратканын көрүшөт. Өзүн бирөөлөр топурак менен көмүп жатканы, аба жетпеген жерде жүргөнү (мисалы, кеменин түпкү бөлүгүндө, кычкылтек жок башка планетада) да түшкө кириши мүмкүн. Ойгонгондо жүрөгү дүкүлдөп, тердеген абалда болушат.

Ашказан-ичеги ооруларынын белгиси

Мындай илдети барларга бузулуп кеткен чийки эт, балык, уулуу жашылча-жемиштер, жагымсыз тамактардын, кандын даамы, тишинин түшүшү сыяктуу түштөр кирет. Ойгонгондо кускусу келип, көңүлү айланат.

Боор оорусунун белгиси

Көбүнчө түшүнө мушташ, бирөөнүн өзүн бычак менен сайып жарадар кылганы, кандын даамы, ооздо ачуу даамдын сезилиши жана башкалар кирет.

Суукка кабылуунун белгиси

Түшүнө өрттүн ичинде калып, өрттөнүп же муздак сууга түшүп жатканы, өтө ысык мончодо бууда кактанып отурганы кирет. Денесине жабышкан ыңгайсыз кийим кийип жүргөнү, суусундукту канчалык көп ичсе да суусунунун канбаганы, өзүнүн жылаңач жүргөнү кирет.

Депрессиянын белгиси

Түшкө оңою менен чыга алгыс чатырман токой, бийик дубалдар, аягы туюк жолго камалып калуу жана башкалар кирет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан