ТЕЗ ТАТЫМ. ҮЙДӨ РЕСТОРАНДАГЫДАЙ ЖАСА

Дүйнөгө белгилүү жана көп желген тамактардын алдынкы бештигине италия пиццасы, америка бургери, түрк донер-кебабы, япон сушиси жана кытай дим-самы кирет. Бул 5 тамак көп жылдан бери алдынкы орунду бербей келет. Ошондуктан да тез татым жайлары популярдуу болуп жатса керек. Эгер андай жерлердеги тамактын сапатынан күмөн санап жатсаңыз, аларды үйдөн өз колуңуз менен жасасаңыз болот. Туура даярдасаңыз кафе, ресторандагыдан айырмасы болбойт. Рецепттери менен ашпоз Канимет Жеңишов бөлүшөт.

КFC тоок канаттары

Керектелүүчү азыктар:

Тоок канаттары – 1 килограмм

Ун – 1 килограмм

Өсүмдүк майы – 1 литр

Маринад үчүн:

Сарымсак – 5 тишче

Имбирь упасы – 1 аш кашык

Мурч – 1 чай кашык

Туз – 1 аш кашык

Суу – 1 литр

Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок канаттарын ашташкан жеринен экиге бөлүп, эттин араларын сайып коёбуз.

2. Сарымсакты эзипалабыз. 1 литр сууга татымалдардын баарын салып аралаштырып, канаттарды салып бир түнгө маринаддайбыз. Жок дегенде 5-6 саат турганы жакшы.

3. Маринаддалган сууну төгүп, таза суу даярдайбыз. Унду чуңкур табакка салабыз. Тоок канаттарын алгач унга оонатып, анан сууга салып, экинчи жолу кайра унга жакшылап оонатып алабыз.

4. Казанга май куюп ысып чыкканда канаттарды 3-4төн салып 15 мүнөттөн кем эмес коюп кызарта бышырып чыгарабыз. Кадимки KFC`ден кем калбаган тоок канаттары даяр!

Америка Бургери

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):

Булочкасы үчүн:

Ун – 350 грамм

Сүт – 185 миллилитр

Кумшекер – 1 аш кашык

Туз – 1 чай кашык

Жумуртканын сарысы – 1 даана

Ачыткы – 1 чай кашык

Толтурмасы үчүн:

Майонез, кетчуп – 1 аш кашыктан

Уйдун сулп эти – 200 грамм

Туз, мурч – татымына жараша

Чеддер сыры же катуу сыр сорту – 4 жука кесим

Бадыраң – 1 даана

Помидор – 1 даана

Пияз – 1 даана

Салат жалбырагы – 4 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Унду элеп, кургак азыктарды кошуп аралаштырабыз да, жылуу сүт куюп камыр жууруйбуз. Үстүн жаап жылуу жерге 30 мүнөткө коёбуз.

2. Камыр 2-3 эсе көтөрүлүп чыкканда экиге бөлүп, тоголоктоп үстүнө жумуртканын сарысын сүйкөп, күнжүт себелеп 180 градуска 25 мүнөт коюп бышырабыз. Чыгарып тең экиге бөлүп, көмөч казанга кесилген жеринен коюп кызартып алуу кажет.

3. Этти эт туурагычтан же блендер менен майдалап алабыз да, аралаштырып, ургулайбыз. Туз, мурчту кошпой туруу керек, болбосо бышырып жатканда ширеси чыгып кетет. Этти экиге бөлүп, тегерек жалпак котлета жасайбыз. Көмөч казанды ысытып, майлап эттерди салып үстүнкү бетине туз, мурч себелейбиз. От орточо болгону жакшы. Оодарып экинчи бетине туз, мурч себелеп кызартып бышырабыз. Бышканга аз калганда сыр кесимин үстүнө коюп, капкагын жаба туруп чыгарабыз.

4. Эми баарын чогултуу калды. Кетчуп менен майонезди аралаштырып, булочканын беттерине сүйкөйбүз. Астынкы кесимине алгач салат жалбырагын, помидордун жука кесимин, эт менен сырды, бадыраңдын жука кесимдери менен пияздын тегерек кесимин тизип, булочканы жаап шпажка менен сайып жакыныңызга узата берсеңиз болот.

Макдональдс фри-картошкасы

Керектелүүчү азыктар:

Картошка – 1 килограмм

Өсүмдүк майы – 1 литр

Кумшекер – 1 аш кашык

Туз – 1 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Картошканы аарчып-жууп алабыз да, узун ичке туурайбыз. Тууралган картошканы муздак сууга жууп крахмалынан арылтуу керек. Андан соң кайнап жаткан сууга салып бир кайнатып, ал суусун төгүп, кайра муздак сууга жууйбуз.

2. 1 литр муздак сууга туз менен кумшекерди аралаштырып, картошканы салабыз. 5-10 мүнөттөн соң алып чыгып кагаз майлык менен кургатып, тоңдургучка 1-2 саатка салабыз.

3. Казанга май куюп, ысып чыкканда картошканы тоңдургучтан алып бышыра баштайбыз. Болжолдуу 5-7 мүнөттө бышат. Кытыраган Макдональдстын фрисиндей картошкалар алдыңызда!

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1092, 10-16-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан