ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 20-ноябрдан 26-ноябрга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Профессионалдык чөйрөдө ийгиликке жетүүнүн эң сонун мезгилинде турасыз. Энергияңыздын төмөндүгүнөн алдыга койгон каржылык пландарыңыз ишке ашпай калат. Аптада жылдыздар сизге ар кандай түшүнбөстүктөрдү, каталарды же сүйүүдөн көңүл калуулар болорун эскертет. Жакын адамдарыңыздын бири ооруп калышы мүмкүн, эгер үй-бүлөңүздө бирөө ден соолугу боюнча даттанып жатса, дароо ооруканага алып барыңыз.


БУКАЧАР (21.04–20.05)

Достук жана романтикалык мамилелер үчүн жагымдуу апта күтүлөт. Жумушта жетекчиңиз менен тил табышып, көптөн бери жүрөгүңүздү өйүп келген маселеге чекит коёсуз. Кесиптештер менен урушпаңыз, бейтарап позицияны карманыңыз. Буга чейин сизге жардам берүүдөн баш тарткан адамдан кайра жардам сурабаңыз. Бизнес боюнча жолугушууларда пайдалуу бизнес байланыштары бар адамдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Көңүлүңүздө белгисиздик, боштук сезимдери орноп сизди кабатыр кылат. Ишкердик мамиледе абайлабасаңыз өнөктөшүңүз чоң акчага алдап кетиши мүмкүн. Бирок кесиптештердин, достордун колдоосу аркасында күч-кубатыңыз жогорулап, абалдан оңой чыгасыз. Ашыкча жумуш да физикалык жана психологиялык абалыңызды чыңалтып, энергияны сорот. Убагында тыныгуу албасаңыз узакка созулган депрессияга кабылып, иштөө жөндөмүңүздөн куру аласыз.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Дүйнө кезүү, жаңы эл, маданият менен таанышуу, келечектүү жана кызыктуу адамдар менен баарлашууга ыңгайлуу мезгил. Саякаттоону сүйсөңүз аптада сизди көп ийгиликтүү сапарлар күтөт. Жогорку окуу жайда окуган студенттер келечектеги пландарын түзүп, ага киришүүнү азыртан баштаганы жакшы. Унаа башкарууну үйрөнгүсү келгендер үчүн ийгиликтүү учур. Кесибин алмаштырам дегендер эч коркпой кадам таштаганы туура.


АРСТАН (23.07–23.08)

Ишкердик баштоого ылайыктуу учур. “Акчам күйүп кетет” деп коркпой эле койсоңуз болот. Апта ортосунда узакка сапарга чыгышыңыз мүмкүн, эгер жеке унааңыз менен алыска барсаңыз аба ырайына карап чыгыңыз. Үй-бүлөлүк мамиледе жоопкерчиликсиздигиңизден улам кыйынчылыктар жаралат, өзүңүз аткарчу иштерди башканын милдети кылып үйгөндү токтотуңуз. Кризистик кырдаалдан чыгууга сизге алтынчы туюмуңуз жардам берет.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Жашооңузда сизге таяныч, жөлөк, калкан болгон адамды табасыз. Көп күткөн бактыңыздан ырахат гана алып жашоого убакыт келди. Сүйкүмдүүлүгүңүз артып чөйрөңүздөгүлөрдүн көңүл борборунда болосуз. Коммерциялык иштерде активдүү болуңуз, жемиштүү ишкердик сизден мурункуга караганда алда канча көп күч-аракетти талап кылат. Экстремалдуу спорт түрүнө кызыккан бийкечтер убактылуу бул хоббисинен баш тартып турганы оң.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Аптада иш кагаздарына байланыштуу юридикалык маселелериңизди оңой чечип аласыз. Ар кандай чыр-чатактардан качуу сунушталат, сизге тиешеси жок конфликттерге аралашпаңыз жана арачы болбоңуз. Өнөкөт ооруларыңыз болсо тез арада медициналык кароодон өтүшүңүз керек. Жаңы ишкердик баштоодо ыңгайлуу убактысын күткөнүңүз жакшы, болбосо көп убакыт коротуп, баштаган ишиңизден аз эле пайда алып каласыз.


ЧАЯН (24.10–22.11)

Чоң иштердин планын дал ушул аптада түзсөңүз баштай турган ишиңиз ийгиликтүү болот. Энергияңыз жана сиздеги оптимисттик маанай көп иштерди бүтүрүүгө жардам берет. Кесиптик чөйрөдө мартабаңыз артып, буга чейин жасаган эмгектериңиз жемишин берет. Аптада эмне деп айтканыңыз, жасаган ишиңиздин баары сиздин келечекти аныктайт. Каралоого дуушар болосуз, мунун айынан жакын адамыңыз менен урушуп кетишиңиз мүмкүн.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Кирешеңиз көбөйүп, материалдык абалыңыз жакшырат. Анын эсебинен кыймылсыз мүлк сатып аласыз. Алдыда аткарчу, жасалчу пландарыңызды алдын ала эч кимге айтпай туруңуз, ишке ашпай калуу коркунучу бар. Салмактуу, ойлонулган чечимдердин арты менен кызматтык тепкичтен көтөрүлөсүз. Карызга акча алуу жана берүү сунушталбайт. Жүрөгүңүздүн ээси алыста болсо, тез-тез кабарлашып сезимиңизди билдирип турганыңыз жакшы.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Жеке жашооңузга башкаларды кийлигиштирбегенге аракет кылыңыз. Болбосо, сиздин жашооңуз менен көп киши алек болуп, сүйүктүүңүз менен ынтымагыңыз ыдырайт. Ата-эне, бир туугандар менен мамилени бекемдеп, жакындашууну колго алыңыз. Соода менен алектенгендердин кошумча киреше булагы пайда болот. Көңүл ачууну жана ири сатып алууларды бир азга четке жылдырып турганыңыз жакшы.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Кесиптик чөйрөдө сизди күчтүү атаандаштык күтүүдө. Буга чейин топтогон бардык профессионалдык тажрыйбаңызды жумушта колдонгонго туура келет, болбосо атаандашыңыз күчтүү болуп сизди экинчи планга жылдырып коюшу ыктымал. Бардык кырдаалга тез реакция жасап, ар бир окуяны көңүл сыртында калтырбаңыз. Сүйүүдө сабырдуу болбосоңуз, сүйүктүүңүздүн эркелигин көтөрө албай мамилеге чекит коюуга чейин барышыңыз мүмкүн.


БАЛЫК (20.02–20.03)

Күчтүү сүйүү сезимин башыңыздан өткөрөсүз, ал адамга байланып, эмоционалдык жактан андан көз каранды болуп каласыз. Сезимдериңизди тең салмакта кармаганга аракет кылганыңыз туура, анткени бул абалыңыздан айрым ою таза эместер пайдаланып кетиши мүмкүн. Олуттуу чечим кабыл алууда ишенген адамыңыздын кеңешин угуңуз. Апта аягында жакындарыңыздан кубанычтуу кабар угуп, аны башка туугандарыңызга сүйүнчүлөйсүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1093, 17-23-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан