БИШКЕК-ОШ ЖОЛУ КЫШКА ДАЯРБЫ?

Кыш мезгили келгенде Бишкек-Ош жолунда каттагандардын тынчы кете баштайт. Анткени өлкөнүн түндүк-түштүгүн байланыштырган негизги трасса кар-муздан убагында тазаланбай, унаалар тайгаланып, кулап, жүргүнчүлөр азап тартат. “Жолду убагында тазалоого техника жетишсиз” деген жооп айтылчу жылда. Быйыл аталган трассанын кышка даярдыгы кандай? Жылдагы азап быйыл да кайталанабы?

“488 техниканын 450сү иштеп жатат”

Адегенде республикадагы жолдордун абалына жооптуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасына кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:

– “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы жолдорду жана жол курулмаларын, ошондой эле жол кызматтарын кышкы шартта иштөөгө даярдоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүдө. Жолдорго туз, кум себүүгө, трассаны кар көчкүлөрүнөн, муздан жана кар күрткүлөрүнөн тазалоого бөлүнгөн техникалар даяр. Бүгүнкү күндө алардын 90 пайызынан ашыгы даярдыктан өткөн. Жалпы 488 техниканын (автогрейдер, бульдозер, кар тазалоочу техника, автосамосвал, жүктөгүч жана башка) учурда 450сү иштеп жатат. Жолго чачылуучу кум, туздун көлөмү 45 000 тоннаны түзөт. Дагы толукталат. Өлкөдө тейленүүчү унаа жолдорунда жалпы 31 ашуу тилкеси бар. Алардын 27си жыл бою тейленет, 4 ашууда унаа кыймылы жергиликтүү бийликтин чечими менен кышында токтотулат. Төө-Ашууда техникалардын баары текшерүүдөн өттү. Жолго аба ырайына жараша күнү-түнү кум, туз чачылып турат. Өлкөдө жалпы 57 жол-тейлөө ишканасы бар.

Бишкек-Ош унаа жолун 7 жол-тейлөө ишканасы тейлейт:

• 9-209-чакырымды №9 жол-тейлөө ишканасы (ЖТИ) тейлейт

• 209-318-чакырым – №23 ЖТИ

• 318-427 чакырым – №30 ЖТИ

• 427-488 чакырым – №38 ЖТИ

• 488-596 чакырым – №22 ЖТИ

• 594-613 чакырым – №5 ЖТИ

• 613-664 чакырым – №956 ЖТИ

“Ашууларда 13 куткаруучу иштеп жатат”

Бишкек-Ош жолундагы коопсуздукка жооптуу органдардын бири – Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Жол кырсыктары болсо, күрткүдөн улам унаалар жүрө албай калганда куткаруучулар жардамга келишет.

ӨКМнын ыкчам мөөнөт бөлүмүнүн башчысы Адилет Жапаров буларды билдирди.

– Ашууларда ӨКМнын нөөмөттөгү атайын техника жана кызматкерлери бар. Учурда Ош-Бишкек жолунун 129, 154, 238-чакырымдарында жалпы 13 куткаруучу, 4 техника иштеп жатат. 129-чакырымга УАЗ жүк техникасы, 238-чакырымга кошумча (“Итагар” станциясы, Чычкандын кире бериши) 1 урал самосвалы тартылат. Жолдон тайып, күрткүгө тыгылган унааларды биздин техникалар тартып чыгарып турушат. Оор кырдаалда тик учак да колдонулат.

Кайсы бир себептен жол кыймылы убактылуу чектелген учурлар үчүн Бишкек-Ош жолунда жылынуучу, тамак-аш берилүүчү 3 пункт жылда иштейт. Алар “Арал” (Токтогул району), “Сосновка” посттору (Жайыл району) жана Талды-Булак айылындагы пункт (Талас району, Өтмөк ашуусунан түшө бериште). Буларды тез даярдалуучу тамак-аш менен ошол аймактын жергиликтүү бийлиги камсыз кылат. Абал кыйындаса башка да жылынуучу жайлар ачылат.

Оор жүк ташуучу унаалар кышкысын дөңгөлөктөрүнө чынжыр байлабай же жайкы дизелдик күйүүчү май менен чыгып алып кооптуулукту жаратышат. Ашуулардан чыга албай калышат же тайып, жолду бөгөп туруп калып жол тыгынын жаратат же жол жээгиндеги күрткүлөргө кирип кетишет дегендей. Ошентип башкаларды да азапка салышат.

Калың туман, көз ачырбай жааган кар дагы айдоочуларды кыйнайт. Андыктан жолго чыгарда айдоочулар автоунааны текшертип, кышкы дөңгөлөктү салдырып, жанына ысык чай куюлган термос, күрөк, чынжыр алып алышы шарт. Кар көчкү түшүү коркунучу бар жерге токтобош керек.

“Жолго кум, туз чачуучу техникабыз жок”

Ош-Бишкек трассасынын эң кооптуу тилкеси деп 209-314-чакырымы (Чычкан капчыгайынан Ала-Бел ашуусуна чейин) айтылат. Анткени көчкү көп түшчү тилке. №23 жол-тейлөө ишканасынын башкы инженери Акчабай Мураталиев буларды айтты:

– Биздин ишкана Чычкан капчыгайынан Ала-Бел ашуусуна чейинки аралыкты тейлейт. Башкы трассанын эң кооптуу бөлүгү. Учурда бизде жолго чачылуучу 1000 тонна туз, 3000 тонна кум бар. Дагы алып келинет. Бизде 3 самосвал, 3 кар жүктөөчү техника, 3 грейдер, 2 МАЗ унаасы, 15 жумушчу бар жана тынбай иштеп жатышат. Күйүүчү май менен камсыз болгонбуз.

Даярдык жакшы эле. Бирок быйыл кыш кандай болот, канча жерден канча жолу көчкү түшөт, айта албайбыз. Биз тейлеген аймакта кар көчкү түшүүчү 24 тилке бар, эң кооптуусу Көчкү-Булак (246-чакырым). Бул жерден көчкү сөзсүз түшөт. Кээде биринин артынан бири түшүп, жолчуларга, айдоочуларга абдан кыйынчылык жаратчу. Ушул жерге узундугу 460 метрди түзгөн тоннелдин курулганы жакшы болду.

Кышында жолдун абдан тайгак жерлерине, өзгөчө Ала-Белге тынымсыз кум аралашкан туз чачып турабыз. Биз тейлеген аймакта 35 градуска чейин суук болот. Ошондой түкүрүгүң жерге түшпөгөн суукта жүздөгөн тонна кумду жолчулар күрөктөп чачууга туура келет. Анткени атайын техникаларыбыз жок. Бизде эле эмес, жалпы жол-тейлөө ишканалары үчүн башкы көйгөй – жол тазалоочу техникалардын жетишсиздиги жана кум, туз чачуучу техникалардын жоктугу.

Ош-Бишкек жолунун кышындагы абалына кандай баа бересиз?

Чыңгыз Сариев, 46 жашта, Базар-Коргон району:

– Иштер менен Бишкекке көп каттайм. Калың кар жааганда, көчкү түшкөндө жол тез арада тазаланбайт. Жол тыгыны жаралып, унаалар бир нече сааттап туруп калышат. Унаалардагы жаш балдар, карылар абдан кыйналышат. Тайгалакта жолго кум убагында чачылбайт.

Ташбү Каразакова, 64 жашта, Ноокен району:

– Канааттандырарлык эмес. Унаам менен Бишкекке 15 жылдан бери каттайм. Күрткү болгон, калың муз тоңгон жерлер убагында тазаланбай тура берет. Айдоочулардын айрымдары жолго чыгарда унаасын текшербейт, жол белгилерине карабай эрежени бузуп айдашат. Ушулардан улам кырсык көп.

Замир Исмаилов, 43 жашта, Көк-Жаңгак шаары:

– Мурункуга караганда азыр жолдун абалы жакшы эле. Бирок мындан да жакшы кылса болот. Жол тазалоочу техникалардын, жол кызматкерлеринин саны, менимче, аз, алар жетишпейт. Санын көбөйтүү керек. Керектүү жерлерге дагы видео көзөмөл коюп, жол эрежесин бузгандарга айып салса кырсыктар азаят эле.

Максатбек Исмаилов, 39 жашта, Кочкор-Ата шаары:

– Такси айдап Бишкекке каттайм. Жолду кышында убагында тазалоого аракет кылышат, бирок көчкү түшсө жол буулат. Былтыр чоң көчкү түштү эле, биз жолдо калдык. 1 чакырымга созулган тыгын жаралды. Башка жактан кошумча техника, жол кызматкерлери тартылып, 1 суткада тазалашты. Бардык айдоочуларга ысык тамак берилди.

Жылдыз Мисирова, 57 жашта, Кадамжай району:

– Мен Бишкекке көп каттайм. Трассанын айрым бөлүктөрү кышы менен тайгалак болот. Ошол жерлердин көбүнө кум, туз чачылбайт. Айрым оор жүк ташуучулар унааларын толук оң абалда айдап чыкпайт, эски дөңгөлөктөрүн жаңыртышпайт. Анан жолдо бузулуп, же тайып жолду бөгөп калат. Ошондойлорду посттон өткөрбөй коюшса жакшы болот эле.

Мирлан Бекмуратов, 39 жашта, Ош шаары:

– Бишкекке каттаган таксистмин. Чычкан капчыгайын, Ала-Белди тейлеген Токтогулдун №23 жол-тейлөө ишканасынын ишине таксисттер мыкты деген баа беребиз. Техникасы, жол кызматкерлери тынбай иштешет. Суусамырда жолдун оюлган жерлери көп. Алар кышында күрткүдөн билинбей айдоочуларга кыйынчылык жаратат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1093, 17-23-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан