“Ата тилеги” ыры учурда кыз узатуу тойлорунун жар-жардан кийинки эле гимнине айланып калды. Ал ыр ата менен кыздын терең байланышын сездирип, өзгөчө эмоция тартуулайт. Чыгарманын аткаруучусу Мирлан Баеков жашоосундагы аялзаты тууралуу баяндайт.
«Жубайымдын энелик мээрими башкача»
– Жашоомдогу аялдар дегенде, албетте, эң башында апам турат. Бирок апам дүйнөдөн эрте өтүп кетти. Анын орду дайым билинет, жүрөгүмдө жашайт. Андан кийин балдарымдын апасы, жубайым. Келинчегим менен 2003-жылы таанышканбыз, мен кафелерде музыкант болуп иштечүмүн, ал Искусство институтунда 2-курста окучу. Кафеге ырчы болуп жумушка алынган. Чогуу иштешип жүрүп, бири-бирибизди жактырдык. Экөөбүз бир жыл сүйлөшкөндөн кийин үйлөнөлү деген сунушумду айтсам, үйүндөгүлөр каршы болушту. Анткени мен Токтогулдан, келинчегим нарындык. Жердин алыстыгы себеп болду, анын үстүнө ал кезде алыстан үйлөнүү сейрек кездешчү. Айла жок, экөөбүз мамилени токтотуп, эки жолго түштүк. Тагдыр экен, арадан 2-3 жыл өткөндөн кийин кайра жолугуп калдык. Эски сүйүү кайра козголуп, баш кошууга жубайымдын макулдугун алдым. Башка каршылыктарды жыл өткөрүп жеңдик. Ошентип 2012-жылы баш коштук.
Жубайымдын бардык сапатын баалайм, айрыкча балдарга энелик мээрими өзгөчө. Балдарды жакшы карайт. Үй-бүлөдө ар кандай учур болот экен, таарынтып алган учурлар да болбой койбойт, андайда белек берип, жакшы сөз айтып жатып көңүлүн жибиткенге аракет кылам. Даталуу күндөрдө белек берип турам, бирок романтик эмесмин. Жубайым аны сүйөрүмдү айтпасам деле билет, ыңгайы келгенде айтып турам. Үй-бүлөдө бири-бирин түшүнүү, аялзатын сыйлоо болсо жашоо жакшы болот деп ойлойм.
Учурда экөөбүз бир уул, бир кызды тарбиялап жатабыз. Чыгармачылыкка байланыштуу балдар менен көп учурда чогуу боло албай калам. Акыркы он күндөн бери жакшылап каралашып жатам (күлүп). Анткени келинчегим мурда университетте мугалим болсо, жакында музыкалык факультеттин деканы кылып шайлашты. Декандын жумушу аябай көп экен да, ошондон бери бошобой калды. Антпесе да болбойт, ишенип шайлап жаткандан кийин жумушун алып кетишине шарт түзгөнгө аракет кылып жатам.
Баш кошконубузга 11 жыл болуп калды, бул аралыкта ар кандай кырдаалдар болду, бардык кыйынчылыкты бирге жеңип келатабыз. Жаңы үйлөнгөндө экөөбүздүн эч нерсебиз жок болчу, акырындан үй-жайлуу, бала-чакалуу болуп бутка туруп баратабыз. Экөөбүз бири-бирибизден көп нерселерди үйрөндүк, мисалы, мен жубайымдан сабырдуулукту үйрөндүм десем болот. Кызганыч көп эле болду жаш кезде. Ансыз болбойт да, анын үстүнө мен чыгармачыл адам болсом. Бирок анын баарын мен сүйүү деп билем. Көп учурда мени “эч качан кечирим сурабайсың” деп калат. Мүнөзүм ушундай окшойт. Оозеки жанында туруп кечирим сурабасам дагы, жүрөгүмдөн кечирим сурайм, кээде вотсаптан кечирим сурап жазып коём.
«Кичүү карындашым төрөлгөндө апама таарынгам»
– Эки карындашым бар. Улуусу Анара 1986-жылы туулган. Элес-булас эсимде, Анара жаңы төрөлгөндө мен төрт жашта элем. Төрөткана үйүбүздүн эле артында болчу, апам төрөтканадан “бул сенин карындашың” деп кичинекей кызды көрсөткөн. Экөөбүз бирдей чоңойдук, өзүм бала болгон үчүн анын бала кезин жакшы эстей албайм. Андан кийинки карындашым Жанара 1992-жылы төрөлгөн, ал төрөлгөндө апама таарынган элем (күлүп). Үйдүн улуусу болгондуктан аркы-беркиге жумшайт, көп учурда түйшүктүн баары улуусуна артыла берет го. Жардам беришиң керек, ини-карындаштарыңды карашың керек дегендей. “Тигини алып кел, муну минтип кой” деп жумшайт да. Ошого болуш керек, кичүү карындашым төрөлгөндө биринчи “ой ата-а, бул чоңойгуча дагы жардам беремби?” деген ой келген (күлүп). Балалык да, оюнга тойбогон учуруң.
Биз үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз, биздин балалык Союз жаңы тараган мезгилге туш келди, жетишпеген турмуш эле. Бизди багабыз деп атам айдоочу болуп иштейт, апам ар жактан товар алып келип сатып соода кылат. Алар иштегени кеткенде ини-карындаштарымды мен карап калам, аларга тамак жасап берем, үйдү карайм дегендей.
Менден кийинки иним мектепте атаман болчу, мектепте карындаштарымды көбүнчө ошол коргочу. Мен 11-класска келгенде апабыз каза болуп калды, бир туугандар ар кимибиз ар жакка чачырадык. Карындаштарым таежелеримдин колунда, мен таенемдин колунда калдым. Ошол кезде бир туугандарымды аябай сагынчумун. Ошогобу, ортодо алыстык болуп калат экен. Акыркы 10 жылдан бери гана баарыбыз жакшы катташып баштадык.
Карындаштарым бой жеткен убакта баарыбыз шаарда жашачубуз. Улуусу сокулуктук бир жигит менен сүйлөшүп жатканын угуп, болочок күйөө балага өзүм жолугуп сыйлагам, сүйүнгөм. Кийин ошол жигитке турмушка чыкты, азыр бала-чакалуу. Кичинекей карындашым да Сокулукка турмушка чыккан, ал кичинекейибиз болгонгобу, бир аз башкача сезимдер болду. Ал убакта “Ата тилегин” ырдап таанылып калгам, атамды жаныма тургузуп алып ушул ыр менен турмушка узатканбыз. Карындаштарымды жакшы көрөм, алардын дайыма бактылуу болушун каалайм. Улуу карындашым менен сырдашып турабыз, кичүү карындашым менден тайсалдайбы, мага көп деле ачыла бербейт.
«Үйдө кыздын орду башка экен»
– Кызым карантин маалында, 2020-жылдын апрель айында төрөлдү. Жаңы төрөлгөндө төрөтканага барайын десем, жолдун баары жабык, пандемия күчөп турган маал эле. Посттордон өткөрбөйт, алардан “кыздуу болдум, барып келейин” деп кадырыма салып жатып 2-3 посттон араң өтүп барганым эсимде. Ал учурда балам 1-класста окучу. Кыздын орду башка экен, кыз атага жакын болот деп коюшат го, ошол чын. Азыр экөөбүз ынакпыз, 3 жарым жашка чыгып калды, аябай ширин кези. Мага окшош. Кызымдын жакшы жигитке турмушка чыгып, бактылуу болушун каалайм, албетте, бирок азыр турмушка чыгып жатканын, башка бүлөгө кетип жатканын элестете албайм.
«Таежелериме ыраазымын»
– Апам каза болгондон кийин апамдын жогун жоктотпой багып караган таенеме, таежелериме терең ыраазычылык айтам. Алар дагы жашоомдогу аялзатынын тизмесинен орун алган адамдар. Бизге абдан көп жардам беришти, кеңеш айтышты, тарбиялашты дегендей. Азыр ойлосом, апабыз 40 жашында каза болуптур, мисалы, мен азыр 42демин да. Аябай жаш кетиптир. Ошондо таежемдер бизди үйүнө калкалап, карашып бакканына ыраазы болом. Алар болбосо кандай турмушту көрөт элек, билбейм.
Гулийпа Маметосмон кызы