10 АЙДА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУК БОЮНЧА 8 МИҢ ОКУЯ КАТТАЛДЫ

Өлкөбүздө 2023-жылдын 10 айында 8 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Динара Ашимова маалымдады.

– Бул расмий маалымат. Көп учурда жабырлануучулар укук коргоо органдарына кайрылышпайт,- дейт депутат.

Айта кетсек, депутаттар үй-бүлөлүк, гендердик зомбулукту азайтуу максатында айрым мыйзамдарды өзгөртүүнү сунушташууда. Мыйзамга жаңы нормалар киргизилүүдө. Мисалы, үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүүгө шектелген адамды үйдөн убактылуу чыгарып салуу.

–Адатта, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар тааныштарынын үйүнө же кризистик борборлорго барышат. Мындайда үй-бүлө бузулат. Биз зомбулук көрсөткөн адам үйдөн чыгып кетсин деп жатабыз. Ал кийин кайтып келген күндө да жубайлардын элдешип калуусуна мүмкүнчүлүк көбүрөөк болот,- деди Ашимова.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1093, 17-23-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан