ОШТУН МЭРИНЕ ШААРДЫК КЕҢЕШ ИШЕНБЕСТИК КӨРСӨТТҮ

14-ноябрда Ош шаардык кеңешинин депутаттары Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновго ишенбестик көрсөтүштү. Депутаттар мэрди “токтомдорду аткарбай жатат” деп күнөөлөштү. Жашыруун добуш берүүдө 39 депутат ишенбестик көрсөтүүнү колдоп, 3 депутат каршы чыкты. Ош шаарынын башчысын кызматтан бошотуу үчүн шаардык кеңештеги 45 депутаттын үчтөн экисинин ишеним көрсөтпөшү негиз болуп бере алары мыйзамда жазылган. Азыркы учурда тийиштүү токтом долбоору даярдалып жатканы, ал президенттин кароосуна жөнөтүлөрү маалымдалды. Шаардык кеңештин жыйынында вице-мэр Сонунбек Жунусбаев мэрге ишенбестик көрсөтүү үчүн негиз болушу керектигин, андай негиз жок экенин белгиледи. “Токтомдор 95 пайызга аткарылды”,- деди ал.

Бакытбек Жетигенов Оштун мэри кызматына 2022-жылдын ноябрында дайындалган. Мыйзамга ылайык, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жетекчилерин президент дайындайт жана кызматтан бошотот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1093, 17-23-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан