– Биз Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна 21-кылымдын Гитлери – израиль өкмөт башчысы Нетаньяхунун үстүнөн арыздандык. Ал Газадагы геноцид жана адамзатка каршы өзүнүн бардык кылмыштары үчүн сот алдында жооп бериши керек,- деп билдирди Түркиядагы башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын адвокаты Метин Кюлюнк. Доо арызды берүүгө Кюлюнктан башка дагы 2 юрист кошулган.
Айтымында, доо арыз Түркиянын Юстиция министрлиги аркылуу берилди. Анда Нетаньяхунун Палестина элине каршы кылмыштарынын далилдери чогултулуп, андан ары Израиль премьерине жана башка күнөөлүүлөргө кылмыш иши ачылышы керектиги талап кылынат. Нетаньяху Газа тилкесинде бардык эл аралык конвенциялар тыюу салган куралдарды дүйнө жүзүн каратып туруп пайлаланып жатат деп эсептейт түркиялык адвокаттар.
28-октябрда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган миңдеген адам катышкан митингде Израилди “баскынчы” деп атаган.