САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИ: КЫЗАМЫК МЕНЕН ООРУГАНДАР КӨБӨЙҮҮДӨ

Жыл башынан бери кызамык менен ооругандардын саны 3600 адамдан ашты. Мындай маалыматты 13-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги таратты.

Ооругандардын 88 пайызы 10 жашка чейинки балдар. Алардын 87 пайызы мурда кызамыкка каршы эмдөө албагандар экени аныкталды деп айтылат маалыматта. Кызамыктан жабыркап жаткандардын көбү Бишкекте, борбор калаада 1076 адам ооруду. Ал эми 10 айда Ош шаарында 333, Ош облусунда 695, Жалал-Абад облусунда 650, Чүйдө 562, Баткенде 96, Таласта 95, Ысык-Көлдө 72, Нарында 39 адам ушул дарт менен ооруганы белгилүү болду.

Кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калып жатканын белгилейт министрлик. Оору жайылбашы үчүн эмдөө 95 пайызды камтууга тийиш, азыркы тапта бул көрсөткүч 77 пайызды түзүп жатканы айтылды. Кошумча эмдөө кампаниясынын алкагында өлкөдө 462 692 бала эмделди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1093, 17-23-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан