Эмилбек Каптагаев, саясий ишмер: “АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮ АДИЛЕТСИЗ ЖОЛ МЕНЕН ОРНОТУУ МҮМКҮН ЭМЕС”

Мамлекеттик ишмер Эмилбек Каптагаев Кыргыздын соңку 30 жылдык тарыхын жакшы билгендердин бири. Саясаттан алыстап кетсе да, өлкөдөгү кырдаалга, саясий окуяларга сырттан баам салып турарын айтат ал.

– Саламатсызбы Эмилбек мырза, саясаттан алыстап кеттиңиз окшойт. Учурда эмне иштер менен алексиз?

– Саламатчылык. Мен азыр пенсиядагы адаммын да, өзүмдүн жеке иштерим менен эле алекмин.

– Азыркы бийликтин коррупцияга, криминалга каршы күрөшүн, анын натыйжасын кандай баалап жатасыз?

– Бул маселени терең иликтебегенден кийин натыйжасына баа бере албайм. Бир гана айтарым – коррупцияга, криминалга каршы күрөш сөзсүз түрдө мыйзам чегинде болушу шарт. Мыйзамдуулукту мыйзамсыз жол менен, адилеттүүлүктү адилетсиз жол менен, акыйкатты зордук-зомбулук менен орнотуу мүмкүн эмес. Анан да “ала койду бөлө кырккандай” болбой, күрөш текши жүрүшү зарыл. Кол тийбей, көз жаздымда кала турган эч ким болбошу кажет. Чынын айтсам, ызы-чуу түшүп кармап, камап, анан “кустурдук” деп туруп эч кандай сот чечими жок эле кайра бошотуп жиберип жатышканын анча түшүнгөн жокмун. Ошондой эле “каршылык көрсөттү” деп кимдир-бирөөнү жөн эле атып салуу дагы натуура. Ким болбосун, ал криминалбы же жөн эле жаранбы, мыйзам чегинде өзүн актоого, мыйзам чегинде соттук териштирүүгө катышууга, эгер күнөөлүү болсо соттун чечимине ылайык гана жазаланууга конституциялык укугу бар да. Соттон тышкары эле жазалай берүүгө, мал-мүлкүн тартып алууга эч кимдин укугу жок. Укуктук мамлекет болобуз десек, анда бардык иш мыйзамдын негизинде жасалганы туура.

– Негизи, өкмөт кандай иштеп жатат сиздин баамыңызда?

– Акылбек Жапаров колунан келишинче аракет кылып жатат. Азыр аныкындай тажырыйбага ээ кызматкерлер бийликте өтө аз. Ал эгемендиктин биринчи жылынан эле саясатка аралашты, аралашып келе жатат, көптү көрдү, билди. Экономика жана каржы жагындагы оң натыйжалар биринчи кезекте Акылбек Жапаровдун аракетине, анын тажырыйбасы менен уюштуруучулук дараметине байланыштуу деп ойлойм. Ал эми кемчилиги – дыйкандардын айтымында, айыл чарба саясаты аксап жатат, бул тармакты каржылоо анча канааттандырарлык эместей, ачык-айкындык жок. Министрлик өз алдынча, эл өз алдынча эле жашап жаткандай сезилет.

– Кадр саясаты тууралуу сурайын. Президенттин өзүнүн басма сөз катчысы болуп иштеген жаш жигитти элчи кылып дайындаганы коомчулукта түрдүү пикир жаратты. Элчилер кандай критерийлер менен дайындалышы керек негизи?

– Негизи кадрдык саясатка толук ыраазы болгон учур болбойт. Кимди дайындаса дагы бирине жакса, экинчисине жакпайт. Менин баамымда, президент Садыр Жапаровдун туура тандоосу – өкмөт башчысы Акылбек Жапаров, иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Мурат Азымбакиев, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева болду окшойт. Ал эми элчилер мурдатадан эле эки багытта дайындалат, биринчиси – бул саясий, экинчиси дипломатиялык ранг өңүтү. Элчилер сөзсүз эле дипломат болушкан эмес. Айрым учурда элчиликке бирөөнү “саясий сүргүн” катары деле дайындап коюшчу. Башкысы - ошол элчинин өлкөнүн учурдагы саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын коргой алышында. Элчи болуп дайындалып, анан ың-жыңы жок дайынсыз кетүү, жогорку айлык алып жыргап жүрө берүү – өлкө үчүн кыянаттык.

– Мурунку бийликтин тушунда Бакиевдердин мүлктөрү боюнча 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн бир нече мүчөсүнө кылмыш ишин козгогон эле. Ал иштин аягы эмне болуп бүттү?

– Ошол “банк уячалары” же дагы башка ызы-чуунун баары саясий кызыкчылыктын негизинде жаралган ушак-жалаа болчу. Биринин дагы негизи же далили жок. Бирок эл ичинде ызы-чуу салып жаманатты кылышты. Ошол эле “банк уячалары” же “мародёрлук” боюнча Атамбаев баш болуп канча аракет кылышып деле Убактылуу өкмөттүн бир дагы мүчөсүнө айып тага алышкан жок да. Бакиевдердин мүлкүн эч ким бөлүшүп алган эмес, мен муну так кесе эле айта алам. Ою жаман пенделер башкаларды да өзүндөй көрө берет. Баарын мезгил өзү таразалайт.

– Бир кезде Ысык-Көл облусунун губернатору болуп турганыңызда айтылуу “Раппопорт” аллеясындагы дарактарды кыйдыртып салганыңыз нааразычылык жаратты эле...

– Бул маселе дагы баягы эле саясий кара пиардын бир көрүнүшү. Чынында ал жердеги бак-дарактар картайып калган, баштары куурап, катуу шамал болсо четинен кулап жаткан. Ошол учурда өкмөт Чолпон-Ата ипподромун жаңы салуу, ал жерге жаңы спорт комплексин куруу долбоорлорун бекиткен, ошол долбоордун чегинде ал аллея алынып, ордуна эки тилкелүү кеңири жол салынган. Ал долбоорду өкмөттүк мекемелер, министрликтер толугу менен мыйзамдагы тартип боюнча бекиткен да, ал чечимдерге менин ныпым дагы тиешем жок. Болгону ошол учурда губернатор болчумун. Губернатор бир килейген аллея эмес, бир түп теректи дагы өз алдынча кыя албайт, анда андай укук жок. Ошол учурда Каптагаевди жаманатты кылууга муну пайдаланып алышты, буга ошол учурдагы Ак үй дагы кызыкдар болду окшойт. Болбосо “Каптагаевдин тиешеси жок, курулуш иштери өкмөттүн, президенттин чечими менен жүрүп жатат” деп жарыялап деле коюшмак. Жаңы курулган эки тилкелүү жолдун боюна кайрадан бак отургузуу, аллеяны калыбына келтирүү чечими кабыл алынган, бирок каражаттын жетишпестигинен азыркыга чейин ишке ашпай келе жатат.

– Учурда президент Садыр Жапаров менен мамилеңиз кандай? Бир кезде аны соттогону жатышканда колдоп чыккан элеңиз...

– Ошол окуя боюнча Садыр Жапаровду камоого, аны соттоого тергөө органдарында бир дагы далил жок болчу. Мен муну тергөөдө дагы, сот отурумдарында дагы ачык эле айткам, акыйкаттык үчүн. Азыркы бийлик менен эч кандай мамилем жок, кайсы бир иштерин колдоп, кайсы бир иштерине сын айтып келе жатам.

– Сурамжылоолор көрсөттү, учурда көпчүлүк жаштар “сталиндик репрессиянын курмандыктарын” билишпейт экен. Бул кыргыз тарыхы мектептерде жеткиликтүү окутулбай жатат дегенди билдиреби?

– Тарыхка жаштардын кызыгуусун арттыруу үчүн биринчи кезекте ошол тарых барактары кызыктуу, жеткиликтүү жазылышы керек. Мына ушул жагынан аксап жатабыз. Китептер жок, болсо дагы нускасы өтө аз, жетишпейт. Жакында Виктор Козодойдун “Сибирь беги Эренек” деген китеби жарыкка чыгып, анын бет ачары болду. Бийлик органдарынын, министрликтердин кийлигишүүсү жок эле залга эл батпай калды, негизинен карапайым эле адамдар келишти. Бул тарыхка болгон кызыгуу бар экендигин көрсөтүп жатпайбы. Тарыхый кинолор тартылса, спектаклдер коюлса, китептер жазылып жалпы коомчулукка жетсе, абал оңолот.

– Маек соңунда саясаттан тышкаркы кызыгууларыңыз тууралуу сурагым келип турат...

– Китеп окуйм, күн жылуу мезгилде кайырмак салып балык уулаганды жакшы көрөм. Жакшы адамдар менен баарлашуудан, жакшы, маңыздуу сөз угуудан ырахат алам.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1093, 17-23-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан