ЖЫЛКЫГА ЖАКЫН ЖЫЛДЫЗДАР

Жылкы баласы көлүк катары мурункудай актуалдуу болбосо да, турмушта дале бийик статуска ээ жаныбар. Таза кандуу аргымак, күлүк, жорго таптоо азыр да күчүндө. Буга чейин гезитибизде жылкыга кызыккан саясатчыларды тизмектеп бергенбиз. Бул жолу өнөр адамдарынан кимдер жылкыга жакын экенине кызыгып көрдүк.

ТОКТОБЕК АСАНАЛИЕВ, ЫРЧЫ: “БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗ ЧААР ЖЫЛКЫЛАРЫНЫН ТУКУМУН ЖАЙЫЛТСАМ ДЕЙМ”

– Чабандын баласы болгондуктан малга, айрыкча жылкыга жакын болуп чоңойдум. Учурда чаар аттардан үйүр топтоп, көк бөрү да ойноп жүрөм. Чаар аттарга кызыгып калганымдын себеби бар. Кыргыз жылкыларына изилдөө жүргүзүп жүргөн Жаклин Рипар деген айым бар эмеспи. Ошол Ат-Башынын Арпа жайлоосунан чаар жылкыны таап, анын каны накта байыркы кыргыз жылкысыныкы экенин айткан. Эң кызыгы, тоодо, ойдо жүргөн биздин ошол жылкылардын каны аппалуза деген таза кандуу, жоголуп бараткан породанын канына окшош чыкканы болду. Ошондон бери кыргыз асыл тукумун сактап калуу, жайылтуу максатында жалаң чаар жылкыларды топтоп, айгыр, бээлерин алып үйүр кураштырып жатам. Боз чаар, көк чаар болуп азыр саны 15ке жетип калды. Дагы 1-2 жолу айгырын алмаштырып канын тазалайлы деп жатабыз. Учурда жайыты кенен Ат-Башыда багылууда. Буюрса, ошол чаар жылкыларды көк бөрүдөн, аламан байгелерден көргүм келет. Байгелүү болуп калса ушул таза кандуу кыргыз жылкысы деп мурдубуз барбая сүйүнчү күндөр алдыда деп үмүт кылам. Көк бөрүгө да чаар жылкыларымдан минип чаап калам. Мындай кыргыз жылкыларын колумдан келишинче көбөйтүп, кийинки муунга өткөрүп кызмат кылып коюу изги тилегим. Ошондой эле чаар жылкылар тууралуу документалдык фильм тарттырсам деп жүрөм.

ЧЫҢГЫЗ МЫРЗАЕВ, АЛПАРУУЧУ: “УЛАККА КОРКПОГОН, ЖҮРӨКТҮҮ АТТАР КЕРЕК”

– Бала кезимден эле жаныбарлардын арасынан аттын деми, оттогону, жыты өзгөчө жакчу. Чаткалда жашап жүргөнүбүздө 2 же 3-класс кезимде болуш керек, атам мага тай алып берип, аны Бишкекке келгенче, 10 жылдан ашык минип жүрдүк. Ошондон бери эле жылкы баласы менен бирге өмүр өткөрүп келе жатам. 4 жылдан бери маданият өкүлдөрү жума сайын көк бөрү ойнойбуз. Профессионалдуу деңгээлде болбосо да, ат сүйүүчүлөр арасында беттештерди уюштуруу менен атты, улуттук оюнубузду даңазалоо, жайылтуу максатын койгонбуз.

Көк бөрүгө минип жүргөн таза кандуу жылкылардын каны аралашкан аттарыбыз бар. Анткени улакка коркпогон, жүрөктүү аттар керек. Ат да адамга төп келиши кажет, жаш курагына, мүнөзүнө. Жашыраактарга курч аттар жарашса, бизге окшогондорго оор басырыктуу, көтөрүп чаппай, алып качып кетпей турган, оозу жумшак аттар жакшы.

Аттарды ипподром, сарайларда, үйдө кармайбыз. Кээде баккан жылкыларыбыз жакпай калат, анысын сатып башкасын алабыз. Башка бирөөнүн аттары жагып калган учурда соодалашып сатып алабыз, же биздикине назары түшүп калгандарга беребиз. Анткени назары түшкөн атты бербесең кырсыктап же башка бир жол болбостукка туш болосуң деген ишеним бар.

ЗАМИРБЕК БАЯЛИЕВ, МАНАСЧЫ: “ЖЫЛКЫ – КЫМБАТЫНА КАРАБАЙ САТЫП АЛЧУ ЖАНЫБАР”

– Чоң атам Жолдошалы Баялы уулу саяпкер да, мүнүшкөр да болгон. Анын жанында жүрүп ит агытып куш салып, ат арытып жер салып саяпкерликти да, мүнүшкөрлүктү да үйрөндүм. “Адам баласын эле эмес, жылкы баласын да тарбиялоо керек. Өңү-түсү, басыгы, жер тааныганы такшалганына жараша болот. Кулун кезде кулпуртуп, тай кезинде такшалтып, кунан кезде кууратып, бышты кезде бышырып, асый кезде аздектеп аш-тойго минесиң” деп чоң атам айтып калчу. Ошол бала кезде эле көк бөрү, ордо ойноп, кышкысын ит, куш менен салбуурунга чыкчубуз. Бишкекке келгенден кийин 15-20 жылдай аттан алыс болуп калдым. 4-5 жыл мурун маданият өкүлдөрү чогулуп көк бөрү ойноп баштап, ошондон бери кайрадан ат кармап жатам.

Биз көк бөрүгө минип жүргөндөр аргымакка кирет. Буга чейин 2-3 атым бар болчу, учурда Дилтору деген бир атым бар. Сүйлөбөгөнү эле болбосо, калган баарын билип, туюп турган атына заты жарашкан, көк бөрүдө көңүлүмө толгон аргымак. Муну Токмоктон күлүк жылкынын кулуну деп 5 миң долларга алгам. Бул толук карабайыр эмес, күлүктүгү да бар каны аралаш жылкы. Азыркы жашоодогу имарат, телефон, машина сыяктуу жансыз нерселер энергия сорот экен. Ал эми ат минсем манас айткым келет, илхом келет, көңүлүм ачылып сергип калам, кыскасы дем-күч берет. Ошондуктан жылкы баласы кымбатына карабай сатып алчу жаныбар.

БАКТЫБЕК НУРМАТ УУЛУ, АКТЁР, КАСКАДЁР: “ОШОНДОН КИЙИН АРГЫМАККА ӨТӨ ИШЕНИП КАЛГАМ”

– Ат мен үчүн өтө бийик жаныбар. Каскадёр болгондуктан ат үстүндө көп жүрөм, чет өлкөгө чыксак деле ат менен чыгабыз. Бир ай мурун эле өзбектердин тарыхый тасмасына ат үстүндө трюктарды жасап тартылып келдик. Жашоомдун көпчүлүк бөлүгү жылкы баласы менен өтүүдө.

Буга чейин Митхун деген таза кандуу атым бар эле, аны 3 миң долларга алгам. Көк бөрүгө түшүп жүрдүм. Кулактары узун, келишкен жылкы болчу. Эринбей Ак-Ордодон ипподромго чейин минип келип, кайра минип кетип жүрдүм. Аны саткам, учурда кайра ат алууну караштырып жатам.

Негизи жылкы акылдуу жаныбар. Адамды түшүнөт, сезет, анын коркуп жатканын 15 метрден эле сезип коёт дешет. Көк бөрүдө куласаң да ат адамды тебелеп кетпейт. Буга өз тажрыйбамдан бир мисал келтирейин. “Көк бөрү” киносунда ат бетимди тебелеп кеткен эпизод бар. Бул кокустан болгон, бирок ошончо ылдамдык менен келе жатса да буту бетиме эле тийип, биротоло тебелеп салган эмес. Ошондон кийин аргымакка өтө ишенип калгам.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1093, 17-23-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан