Алексей Сидоров, «Тумар» радиосунун директору: «БИРИНЧИ РАДИОТҮЙҮНҮМ БАЛА КЕЗИМДЕ ПАЙДА БОЛГОН»

Ийгилик сыры

Адам үчүн өз эмгеги менен жетишкен ийгиликтен өткөн таттуу нерсе жок. Менин маектешим да өз эмгеги менен радио ачып, жалпы элге жайылтып, ийгилик жарата алган инсан. Демек, бул адамдын да ийгиликтеринин формуласы болсо керек...

АНКЕТА
Толук аты-жөнү –
Сидоров Алексей Валерьевич
Туулган жылы – 1983-жыл, 8-февраль
Туулган жери – Бишкек шаары
Улуту – Орус
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок, сүйгөн кызы бар
Фобиясы – Терең суу
Баалаган тамагы – Кыргыз улуттук ашканасынын тамактары
Киносу – Советтик комедиялар
Жазуучусу – Чыңгыз Айтматов
Актёру – Юрий Никулин
Спортчусу – Данияр Көбөнов
Жашоодогу девизи – “Жолу жоктор ийгиликке ишенет, жолдуулар өзүнө гана ишенет”

– Алексей, “Тумар” радиосу кантип жаралып калган эле?
– Менин улутум орус болсо да, кичинекейимден бери кыргыз ырларын, чыгыш ырларын угуп, жактырып келем. Ошого байланыштуу чыгыш ырлары жаңырган радио ачкым келген. Анткени чыгыш ырларын эл жакшы кабыл алып, радио элге кеңири жайылып кетерине көзүм жеткен. Ойлогонумдай эле угармандарыбыздын саны аз убакыттын ичинде көбөйүп, радиобуз ободон тынбай жаңырып калды.
– Радиону ачууга кимдер жардам беришти?
– “Пирамида” ТРКсына келсем, аларда бош жыштык бар экен. “Менде ушундай долбоор бар, аны ишке ашырып көрөлү” дедим. “Макул, бирок эч кандай жардам бере албайбыз. Жыштыкты гана беребиз” дешти. Ошонусуна деле ыраазы болдум. Анан болгон техникабыз менен эфирге чыга баштадык. Расмий туулган күнүбүз 21-март болгону менен, январь айында эле обого чыкканбыз. Угуучулар тарабынан жакшы ойлор айтылып, жарнамалар келип, каражат түшө баштады. Ошентип, Биринчи чыгыш радиосу өзүн өзү каржылап, техникалык каражаттарды жакшыртууга мүмкүнчүлүк ачылды. Кыскача айтсам, өзүбүздүн тушообузду өзүбүз кескен радиобуз.
– 2 жылдын ичинде популярдуулукка жетише алдыңыздар. Ийгиликтин сыры эмнеде?
– Ийгиликтин сыры деп радио тармагында туура багытты тандап алганыбызды жана мыкты команда куралганын айтат элем. Чыгыш ырлары жаңырган радио жок болгондуктан, эл жакшы кабыл алды.
– Радио Казакстан жана Өзбекстандын шоу-бизнес өкүлдөрү менен активдүү иштешип келет. Мындай кызматташуунун башаты кайда?
– Мунун баары өзүнөн-өзү болгон десем болот. Биз ачылыш концерт уюштуруп, кошуна өлкөлөрдүн ырчыларын чакырганбыз. Алар чакыруубузду кабыл алып, келип беришти. Ошентип, алгачкы алакалар түзүлүп, акырындан иштешип калдык. Азыркы кезде Казакстан менен Өзбекстандын бардык продюсерлери менен таанышпыз жана иштешип келебиз.
– Түштүктөгү кандуу окуялардан кийин коомчулукта өзбектерге карата терс пикирлер жаралды. Аны менен бирге өзбек ырчыларынын ырларына да бойкот жарыялагандар көп болду. Өзбек ырчылары менен мамилени жана угарманда­рыңардын ишенимин кантип сактап калдыңар?
– Мындай көрүнүштөр болду. Телефон чалып, “Тумар” радиосу – өзбектердин радиосу” деп да айтып жатышты. Бирок биз радио катары элдердин достугу үчүн деп баштапкы позициябыздан тайбадык, эми деле тайбайбыз. Албетте, өзбек ырларын берүүнү кыскарттык. Мурда 30 пайыз берсек, азыр 10 пайыз гана жаңырат. Ал эми өзбек ырчылары муну түшүнүү менен кабыл алышты. Мамилелерибизде эч кандай өзгөрүү болгон жок. Анын үстүнө биз бардык эле өзбек ырчылары менен иштеше бербейбиз. Биздин ободон элге жаккан гана ырлар жаңырат. Азыр да Шахзоданын ырларын сурагандар арбын.
– Сөздү сизге бурсак. Бала кезиңизде ким болсом деп кыялданчусуз?
– Мал доктур болуп жаныбарларды дарылагым келчү. Бирок ал кыялым көпкө жашаган жок. Себеби радио деген нерсе менен таанышкан күндөн тарта ушул дүйнө мени өзүнө тартып кетти. Ди-джей болуу кыялым күч эле. Бала кезимде биздин үйлөрдө Союз кезинен калган радиолор бар болчу, кабелдик радиолор. Ошондон пайдаланып, үйдүн чатырына чыгып, музыкалык борборумду иштебей калган кабелдик радионун зымына туташтырып, микрофон таап алып, “5-үйдөгү угарман 7-үйгө салам жолдойт” деп кошуналарыма музыка коюп берчүмүн. Биринчи радио- түйүнүм ошол бала кезимде эле пайда болгон.
Ошентип жүрүп 14 жашымда кастингге катышып, радиого ди-джей болуп орношуп калдым. Аны уккан кошуналар “Алексей акыры чыныгы радиого орношуп, жаны тыныптыр да” деп күлүп жүрүштү. Ошол кезден бери жашоом радио менен тыгыз байланышта.
– Алтын балалык кездеги эстен кеткис бир окуя...
– Мен ал кезде 12 жашта элем. Көчөбүздө ар кандай концерттерди уюштура койчумун. Сахна жасоо максатында, эч нерсе оюмда жок, кошунабыздын аппак дубалына жашыл боёк менен чоң кылып “9-Май” деп жазып салгам. Бул кылыгым, үйдөн боёк уурдап чыкканым үчүн апамдан жакшы эле уруш уккам. Кошунанын дубалын кайрадан аппак кылып актап бергенбиз. Концертим да болбой калган. Көп убакта ушул окуя эсиме түшүп, күлүп калам.
– Дүйнөнүн сиз жактырып, жашагыңыз келген бурчу барбы?
– Мага эмнегедир Германиянын Бонн шаары жагат. Таза, тыкан, кооз шаар.
– “Кызгануу – күнөө” деп айтышат. Кызганчааксызбы?
– Чеги менен кызганам. Ашкере кызганган адамдар өзүнө ишенишпейт деп эсептейм.
– Келиңиз, баарыбызга жагымдуу теманы сүйлөшөбүз. Аялзатын эмне сүйкүмдүү жана сексуалдуу кылат деп ойлойсуз?
– Бул суроого мындай жооп берейин. Мени жөнөкөй, туруктуу, жылдыздуу, акылдуу кыздар өзүнө тартат. Мен үчүн ушундай кыздар сексуалдуу. Өзгөчө талаптарым деле жок. Сурооңузга жооп бердимби?
– Жооп бергендей болдуңуз окшойт. Жеке жашооңуздагы маселелерде чечкиндүүсүзбү?
– Жалпы маселелерде чечкиндүү эмесмин. Ойлонбой туруп тобокелге барбайм. Ар тарабын таразалап, ойлонуп, анан кадам жасайм. Бир нерсени кыларда ал нерсе мага ийгилик алып келерине ишенимдүү болушум керек. Жеке жашоодо мени дайыма кылдат анализ коштоп жүрөт.
– Мүмкүнчүлүк болсо, дүйнөнүн кайсы белгилүү аялзаты менен таанышмаксыз?
– Мага адам катары Хиллари Клинтон кызык. Ошол адам менен таанышмакмын.
– “Ийгилик сыры” деген китеп жазсаңыз, кириш сөзү эмне деп башталмак?
“Абайлап ойлон жана кыялдан. Анткени алар реалдуу жашоодо ишке ашып калышы толук мүмкүн” деп башталмак.

АЛЕКСЕЙ КАНДАЙ АДАМ?
Сүйүүдө... туруктуумун, бир адам менен гана болгум келет. Сүйгөнүмдөн да ошону талап кылам.
Достукта... негизи, менин досторум өтө аз. Мен жөнүндө баарын билген досум жок деле болсо керек. Достукка, досторума аяр мамиле кылам.
Бизнесте... талапты катуу коём, жөнү жок тобокелге барбайм. Пайда келе турган кезде гана кадам жасайм.
Өнөктөштүктө... эгер кимдир бирөө, кайсы бир компания менен өнөктөш катары иштешүүнү чечтимби, демек, абдан ынтаа менен жоопкерчиликтүү мамиле жасайм. Мисалга алсам, Супер-Инфо” менен 3 жылдан бери иштешип келебиз. Башка эч бир гезит менен иштешпейбиз. Өнөктөштөрдү сыйлайм, ар дайым алардын кызыкчылыгын эске алам.

Залкарбек Карабалаев
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
operaledi
2011-02-04 19:30:30
Молодец.
0
salamalik
2011-02-05 16:45:07
он реально оччень хороший человек. искренний, добрый, заботливый. Вы молодцы!!! успехов вам и вашей команде!!!
0
Аселькин
2011-02-08 09:57:35
Ийгилик Сиздерге!
0
№ 431, 4-10-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан