ТАШТАНДЫГА ЫРГЫТЫЛГАН ЫМЫРКАЙДЫ ТАЕНЕСИ БАГЫП АЛУУГА ДАЯР

8-ноябрь күнү дене-бойду дүркүрөткөн окуя катталды. Таштанды урналардын биринен жаңы төрөлгөн ымыркай табылып, эртеси анын энеси кармалды. Аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Октябрь РИИби: “Ымыркайдын 21 жаштагы энеси 2 айга камакка алынды”

- 2023-жылдын 8-ноябрь күнү саат 23:30 чамасында Бишкек ШИИББиге Лев Толстой жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды челектин ичинен желим баштыкка оролгон жаңы төрөлгөн ымыркай табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Октябрь РИИБинин жетекчилиги жана тергөө тобу дароо барып, ал жерден наристе табылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренеси (Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүгө аракет жасоосу) менен кылмыш иши козголуп, бардык зарыл экспертизалар дайындалды.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2002-жылы туулган А.С. аттуу жаран тергөө кызматына жеткирилип, тартипке ылайык Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бишкектин Октябрь райондук соту шектүүгө карата Бишкек шаарындагы №1 Тергөө камак жайына 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. Биздин кызматкерлер баланы медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Океана Малдыбаева, Бишкектеги №1 төрөт үйүнүн башкы дарыгеринин орун басары: “Бала ай-күнүнө жетип эле төрөлгөн”

- 8-ноябрь күнү саат 23:38де баланы бизге “Тез жардам” кызматы жеткирип келди. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын дене табы 36-37 градус болуш керек негизи, бул ымыркайдыкы 28 градус болчу. Аябай катуу үшүп калыптыр. Аны студенттер таап алышканда, футболкаларын чечип ороп коюшкан экен. Оролгон футболка менен келди, жанында баланын тону да бар экен. Демек төрөлгөндө эле баланы дароо тону менен кошо ыргытып жиберген. Салмагы 2 килограмм 210 грамм, бою 42 сантиметр, бир аз кичинерээк бирок ай-күнүнө жетип эле төрөлгөн. 4 саатта керектүү дарыларын берип, жылытып калыбына келтирип койдук. Азыр бала реанимацияда, абалы туруктуу. Процедуралардан өткөндө балага ысым керек болот сөзсүз, бул жакта медперсонал менен кеңешип, президентибиздей жол баштоочу адам болсун деп балага Садыр деген ысым бердик.

Ташталган ымыркайды таенеси багып алууга даяр

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги балага күбөлүк берилгенин билдирди. Ошондой эле ымыркайды Таласта жашаган таенеси багып алууга даяр экени маалымдалды. “Ымыркайдын таенесинин бала багууга шарты бар экен, ал баланы кароого даярдыгын билдирди. Бирок, мыйзам боюнча белгилүү бир шарттар, талаптар аткарылса, бала ага берилет жана бул боюнча атайын иштер жүрүп жатат. Учурда бала дары-дармек, медициналык жардам жана кийим-кече менен толук камсыздалган” жатат дешти министрликтен.

Назгүл Турдубекова, Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси: “Буга тиешеси бар эркек да жазасын алышы керек”

- Балага өмүр берүү - абдан жоопкерчиликтүү иш, ал оюнчук эмес. Ушундай окуяларга катышы бар эркектер да аял менен тең эле кылмыш жасап жатышат. Бирок бул окуяда аял төрөдү, аял камалды. Баланы жасаган эркекчи, ал каякта? Эмнеге алар жоопко тартылбашы керек? Аял ал ишке эмне үчүн барды, ушул маселелер толук изилденсе дейт элем. Буга чейин парламентте баласы ташталган ымыркайлардын атасын да жоопко тартуу боюнча мыйзам сунушталып, бирок парламенттен өтпөй калган. Азыр коомчулук ошол мыйзамдын кайра каралышын талап кылууда, мен да колдойм. Бардык жоопкеричиликти аялга үйө берип аял коом арткан жүктү көтөрө албай болгон жинин күнөөсүз наристелерди сабап, же таштандыга таштап чыгарып жатышат. Аялга моралдык, психологиялык колдоо керек.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1093, 17-23-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан