НАМЫСКА БЕК, ЭРДЕН ООДАРЫЛБАС ЭР ЭҢИШЧИЛЕР

Эр эңиш – кыргыздын байыркы улуттук оюндарынын бири. Жоокерчилик заманда кайсы бир себеп менен куралынан ажырап калган эр-азамат душманы менен ат үстүндө салгылашкан. Ата-бабаларыбыздан калган бул оюн бүгүнкү күндө да ойнолуп келе жатат. Эр эңишке түшүп көпчүлүктүн кызыгуусун жаратып келе жаткан балбан билек мырзаларды тааныштыралы.

Күмүшбек Кыдыралиев, эр эңишчи: “Аттан түшкүс балбан аталып жүрөм”

– Мен Таластын кулунумун, 41 жаштамын. Жаш кезимде улак чаап жүрчүмүн. Анан өзүмдү эр эңиштен сынап көрөйүн деп 2007-жылдары айыл арасында эңишке түшө баштагам. Негизи ата-бабаларыбыздан бери эле балбандык сапат бар экен. Чоң атамды “аты ашуудан баспай калганда аны моюнуна көтөрүп ашып кеткен” деп айтышат. 2011-жылы республикалык мелдешке чыгып чемпион болдум. Эр эңиш боюнча улуттук курама командага кошулдум. Ошону менен ага кызыгып кеттим, мелдештерге калтырбай катыша баштадым. Азыр эл аралык класстагы спорт чеберимин. Эр эңиштен бир нече автоунаа, ат, төө, акчалай сыйлыктарды уттум. Өлкө ичинде 30 чакты жеңишим бар. Ушул убакка чейин аттан түшкүс, жеңилбес балбан аталып келе жатам. 2014-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Нурлан Молдокулов экөөбүз финалда кез келе турган болуп, 1-2-орундун байгесин ортого коюп бөлүшүп алганбыз. 2016-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында казак балбанын утуп 1-орунду ээлегем. Кийинки жылы Азия чемпиондугу Казакстанда өтүп, Көчмөндөр оюндарында мен утуп алган балбан экөөбүз кайрадан кез келип калдык. Мен аны аттан таза алып түшкөн элем. Бирок жер үстөмдүк кылып, сыйлоо аземинде калыстар жеңишти өздөрүнүн балбанына ыйгарып коюшту. Өткөн жылы Татарстанда өткөн Дүйнө чемпиондугунда 1-орунду ээледим.

Мурун 80 килограммга чейин эңишчүмүн, азыр 90 килограммдан өйдө, оор салмак ченинде күч сынашып калдым. Өлкө ичинде атаандаштык күч. Эр эңишке кызыккан жаштар дагы көбөйүп баратат. Ар бир облуста балбандар бар. Мурун кара күчкө таянып, дароо эле эңишке чыгып кетсек, акыркы жылдары толук түрдө залга барып машыгып, алдын ала даярдана баштадык.

Турдукул Абдрахманов, эр эңишчи: “Башында жалаң 2-3-орундарды алып жүрдүм”

– Ош облусунун Өзгөн районунан болом, 1988-жылкымын. Кичинемден эле ат үстүндө келе жатам. Чоң аталарым да эр эңишке чыгышчу экен, демек, бул жөндөм мага алардан өткөн десек болот. Эр эңишке чыгып, күч сынашып жүрөм. 2016-жылдан бери 90 килограмм салмак ченинде мелдештерге катыша баштагам. Бул салмакта күчтүү балбандар абдан көп, атаандаштык күч. Башында жалаң 2-3-орундарды ээлеп жүрдүм. 2018-жылы улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган турнирде 1-орунду ээледим. 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарына барып оюн көрсөтүп келдик. 2022-жылы өлкө чемпиондугунда, Нооруз, 9-Май турнирлеринде, Президенттин кубогунда 1-орунду ээлеп, анан улуттук курамга кошулдум. Татарстанда өткөн Дүйнө чемпиондугунда 2-орунду багындырдым. Андан тышкары Каркырада өткөн Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына, Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгына арналган мелдештерде баш байге, автоунаа утуп алгам. Быйыл 100 килограммдык оор салмакта эңише баштадым. Нооруз, 9-Май, 31-август майрамдарынын урматына өткөрүлгөн президенттин кубогунда 1-орунду ээледим. Ал эми Татарстанда өткөн Дүйнө чемпиондугунда 1-орунду, Кыргызстанда өткөн Дүйнө чепиондугунда баш байгени багындырдым. Жетишкендиктерим көп эле, эр эңиш мен үчүн абдан ийгиликтүү болду.

“Кызыккандар көбөйүп, атаандаштык күч алууда”

– Баштагыга караганда эр эңиш жаатында чоң өзгөрүүлөр бар. Мурда аш-тойлордо эле ойнолуп келсе, азыр мамлекеттик, эл аралык деңгээлде жылына 5-6 турнир өткөрүлүп жатат. Башында байге фонду абдан аз болчу. Азыр байгенин да өлчөмү көбөйүп калды, андан тышкары мелдештер да көп уюштурулууда. Кызыккандардын саны күндөн-күнгө арбып, атаандаштыктын деңгээли өсүүдө. Республикалык деңгээлдеги турнирге катышуу үчүн балдар алгач өз облустарынан тандоо турунан өтүп анан келишет. Кыргызстандын чемпиондугун уткан балдар эл аралык деңгээлдеги мелдештерге катышышат. Эр эңиште жигиттер эч буйдалбай өзүн сынап көрүшсө болот, анткени бул кооптуу спорт түрүнө кирбейт. Оор жаракат алуу коркунучу жокко эсе.

Амантур Мүнүр уулу, эр эңишчи: “7 жылдан бери республикалык деңгээлдеги беттештерге чыгып жүрөм”

– Талас районуна караштуу Сасык-Булак айылында 1985-жылы жарык дүйнөгө келгем. Кичинемден эле улак ойногонго, эр эңишке абдан кызыкчумун. Мектепте окуп жүргөндө тойлордо өткөн эңиштерге чыга баштагам. Албетте, бирде утуп, бирде утулуп жүрдүм. 2016-жылдан баштап республикалык деңгээлдеги мелдештерге катыша баштадым. Кудай буюрса, жетишкендиктер жакшы. Кыргызстан боюнча биринчи орунду 10-11 жолу ээледим. 2018-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 3-орунду, Казакстанда өткөн Азия оюндарында 2-орунду, 2019-жылы Кичи көчмөндөр оюндарында 1-орунду ээлегем. Былтыр Татарстанда эр эңиш боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп, ага 8 мамлекеттин эр эңишчилери катышты. Чукул белгиленип калганына байланыштуу 4-5 мамлекеттин балбандары документтерин даярдап жетишпей, келе албай калышты. Ошол мелдеште 80 килограмм салмак ченинде биринчи орунду алдым.

Жакында Ысык-Көлдө Дүйнө чемпиондугун өткөрдүк. Анда 90 килограмм салмак ченимде 1-орунду ээледим. Мындай Дүйнө чемпиондугу Кыргыз жеринде биринчи ирет өттү. Быйыл июлда 12 мамлекеттин эр эңиш боюнча өкүлдөрү Казакстанга чогулуп, ошол жактан мындан ары Дүйнө чемпиондугун дайым өткөрүп туруу тууралуу сүйлөшүп, биринчисин Кыргызстан баштап бергиле дешиптир. Быйыл биздикилер уюштуруп беришти. Кийинки жылы Казакстан өткөрөт. Мындан ары жыл сайын эстафета менен улам башка өлкөлөрдө өтө берет.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1093, 17-23-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан