Данияр Эрматов, ырчы: “ЛЕКСУС 570 АЙДАЙМ”

Белгилүү ырчы Данияр Эрматов балдар узаткан суроолорго жооп берди. Кызыктуу суроолор берилди. Жоопторун чогуу окуйлу.

Айсели Зулфидинова, 10 жашта:

– 30 жылдан кийинки Данияр Эрматовду кандай элестетесиз?

– 30 жылдан кийин, Кудай буюрса, 64кө чыгат экенмин. Ал убакта неберелердин чоң атасы, таятасы болуп калам. Ал кездеги өзүмдү Кыргыз Эл артисти деп элестетем. Бул биздин кыялыбыз, ошого аракет кылып жатам.

– Бүгүн менин туулган күнүм, куттуктап коёсузбу мени?

– Туулган күнүң менен куттуктайм, Айсели! Өмүрүң узун болсун! Ата-энеңдин тилин уксаң, ата-энеңди сыйласаң бактылуу болосуң, ошондуктан ата-энеңди ук, ыймандуу кыз бол.

Нурмира Замирбекова, 10 жашта:

– Ырларыңызды көбүнчө кимге арнап ырдайсыз?

– Ырларымды элге арнап ырдайм. Мисалы, кайгылуу ыр ырдасам, кайгырып жүргөн угармандарга арналат, шаңдуу ырды шаңдуу жүргөндөр кабыл алат. Биз ырды чыгарабыз, ар ким өзүнө жакканын угушат. Атайын бир адамга арнагандардан “Атакем”, “Апакем”, “Бир туугандарым” деген ырларым бар. “Кыргызмын мен” деген чыгарманы кыргыз элине, спортчуларга арнагам. Сүйүү темасындагы ырларды досторумдун окуяларынан алып, көркөмдөп кошуп жаратам.

– Ырларыңыздын ичинде катылуу бир сырды жашырган ырыңыз барбы?

– Андай жок. Өзүмө “Неге?” деген ырым жагат, “Мен да кыйнап сени, сен да кыйнап мени, неге жүрдүк, билбеймин деги...” деген саптары бар. Бири-бирин кыйнап көп убакыт жүрүп, бирок акыр аягында турмуш курбагандар ушул ырга баа беришкен. Ушул ыр көбүнүн катылган сыры. “Сүйдүрүп алам” деген обону өзүмө таандык чыгарма бар. Жакында эле “Таттуусуң” деген ырды келинчегиме арнап жаздым. Ошол ырдын ичинде көп сырлар жатат.

Жумаиза Иманалиева, 6 жашта:

– Кашыңыз кара го, боёйсузбу?

– Жо-ок (күлүп). Кичинемде апам тамашалап “бир кашына он кыз, бир кашына он кыз жыгылат” деп калчу. Кийин бир жолу “Универсал” КВН командасы Нурлан Насип экөөбүздү сахнага чыгарып, анын тишине, менин кашыма тийишип тамаша кылышканы эсимде. “Менин жигитимдин бир кашына он кыз, бир кашына он кыз жыгылат” десе “апамдын сөзүн айтып жатат го” деп таң калгам. Кашым кара экени өзүмө анча деле билинбейт.

– Кичинекейиңизде ким болгуңуз келчү?

– Кичинекейимде спортчу, ырчы болгум келчү.

– Кайсы мультфильмди жакшы көрөсүз?

– “Сениби, шашпаны” (“Ну, погоди!”) көп көргөм.

Нурбол Тынаев, 8 жашта:

– Эркек балалуу болсоңуз атын ким коёсуз?

– Эркек балалуу болсом, ата-энем менен чогуу кыргызча аттардан коёбуз. Алдын ала эле мындай коём деп айта албайм. Эки кызымдын тең атын Рания, Даяна деп ата-энем менен кеңешип койгонбуз.

– Бала кезиңизде чүкө ойногондо көбүнчө утчу белеңиз же утулчусузбу?

– Утулчумун, себеби ойной алчу эмесмин. Чикелек деп коёт бизде, ошону көп ойногонбуз. Чүкөнү көп ойногон жокмун.

– Чүкө ойногонду унута элексизби? Ким үйрөткөн?

– Шарттарын билчүмүн, азыр эсимден чыгып калды. Агайыбыз үйрөткөн.

Айбийке Акимова, 10 жашта:

– Данияр аке, канча килограмм жана канча сантиметр болуп төрөлгөнсүз?

– 3 килограмм 700 грамм болуп төрөлгөм. Боюм 55 сантиметр болсо керек эле. Кызыгы, кыздарым да ушундай салмакта төрөлдү.

– Азыр боюңуз, салмагыңыз канча?

– Азыр салмагым 75 килограмм, боюм 1,75 сантиметр.

– Алиппе майрамында кайсы тамга болгонсуз?

– “Г” тамгасы болгонмун. “Г тамгасы мен болом, генийлерге кошулуп, газета кармап отурам” беле, ушундай ыр болчу (күлүп).

Залкар Садырбеков, 7 жашта:

– Кайсы спортко кызыгасыз?

– Эрежесиз эр урушка кызыгам, буга чейин таэквондого баргам. Азыз ММА`ге кызыгам, залга да барып турам.

– Кыздарыңызды кантип эркелетесиз?

“Каным, жөжөм, жөжөлөрүм, байлыктарым менин” деп эркелетем.

– Менин карындашым бар, аты ким, табыңызчы.

(Күлүп) Айсалкын окшойт, ээ? Же Рания (ред.: аты Рания экен).

Автандил Маматкеримов, 14 жашта:

– Мектепте окуп жүргөндө кайсы сабакты жакшы окугансыз?

– Математика менен кыргыз адабиятын жакшы окучумун.

– Сүрөт тартканды билесизби?

– Жок, сүрөттү жакшы тарта албайм.

– Кийин уулуңуз мектепке баргысы келбей, окуусу начарлап баштаса кандай чечим кабыл алмаксыз?

– Окууга сөзсүз барыш керек. Эмнеге баргысы келбей жатканын сурап, ага мотивация берип тарбияламакмын. Сага да айтарым, 14 жашта экенсиң, азыр жакшы оку. 18-20 жашка чейин мээге бир нерсе кирет, андан кийин кыйын болот. Ошондуктан азыр болушунча башка тилдерди да үйрөнгүлө. Биз чет өлкөгө көп чыккандыктан, “англис тилин да үйрөнүп албай” деп аябай өкүнөбүз.

– Сабактарыңызды аткарганда ким көбүрөөк жардам берчү?

– Апам көп жардам берди. Анан эжем жардам берчү.

Адилет Сайпиллаев, 8 жашта:

– 23-ноябрь туулган күнүм, мени куттуктаңызчы. "Туулган күн" деген ырыңыз жагат.

– Келе жаткан туулган күнүң менен, “красавчик”! Бар бол, өмүрүң узун болсун! Ыймандуу бол, ата-энеңди ук, ата-энеңди алдаба, анан мугалимдериңди сыйла. Үйгө берилген тапшырмаларды аткар. Интернетти бекер эле чукуп зыянын тийгизбей, сабагыңды жакшы оку.

– Кандай машинаңыз бар? Канча сомго алгансыз?

– Буга чейин “Супер-Инфого” машина жөнүндө интервью берген эмесмин. Кудай буюрса, балким, алдыда кенен сүйлөшүп калабыз. Азыр Лексус 570 айдап жүрөм, баасы жакшы эле, кымбат эле (күлүп).

– Сизде “охранник” барбы?

– Ооба, “охраннигим” бар. Ал – Кудай. Дегеним, бирөөгө жамандык кылбасаң, жаман сүйлөбөсөң, жаман аракет кылбасаң, “охранниктин” кереги жок.

Алия Абдыганиева, 7 жашта:

– Атаңыз кантип эркелетчү кичинеңизде?

– Данек дейт, атам менен апам азыркыга чейин эле Данегим дешет. Мен үй-бүлөдө уулдардан эң кичүүсүмүн, карындашым бар, бирок карындашымдан дагы көбүрөөк эркемин. Дагы деле эркелетишет.

– Аялыңыз татынакай го, катуу сүйөсүзбү? Каяктан тапкансыз?

– Ооба да, сүйгөн үчүн алдым (күлүп). Тойдон тапкам, тойдо ырдап жатсам, ал конок болуп отуруптур. Анан өзүм сураштырып, номерин таап, эптеп макул кылдыргам (күлүп).

– Эгер кыз болуп төрөлүп калсаңыз эмне кылат элеңиз? Кандай кыз болмоксуз?

(Күлүп) Кыз болсом тагдырга баш иймекмин. Көбүнө үлгү болгон, эгер ырчы болуп калсам кыргыз элин жакшы жагынан көрсөткөн, кыздарды ыйманга чакырган кыз болмокмун.

Атай Асанакунов, 11 жашта:

– Мектепте кайсы кызды жакшы көрчүсүз?

– Ал кезде эң жакшы окуган кыздар жакшы көрүнчү го. Аязгүл деген кошунабыз бар эле, азыр эми үй-бүлөлүү, көп бала-чакалуу. Эми ал балалык сезимдер.

– Баткенде чек арада уруш болгондо жардам бердиңизби? Кантип?

– Ошондо бул жактан чыгармачыл достор менен барганбыз, уруш болгон жерге чейин барып, элден, өзүбүз да кошкон нерселерибизди алып барып бергенбиз. Андан сырткары кайрымдуулук кылып турабыз.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1093, 17-23-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан