ЭМНЕ ҮЧҮН ЧАЧКА ПИЛИНГ ЖАСОО КЕРЕК?

Баштын териси кургап же май көп бөлүнүп жаткандарга баш жууганда шампунду гана колдонуу жетишсиз. Бет териси кургаганда кам көргөндөй эле, чач терисине да скраб, пилингдерди коюп, андан соң нымдандыруу, азыктандыруу кажет. Бул үчүн пилинг жардамга келет.

Пилингдин натыйжасы

Профессионалдуу же косметикалык каражат катары сатылган, үйдөн өз колубуз менен жасаган пилинг, скрабдардын жардамы менен баш терисин эң үстүнкү өлүү катмардан тазаланат. Эпидермистин ушундай жол менен бир сыйра кырылып сыйрылуусу чачтын сулуулугу, өсүшү үчүн да маанилүү, витамин, минералдар чач фоликулдарына оңой кирип сиңет. Ошондуктан маска же башка ыкма аркылуу нымдандыруу, азыктандыруу да пилингден кийин жасалганы оң.

Скраб, пилингдер:

• теридеги өлүк клеткалардан түбүнө чейин тазалайт

• клеткалардын бат жаңырат

• какачты жок кылат

• чачтын өсүүсүн тездетет

• сезгенген теридеги ооруксунуу басылат

• башка скраб менен укалоо жасалгандыктан кан айлануу жакшырат

• эң башкысы, кычышпай калат

Кайсы учурларда жасалат?

• Чоң-чоң карт сымал какачтар чыгып жатса

• Көп какачтаганда

• Чач же чач териси өтө майлуу болсо

• Көп түшүп жатса

• Жогорудагыдай көйгөйлөрдү алдын алуу максатында да жасоого болот

Мындай жолдор менен баш терисин тазалоо аялдарга да, эркектерге да болот.

Пилингдин түрлөрү

Баш терисине ылайыкталган профессионалдуу пилингдин түрлөрү бар:

• Механикалык – бул учурда, тазалоо косметологиялык клиникаларда ар кандай жышыгыч каражаттар менен жүргүзүлөт.

• Химиялык – кычкылдарды колдонуу менен жасалат (мисалы, сүт, бадам, гликол кычкылы). Химиялык пилинг негизинен үстүртөн жасалат, болбосо чач фоликулдарына зыянын тийгизет. Ошондуктан да бул түрүндө кычкылдуулугу аз заттар колдонулат.

• Аппараттык – баштын терисине газдуу суюктук же гальваникалык суюктук менен пилинг жасалат. Газдуу суюктук менен жасалган пилингде чачтын үстүнөн эле газ суюктугу өтө күчтүү басым менен берилет. Бул көмүртек менен кычкылтектен турган медициналык газ. Муну менен кошо мезотерапияны да ийнесиз берүүгө болот. Мезотерапияны баары эле билип калса керек, анда витамин, пептиддер, гиалурон кычкылы териге сайылат же башка аппараттардын жардамы менен берилет. Муну адис адамга эмне жетишпей жатканына жараша жазып сунуштайт.

Мындай процедуралардын баарын дерматолог-трихологдор косметологиялык борборлордо жасашат.

Канча жолу жасоого болот?

Эгер чачыңыз майланышып, таз жуулбай калгандай сезилип жаткан болсо үй шартындагы пилингдерди жумасына 1-2 жолу колдонууга болот. Ал эми калыптагыдай чачка 10 күндө 1 жолу жасоого мүмкүн. Ал эми кургак терилер үчүн 2 жумада 1 гана жолу пилинг жасоо сунушталат. Эгер андан көп тазалоо жүргүзүлсө тери тескерисинче майды көп бөлүп чыгара баштайт да, бүдүрлөр чыгып кетет. Ошондой эле пилинг жасоодо алдын ала баш теринин кичине бөлүгүнө сүйкөп көрүп текшерүүдөн өткөрүп алуу зарыл.

Үй шартында пилинг-скрабдын түрлөрү

Туз+зайтун майы

2 аш кашык деңиз же кадимки тузга 2 аш кашык зайтун майын кошуп аралаштырып, баш терисине тегиз сүртүп. 2-3 мүнөт акырын укалайбыз да, шампунь менен таза жууйбуз.

Кокос майы+алма уксусу

2 аш кашык кокос майына 1 аш кашыкка жетпеген алма уксусун кошуп, 2 чымчым туз кошуп аралаштырып жогорудагыдай ыкма менен коюп, жууйбуз.

Кумшекер+бал

3 аш кашык кумшекерге 1 аш кашык бал, 2 аш кашык каймак же камкаймак (сливки) кошуп аралаштырып, чач териге сүртүп 5 мүнөт укалоо жолу менен сүргүлөп чыгабыз. Андан соң шампунь менен таза жууйбуз.

Кофе+туз

Өтө майлуу тери үчүн 2 аш кашык кофеге 2 аш кашык тузду кошуп баш терисине жогорудагыдай сүртүп, жууп салабыз.

Сода+шампунь

2 аш кашык тамак-аш содасына ошол эле өлчөмдөгү шампунду укалоо менен тегиз сүртүп, 1 мүнөттөн ашырбай жууп салуу кажет.

Үй шартында шампунь-пилингдерди коюу шарттары:

Атайын дарыканалардан териңизге жараша скраб, пилингдерди алып колдонсоңуз болот.

• Сууланышкан баш терисине сүйкөйбүз

• Жакшылап көбүртөбүз

• Бир нече мүнөткө коюлат. Канча экени колдонуу ыкмасында жазылышы керек.

• Андан соң жылуу суу менен жакшылап жууйбуз

Маска-пилингди коюу шарттары:

• Кургак кирдеген башка коюлат

• Чачтын өсүмү карай тегиз териге сүйкөйбүз

• Жеңил, акырын укалап чыгабыз

• Керектүү мөөнөткө калтырабыз

• Шампунду колдонуп таза жууйбуз

Пилинг, скрабдарды колдонгон соң кургап кетүүгө каршы, тынчтандыруучу (антисеборейный) лосьон сүйкөлөт. Бул кычышууга, сезгенүүгө жол бербейт. Каалоого жараша мындан кийин косметологиялык борборлордон ультраүндүү терапияны колдонуп коюу эң жакшы. Бул чачтын түшүүсү, карт сымал какачтар менен күрөшүүдө, кычышууда натыйжалуу терапия болуп саналат.

Кайсы учурда болбойт?

• Профессионалдуу, дарыканадан алынган тазалоочу пилинг, скрабдарды, же үй шартында жасалгандарын баш терисинде, негизи эле оору күчөп турган маалда жасоого болбойт. Жадакалса экологиялык жактан таза делген пилингдердин түрү болсо да. Айрыкча териде жаралар, жаракаттар бар болсо, толук айыга электе.

• Чач жаңы боёлгон кезде же боёор алдында

• Жаңы күнгө тотуккандан кийин

• Псориаз, экзема ооруларында

• Тери өтө сезимтал болгондо

• Кош бойлуу же эмизип жаткан учурда

• Ар кандай заттарга аллергиясы бар болсо

• Теринин жугуштуу ооруларында

• Онкологиялык оорулар бар болсо

Материалды даярдоого көмөк көрсөткөнү үчүн трихолог Айдай Жумановага ыраазычылык билдиребиз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1093, 17-23-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан