Тилекмат Касияров, ырчы: «ТҮМӨНБАЙ КОЛДОШОВ АГАЙЫМДАЙ ЛИДЕР БОЛГУМ КЕЛЕТ»

Азыркы ыргагынан жазбаса, бул жигит келечектин мыкты ырчысы болот деген үмүт бар. Рыспай Абдыкадыровдун ырларын катыра аткарып жүрөт. Пародисттик да шыгы бар экен. Урматтуу окурман, сизге жаш ырчы Тилекмат Касияровду тааныштырабыз.

– Саламатсызбы, Тилекмат? Кеңсебизге кош келипсиз. Окурмандарыбызга өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз.

– Саламатсыздарбы? Чоң рахмат. Алгач чакырганыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Мен Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Маман айылынын кулунумун. Бала кезимден чыгармачылык деген улуу жолду сүйүп, анын ичинен аккордеон аспабын жандай көрүп чоңойдум. Бала кезде аккордеонум жок эле, телерадиодон бул аспап менен коштолгон ырларды уксам, мектепке көтөргөн сумкамды боорума асып алып чоң сахнада, филармонияда ырдап жаткандай элестетип кошулуп ырдачумун. Аны менен кошо пародия жаатында дагы мыкты куудул аталарыбыздын айткан тамашаларын, өздөрүн туурап калчумун. Эң алгач айылга Күмөндөр деп таанылгам (күлүп). Соода-сатыкка дагы шыктуумун. 9-класста Караколдун базарында байпак алып-сатып иштеп, көптөн бери көксөп жүргөн аккордеонду 15 миң сомго сатып алгам. Өз каражатыңа сатып алган нерсе аябай таттуу болот экен. Бош убактым боло калса эле аккордеон кучактап отурчумун, ырдачумун. Ошентип бат эле үйрөнүп алдым.

Музыкага болгон кызыгуум күч эле, 9-классты бүткөндө музыкалык окуу жайга тапшырайын десем “11-классты бүтүп кет, күбөлүктү бербейбиз” деп мектептеги мугалимдерим кетиришпейт. Ошентип жатып июль айы ортолоп калганда күбөлүгүмдү араң алгам (күлүп). Анан Караколдогу Ыбырай Туманов атындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым. Ал жакта 1 жыл окугандан кийин Бишкекке келдим. Анткени борбор шаарда мүмкүнчүлүктөр көп эмеспи. 2019-жылы Таштан Эрматов атындагы музыкалык колледжге тапшырып, быйыл окуу жайды кызыл диплом менен аяктадым. Бүтүрүп жатып мугалимдердин, устаттарымдын ак батасын алайын деп “Мен күткөн бакыт” аталышындагы тушоо кесүү концертимди бердим.

– Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылыгына качан кызыгып калдыңыз?

– Негизи бала кезден эле Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев атабыздын ырларын жакшы көрөм, угам, ырдайм. 2021-жылы колледжде окуп жүргөндө агайыбыз Түмөнбай Колдошов студенттер арасында “Ырдын пири Рыспай” аталышындагы сынак уюштурган. Ошондо Таалай Иманкулов, Аскат Мусабеков, Алтынай Нарбаева сыяктуу рыспайчы аткаруучу эже-агаларыбыз келип калыстар тобунда отурушкан. Ошол сынактан кийин кызыгуум мурдагыдан да күчөп, дагы да шыктандым. Таалай Иманкулов агабыздын Рыспайдын ырларын аткаруу чеберчилигине суктанам, андан таасир алам. Анан Эркин Амангелдиевден таасирленем, ушул эки инсандын аткаруучулук чеберчилиги жагат.

Бардык нерсе ниетке жараша экен, быйыл жазында Ош шаарына барсам деп ниет кылып койдум эле. Жайында ушул тилегим ишке ашты. Маданият министрлиги республикалык деңгээлде 32 жашка чейин обончу, аткаруучулар арасында сынак уюштуруп, анда Биримкул Алыбаевдин сөзүнө жазылган Рыспай атабыздын “Сагындым туулган жер сени” деген ырын аткарып, 3-орунду жеңип алдым. Сынакка Ысык-Көлдүн атынан катыштым. Өзүңдүн атыңдан катышкан башка, а килтейген облус ишенип жиберип жатса, анын жоопкерчилиги башка болот экен.

– Кут болсун! Эстрада жаатында атайын жаздырган ырларыңыз барбы?

– Андай максатым бар. Азырынча аталышын айтпай турайын, Түмөнбай Колдошов агайыбыздын жаңы обонун ырдайын деп даярдап жатабыз. Бул ыр эстрадалык багытта.

– Пародисттик да өнөрүңүз бар экен?..

– Башында тар чөйрөдө Түмөнбай Колдошов агайымдын үнү менен учурашып же тамашалап жооп берип калчумун. Бир жолу телеканалдардын биринде түз эфирде отурсам, ырчы Төлөгөн Мамыров байланышка чыгып, “Түмөнбай Колдошовду туурап берсин” дептир. Түз эфир болчу, жок деп айта албадым. Биринчи жолу ошол телеканалда агайымды туурадым. Агайым аны жакшы кабыл алды, ал видеону өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларына бөлүшүп, жакшы пикирин жазып, талантты баалаш керектигин айтты. Ошондон бери суранган жерлерде агайымды туурап коюп жүрөм (күлүп).

– Дагы кимдерди туурайсыз?

– Роза Отунбаеваны туурап калам. Негизи туураганыңды ар ким ар кандай кабыл алат, агай-эжелерди алардын уруксаты менен гана туурап жүрөм. Бирөөнүн көңүлүн ооруткум келбейт. Кээде “мени эмнеге туурабайсың?” дегендер да болот. Бирок бардык эле адамды мынакей деп туурап кете албайсың.

– Жогоруда бала кезде Күмөндөр деп таанылгам дедиңиз?..

– Күмөндөр Абылов атабыздын “Электрик” деген сатирасы бар эмеспи. Үйдө ошондой электриктин шапкасы бар экен, 4-5 жашымда ошону кийип алып аны туурай берчү экенмин. Күмөндөр агайыбыз менен 2019-жылы жакындан таанышып, бир жума Ысык-Көлдө чогуу гастролдо жүрдүк. Агайдын кандай учурда маанайы өзгөрүлөт, кандай адаттары бар, бир жумада баарын билип калдым.

– Чыгармачылыгыңыз мындан ары кандай багытта уланат?

– Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университетинин 3-курсунда окуп жатам. Кызыл дипломум болгону үчүн жана музыкалык окуу жайды аяктаганыма байланыштуу дароо 3-курска отурдум. Социалдык маданий ишмердүүлүк бөлүмү. Мында актёрлук чеберчиликтен тарта, режиссёрлук, музыкалык билим, баары чогуу окутулат. Маданияттын бардык тармагынан кенен түшүнүк алсам, зарылдык болсо бардык тармагында иштеп кете алсам дейм. Негизи кайсы тармакта болсом да ар дайым элибизге жакшы маанай тартуулап турсам, колумдан келишинче мамлекетке салым кошо алсам, мен үчүн ошол бакыт. Кудай буюрса, телеканалдарда, радиоберүүлөрдө да эмгектенгим келет. Ар тараптуу болууну жактырам. Ырчылык да жолдо калбайт, чогуу ала кетем, буюрса.

– Өзүңүз да обон же ыр жаратасызбы?

– Бир-эки обондун кайрыктары бар. Бирок жарыялай элекмин. Аны жакшылап иштеп, бышырып чыгыш керек.

– Атактуулукту максат кыласызбы?

– Генерал болгусу келбеген жоокер жоокер эмес деп коёт эмеспи (күлүп). Атактуу болуп, элдин баары мени эле карап турсун дегенден алысмын. Бирок чыгармачылыктан өз ордумду тапкым келет.

– Өрнөк туткан адамдарыңыз барбы?

– Албетте. Устатым, филология илимдеринин кандидаты, доцент Түмөнбай Колдошов агайымдан үлгү алып, түздөнүп турам. Устатым сабактан тышкары, туура сүйлөө, түз жүрүү, дегеле көп нерсе үйрөттү жана үйрөтүп келе жатат. Анын жетекчилик, лидерлик сапаттары мага аябай таасир берет. Мен дагы ага окшоп, кайсы жерге барсам, ошол жерди гүлдөткөн лидер болгум келет.

– Тамадалык да кыласызбы?

– Жок, тамадалыктан алысмын, жакшылыктарда аткаруучу катары кызмат кылам. Көбүнчө мени улуу муун, Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылыгын сүйгөндөр чакырышат.

– Чыгармачылык ийгилик!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1093, 17-23-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан