ВЕЗИКУЛИТ – ЭРКЕКТЕРДЕГИ УРУК КӨБҮКЧӨ БЕЗИНИН СЕЗГЕНИШИ

“Везикулит – эркектерде кездешкен оору, ага жыныстык жол менен жугуучу оорулар, простатит себеп болот. Дарыланбай жүрө берсе адам тукумсуздукка учурайт”,- дейт Улуттук госпиталдын эндовидеохирургия бөлүмүнүн андролог-врачы Акылбек Абаралиев. Макалада ушул дарт тууралуу кеңири маалымат беребиз.

“Милдети – сперматозоиддерге азык даярдоо”

Эркектерде “урук көбүкчөсү” деп аталган бездүү органдын саны экөө. Алар табарсыктын артында, урук чыктагыч бездин үстүндө эки тарапты карап жайгашкан. Узуну 5, туурасы 1,5-2, калыңдыгы 1-1,5 сантиметр. 3 кабыкчадан турат. Урук көбүкчөлөрү эки чоң милдетти аткарат. Биринчиси – эркектердин жыныстык клеткасы болуп эсептелген сперматозоиддер үчүн азыктарды: аскорбин кычкылы, фруктоза жана белокту бөлүп чыгарып туруу.

Экинчиси – бел суунун (уруктук) бөлүнүп чыгышына катышып, ашыкча сперматозоиддерди утилизациялап туруу.

Везикулит – ошол урук көбүкчөлөрүнүн сезгениши. Адатта, экөө тең сезгенет.

Сезгенүүгө эмнелер жеткизет?

1. Урук көбүкчөлөрү табарсык, урук чыктагыч без, заара чыгаруучу түтүкчө, түз ичеги менен жанаша жайгашкандыктан алардагы сезгенүү күчөсө буларга да өтүп кетет. Мисалы, цистит, уретрит, простатит ооруларынын таасиринен жаралат.

2. Жыныстык жол менен жугуучу гонорея, трихомониаз, хламидиоз, уреаплазмоз ооруларын жуктуруп алганда алардын оору козгогучтары да везикулитти козгошу мүмкүн

3. Ичеги таякчасы, стафилококк, энтерококк бактериялары да ооруну жаратат

4. Кээде тонзиллит, остеомиелит, сасык тумоо оорулары өтүшүп, күчөп кетсе да урук көбүкчөлөрүн сезгентиши мүмкүн

5. Урук көбүкчөлөрүнүн тубаса патологиясы. Башкача айтканда, аталган орган урук суюктугу же заара кошулуп кеткендегидей болуп туура эмес түзүлүп, жаралып калат.

6. Ич катууну жаратуучу ашказан-ичеги оорулары. Мындай оорулар жана ич катуу лимфа суюктугунун калыптагыдай агуусун бузат. Алар жакшы акпай калган жерде микробдор көбөйүп, алар заара-жыныс системине, анын ичинде урук көбүкчөлөрүнө да өтүп, сезгентиши ыктымал

7. Такай отуруп иштегендиктен улам да кичи жамбашта кан уюп калат. Мындан тышкары, суукка урунуу да заара-жыныс системинин табигый коргоочу механизмин алсыратат. Ушундан улам урук көбүкчөлөрүнө бактериялар өтүп кетет.

8. Везикулит оорусун убагында дарылабаса, простатитти пайда кылышы толук мүмкүн

Стадиялары

Дарт курч кармаган жана өнөкөт түрү деп экиге бөлүнөт. Убагында дарылап айыктырбаса өнөкөт түрүнө өтүп кетет.

Оорунун бир канча стадиясы бар. Алар:

Катаралдык – башталгыч стадия. Урук көбүкчөлөрү жана алардын керегелери (стенка) шишийт, андагы кан тамырда бир аз өзгөрүү күтүлөт

Ириңдүү. Урук көбүкчөлөрүнүн клеткалары өлө баштап, ириң пайда болот

Таралган стадия. Сезгенүү урук көбүкчөлөрүнөн тышкары, ага жакын жайгашкан ткандарга да өтө баштайт. Эгер мында да дарылабаса арты бул кесепеттерге алып келет:

1) Көңдөйлүү тешикчелер. Ириң ичеги же табарсыкка тээп чыгып, ордуна көңдөйлүү тешикчелерди калтырат. Мындай кезде заара кылганда, заңдаганда ириң кошулуп чыгат.

2) Зааранын чыкпай калышы. Бул урук көбүкчөлөрүнүн шишип, заара чыгаруучу түтүкчөнү кысып калгандан болот.

3) Сезгенүү жайылып кеткенде иммунитет кескин алсырайт. Ушуга байланыштуу ооруну козгогучтар табарсыкка, андан заара чыгаруучу түтүккө өтүп, кан менен барып бөйрөктү да сезгендириши ыктымал

Дарттын белгилери

Жука чурай, бел, ичтин төмөн жагынын катуу оорутушу. Оорутуу түз ичегиге, көтөн чучукка чейин жетет.

Дене табынын көтөрүлүшү, чыйрыгуу, дененин жанчылгансып оорутушу, алсыроо, суусоо, көңүл айлануу

Сексуалдык функциянын начарлашы

• Тез-тез заара кылуу. Заара кылууда оорутуунун күчөшү

• Эгер простатит оорусунун үстүнө везикулит кошулса, анда ал жерде катуу, оор нерсе туруп калгандагыдай сезим жаралып, абдан катуу оорутат

• Гематоспермия. Урук көбүкчөлөрү бел суунун бөлүнүп чыгышына катыша турганын жогоруда айттык. Жыныстык катнашта урук көбүкчөлөрүндөгү майда кан тамыр жарылып, кан бел сууга аралашып кетет. Ошондуктан уруктуктун өңү күлгүн түстө болуп калат

Диагноз

Так диагноз коюу үчүн уролог төмөнкү текшерилүүдөн өтүүнү сунуштайт:

• Кандын, зааранын биохимиялык анализи

• Кичи жамбаштагы жыныстык органдардын УЗИси

• Урук көбүкчөлөрүнөн алынган суюктуктун анализи

Дарылоо

Өнөкөт түрү суукта, иммунитет алсыраганда, простатит, цистит сыяктуу оорулар козголгондо кошо кармап, адамдын абалын, ишке болгон жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт. Дарыланбай жүрө берүү, ооруга көңүл кош кароонун түбү жыныстык жактан шалдыкка, тукумсуздукка жеткирет.

Оорунун башталышында дары-дармек менен дарылап айыктырууга болот. Негизи эле дарылоодо төшөктө жатуу, антибиотиктер, оорутууну басуучу анальгетик, тамчылатма дарылар, ооруган аймакты сыртынан укалоо сунушталат. Булар менен кошо физиотерапия, дарылык ванна, диета жардамын тийгизет. Дарттын ириңдүү түрүндө операция жасалып, ириң тазаланып, анан дарылануу процедурасы башталат. Ал эми “дарылоо эч кандай жардам бербейт” деп табылган учурда урук көбүкчөлөрү алып салынат. Мындай жагдайда албетте, сперматозоиддердин сапаты, жашоо мөөнөтү өтө төмөндөйт. Оорунун алдын алуу

• Жыныстык жактан ооруларга кабылуунун алдын алуу

• Эркектерге таандык оорулардын белгилери билинер замат дароо текшерилип, дарылануу

• Суукка урунуунун алдын алуу

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1093, 17-23-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан