XXI КЫЛЫМДАГЫ АЛГАЧКЫ ЭГЕМЕН ӨЛКӨ - ЧЫГЫШ ТИМОР

Дүйнөдөгү эң жаш мамлекеттердин катарына кирген Чыгыш Тимор же болбосо Тимор-Лешти мамлекети тууралуу кабарыңыз барбы? Эгемендүүлүк статусун 2002-жылы алган өлкөнүн кызыктуу тарыхы менен бөлүшкүбүз келди.

Толук аталышы: Чыгыш Тимор Демократиялык Республикасы

Борбору: Дили

Башкаруу системи: Парламенттик-президенттик республика

Президенти: Жозе Рамуш-Орта

Аянты: 15 007 чакырым

Калкынын саны: 1,3 миллион

Расмий тили: тетум, португалия

Акча бирдиги: АКШ доллары, сентаво тыйыны

Жашаган улуттар: тетум (45%), мамбайлер (15%), токоде (12%), бунак (11%), макасайлар (3%) жана башка

Дини: христиан (калктын 98%)

Тарыхы

Чыгыш Тимор же болбосо Тимор-Лешти 21-кылымда эгемендүүлүк алган алгачкы мамлекет. Эгемендүүлүккө чейин Португалия, Голландия, Япония жана Индонезиянын колониясында жашап келген. 1999-жылы БУУнун кийлигишүүсү менен Чыгыш Тимордо өз тагдырын өзү аныктоо боюнча референдум өтүп, анда жашоочулардын 78,5 пайызы Индонезиядан эгемендүүлүк алуу үчүн добуш беришкен. Көптөгөн талаш-тартыш, жарандык согуш, кагылышуулардан кийин 2002-жылдын 20-майында Чыгыш Тимор өлкөсү (дагы бир аталышы Тимор-Лешти) расмий эгемендүү мамлекет статусун алган.

Жаштардын өлкөсү

Европа мамлекеттеринин көпчүлүгү калкында улуу муун көпчүлүктү түзүп, жаштар азайганын айтып коркунучтун коңгуроосун кагып жаткан маалда Тимор-Лешти, тескерисинче, бул жаатта мактана алат. Жарандардын 41 пайызы 14 жашка чейинкилер, 20 пайызы 15-25 жаштагылар, 30 пайызы 25-54төгүлөр, ал эми 5 пайызы 55-64 жаштагылар болсо, 64 жаштан өткөн кары адамдар калктын 3-4 пайызын гана түзөт. Мамлекеттин калкынын саны жылдан жылга өсүүдө, бул согуш маалында башка мамлекеттерге көчүп кеткен качкындардын кайта мекенине кайтып жатканы менен байланыштуу.

Тоолуу өлкө

Түштүк-чыгыш Азияда жайгашып, Тимор аралынын жарымын ээлейт. Чыгышын Тимор аралы, түндүк-батыштан түштүк-чыгышка чейин тоолор курчап турат. “Тимор” сөзү “чыгыш” деген маанини камтыйт. Чыгыш Тиморду дайыма жашыл өлкөлөрдүн катарына кошкон анын аба ырайы. Сентябрь айынан май айына чейин тынымсыз жаан жаайт, калган айлар кургак деп эсептелгени менен, салыштырмалуу абдан эле нымдуу өлкө. Жаан-чачын мезгилинде абанын орточо температурасы 24-27 градусту түзөт, ал эми кургакчылыкта 35 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.

Тоо боорунда көптөгөн токойлор бар, арасынан сандал дарактуу токойлор басымдуулук кылат. Андан сырткары кокос пальмалары, аккация, эвкалипт көп өсөт.

Экономикасы

Башынан көптөгөн басып алууларды, согушту өткөргөн Тимор-Лешти Азиядагы кедей өлкөлөрдүн катарында. Өлкө боюнча жумушсуздук басымдуулук кылат, бул мамлекеттин борбору Дили шаарына да тиешелүү. Андыктан айыл жергесинде жашагандар шаарга агылып убара болушпайт. Орточо айлык акы 110 доллар болсо, карылардын пенсиясы 30 долларды түзөт.

Эгемендүүлүк алгандан бери экономикасы аздан болсо да алдыга карай жылып бара жатат. Калкынын басымдуу бөлүгү айыл чарба, суу чарба, токой чарбачылыгы менен алек. Дыйкандар кофе, кокос майы, каучук, күрүч, жүгөрү, соя, батат, манго, банан, ваниль, корица, пахта, тамеки сыяктуу өсүмдүктөрдү өстүрүшөт. Андан сырткары буйвол, эчки, тоок, жылкыларды багышат, балыкчылык, аңчылык менен да алектенишет.

Экономикага дагы бир орчунду салым кошкон – Тимор деңизинде жайгашкан мунай жана газ кендери. Андан сырткары өлкөдө алтын, платина, мрамор жана марганец кендери бар.

Согуштун натыйжасында мамлекетте дээрлик инфраструктуранын көбү кыйрап калган. Өнөр-жай сектору начар иштейт же дээрлик иштебейт десе болот.

Билим берүү системи

Билимдүүлүк жогорку деңгээлде эмес. Өлкөдөгү билим алууга жашы жеткен адамдардын 60 пайызы окуп-жазганды билет. Билим берүү системи мектепке чейинки 3 жылдык даярдык, андан кийин 12 жылдык окуу программасы менен түзүлгөн. 12 жылдын 9ун бекер окушат, андан кийинки 3 жылды кайсы бир кесиптик багыттагы окуу жайларда акы төлөп окушат. Университтер жана илим изилдөөчү окуу жайлар Дили шаарында жайгашкан, ал эми мектептердин көбү чиркөөлөрдөн орун алган.

Маданияты

Ар бир улуттун кызыктуу маданияты бар эмеспи. Чыгыш Тимор калкына заманбап жашоонун маданият элементтери жакшы сиңе элек. Бул жерде ыр жана бий 4 багытка бөлүнгөн: тебе, тебедай, данса жана кансаун деп. Ар биринин өзүнүн этникалык, аймактык өзгөчөлүгү бар. Музыкасы кыл кыяк, бамбук флейтасы, корнет жана варган музыкалык аспаптарынын коштоосунда жаңырат. Элдик ырлары жергиликтүү уруулардын салт-санаасын, тарыхын чагылдырып турат. Оозеки чыгармачылык өнүккөн, өзгөчө акындардын ырлары жакшы бааланат. Чыгыш Тимор жазуучулары менен да белгилүү. Чет элдик аренага чыккан жазуучулардын катарын Фернандо Силван, Франсиско Борха да Коста жана Шанана Гужмау толуктайт. Өзүлөрүнө гана белгилүү улуттук оюндары да көп, бирок жаштардын сүйүктүү оюну – футбол болуп эсептелет.

Ашканасы

Ашканасы дүйүм тамактарга бай. Дасторкондо сөзсүз коюлуучу даам – күрүч. Күрүчтүү түрдүү формада, түрдүү татымалдарды кошуп жей беришет. Андан сырткары деңиз жандыктары, канаттуулар, чочконун этин көп жешет. Жашылча-жемиштерден болсо буурчактын түрлөрү, бамбук, соя, жүгөрү, тропикалык мөмө-жемиштер, кокос сүтү, базилик, айтор, менюсу көп кырдуу.

Эс алуучулар үчүн

Эгемендүүлүк алганына 20 жылдан ашса да Тимор-Лешти мамлекети тууралуу көпчүлүк биле бербейт. Ал эмес дүйнөлүк почта системинде Дили шаарына жөнөтүлгөн аманаттарды алмаштырып Индиянын Дели шаарына жөнөтүп жиберген кызыктуу учурлар бар. Өнүкпөгөн, кедей өлкө аталса да, туристтер үчүн кымбатчылык өкүм сүрөт. Бул мамлекетке көбүнчө дайвинг же болбос суу астындагы сафари үчүн келишет. Тунук суу, кооз коралл рифтери дайверлерди өзүнө тарткан капкан эмеспи. Альпинизм, рафтингди сүйгөн адамдарга да сунуштала турган жерлер көп. Ал эми жаратылышына суктанып, майда аралдарга саякатка чыгам дегендер үчүн маймылдар аралы жана какаду тоту куштары көп жайгашкан аймактарга алып барып келишет. Шопинг кылам дегендерге да кызыктар бар. Мисалы, базарга чыксаңыз кооз карапалардын түрлөрүн табасыз, зергерлердин, уста, тикмечилердин өзгөчө буюм-тайымдарын алып, жакындарыңызга же өзүңүзгө эстелик катары алсаңыз болот.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1093, 17-23-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан