ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 27-ноябрдан 3-декабрга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Бардык руханий жана материалдык баалуулуктарды алуу, өнүктүрүү – бул аптанын эң маанилүү милдети болот. Жашооңуздан керексиз нерсени алып салуу менен гана жаңы нерсени киргизе аласыз. Олуттуу чыр-чатактардан алыс болуңуз, күчүңүздү жана энергияңызды үнөмдөө керек. Спорт менен машыгууну баштоо үчүн жакшы убакыт. Абдан кызыктуу таанышуу жашооңузда орун алат, ал жолугушуу романтикалык мамилеге айланышы мүмкүн.


БУКАЧАР (21.04–20.05)

Аптада карьераңызда позитивдүү өзгөрүүлөрдү жасоого ылайыктуу учур. Жакшы сунуштар, жаңы долбоорлор, тапшырмалар келиши мүмкүн. Сөзсүз макул болуңуз, жакшы натыйжаларды тез эле көрөсүз. Айымдар көпчүлүктүн көңүл борборунда болушат, сулуулугу байкалып, бааланат. Ал эми букачар мырзалар кызыктуу жолугушууларды жана каржылык пайдаларды күтүшү керек. Бизнесте кыйынчылыктар же кыймылсыз мүлк менен кооптуу кырдаал жаралышы мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Эгиздер үчүн укмуштуудай ийгиликтүү мезгил келе жатат. Каалаганыңызды кыла аласыз, жаңы нерсени сынап көрүңүз. Кесиптик чөйрөдө да, жеке жашоодо да баары жакшы болот. Ири сатып алууларды жана саякатты пландаштыруу үчүн жакшы убакыт. Мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбоого жана мүмкүн болушунча пайдалуу нерселерди жасоого аракет кылыңыз. Күтүүсүз чечимдерди кабыл алуунун кереги жок.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Майда нерселерге капаланбаганга аракет кылып, жан дүйнөңүздүн тынчтыгын жана энергияңызды сактаңыз. Жакын адамыңыздын кайдыгерлиги, көңүл коштугуна жинденесиз, бирок баарын убакыт таразасына коюңуз, сиздин жашооңузга да түстүү күндөр келет. Учурда сизди эч ким токтото албайт, андыктан кылам деген нерсеңиздин баары четинен ишке аша берет. Түштөргө көбүрөөк маани бериңиз, алдыда боло турган окуяларга аян берилип жаткан болушу мүмкүн.


АРСТАН (23.07–23.08)

Сиз пландаган жана ишке ашыра турган нерселердин баары орундалат. Алтынчы туюмуңуз эң жогорку чекте турат, дал ушул убакытта өзүңүздүн иш-аракеттериңиздин туура же туура эмес экендигин так түшүнөсүз. Сүйүүдөн азап тартып жүргөн арстандардын жарааты дароо айыкпайт. Сүйгөн нерсеңиз менен алектенип, жаңы хобби таап өзүңүздү алаксытсаңыз болот. Апта соңунда жаңы таанышуулардын артынан жаңы байланыштарды түзөсүз.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Аптада чоң пландарды түзбөңүз, кысылып, чарчап каласыз. Сиз ойлогон жана кылган нерселердин баарын көзөмөлдөөнү унутпаңыз. Эртеби-кечпи баары үчүн жооп берүүгө туура келет, андыктан калп айтпаганга жана куру убадаларды бербөөгө аракет кылыңыз. Романтикалык жолугушуулар жемиштүү болот, чогуу өткөргөн көз ирмемдерди өмүр бою эсиңизде сактап каласыз. Алдыда тагдырыңызда чоң бурулуш жасоочу тандоону жасайсыз.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Өзүңүздүн күчүңүзгө болгон ишеним артып, идеялар өзүнөн-өзү келе берет. Чоң кирешеге чыкчу бизнес түптөп алсаңыз болот. Бул мезгилде үй-бүлөңүз менен жолугушуу чоң кубаныч алып келет. Бул да ишиңиздин жүрүшүнө өз салымын кошот. Кыялдар реалдуу болуп, ал тургай сиздин чыныгы максатыңыз жөнүндө айтып бере алат. Бойдоктор романтикалык кечеге чакыруу алат, жолугушуудан баш тартпаганы оң.


ЧАЯН (24.10–22.11)

Жакын адамдарыңызга таарынып, урушуп кетпеш үчүн билдирүүлөрүңүздө этият болуңуз. Ачуу үстүндө шашылыш чечимдерди чыгарбаңыз, кийин ал аракетиңиз сизди уятка калтырышы мүмкүн. Окуу, жаңы бизнес байланыштарды издөө жана жөнөкөй сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жакшы убакыт. Көптөн бери кийинкиге калтырып келе жаткан ишиңизди аягына чыгарасыз. Сүйүүдө туруктуулугуңуз сыналат, ар кандай азгырыктар болушу мүмкүн.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Керексиз дос-тааныштардан кол үзүп, ордуна жаңы тааныштарды арттырсаңыз болот. Үй-бүлөлүү жаачылардын ынтымагы бекемдеп,дагы бир мүчөгө толукталышы мүмкүн. Карыз албаңыз, кийин төлөгөнгө келгенде кыйналып каласыз. Өзүңүздү мажбурлап жумуш жасабаңыз, бул нерсе ашыкча энергияны жоготууга алып келет. Туура тамактанып, көп-кыймыл аракет жасоо менен шаңдуу жашоо образыңызга кайтасыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Сезимдерге эмес акылга гана таянып чечим чыгарыңыз, бул жолу ички туюмуңузга ишенбей эле койгонуңуз жакшы. Эски тааныштар менен күтүлбөгөн жагымдуу жолугушуулар орун алат. Жалгыз бойлор сүйүүсүн табышат, тез арада баш кошуу сунушун кабыл аласыз. Өтө маанилүү нерсени пландаштыруунун кереги жок, каржыга байланыштуу олуттуу чечимдерди кабыл албаңыз. Ишенчээктигиңиз жаман кесепеттерге алып келиши мүмкүн.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Чөйрөңүздөгү бардык адамдар менен чыр-чатактар жана талаштуу жагдайлар жаралышы мүмкүн. Эгер карызыңыз болсо, аны тез арада төлөө үчүн колдон келгенин жасаңыз. Жубайыңызга, сүйүктүүңүзгө көбүрөөк назиктик көрсөтүңүз, бул мамилеңиздерди мурдагыдан да бекемдейт. Ден соолугуңузда көйгөйлөр жаралса, аларды тезинен чечүү зарыл, кийин өнөкөт ооруга айланып кетүү коркунучу бар.


БАЛЫК (20.02–20.03)

Бир эле жолу байкабай айтып алган сөзүңүз алдыда аткарчу пландарыңызды бузуп салышы мүмкүн, андыктан ачык талаш-тартыштардан оолак болуңуз. Бул күндөрү кошуналар, достор менен мамилеңизди калыбына келтирсеңиз болот. Душмандарыңыз сизди ач көз, жаман адам катары сыпатта, көпчүлүктө ошондой ойду калыптандыргысы келет, сиздин өзүңүздү алып жүрүүңүз ал айтылгандарга карама-каршы болушу керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан