ТОЙЛОРДУН ФОРМАТЫН ӨЗГӨРТҮҮГӨ УБАКЫТ КЕЛДИБИ?

“Тойлордо ысырапкорчулук күчөп кетти, аны мажбурлап болсо да токтотуш керек”. “Жок, тыюу салуу менен маселе чечилбейт, ал үчүн элдин аң-сезими өзгөрүшү зарыл”. Коомчулукта ушундай маанайдагы талкуулар уланып жатат. Коёндой окшош тойлор көпчүлүктү тажата баштагансыйт, айтор, тойлордун форматын да өзгөртүү сунуштары айтылууда.

Аскар Салымбеков, ишкер: “Той – кара курсактын эле майрамы болуп калды”

– Негизи тойдун болуп турганы эле жакшы. Бирок азыркы форматын өзгөртүш керек. Анткени окшош тосттор, каалоо-тилектер, даңкылдаган музыка, айрым тамадалардын обу жок оюндары же тамашалары, айтор, жаныңдагы адам менен баарлашып отура албайсың. Тойдон эс албай эле, чарчап чыгасың. Дүйнөлүк тажрыйбадан алсак, бардык эле элдер биздикиндей ысырапкорчулук жолду басып өтүп, анан үнөмдөө жолуна түшүшсө керек деп ойлойм. Бизде саат 17:00гө белгиленген той 1-2 саат кечигип башталат да, түнкү 1-2ге чейин уланып кетет. 3 тамак, 4-5 түрдүү салат, таттуулар, булар да ашыкча. Той – бул кара курсактын эле майрамы болуп калды. Биз, адамдар, керектөөчүгө эле айланып, жаратмандык аз болуп жатат. Азыр Кыргызстанда эмне көп? Тойкана менен медициналык борбор көп. Оорулардын көбү ошол биз туура эмес тамактангандыктан жаралып жатат. Тойдо ичип-жеп, анан оорукана издеп жүрөбүз деген кеп да бул. Ашыкча чыгым, ысыраптан арылып рационалдуу, прагматикалык форматка келгенибиз туура деп ойлойм. “Тамак берели”, “ушулардын курсагын тойгузалы” деген – бул илгерки ачарчылыктан калган психология, андан кийин ата-энелерибиз токчулукта деле жашашты. Өзгөрүүгө багыт алышыбыз керек да. Мага “сиз сунуштаган тойдун концепциясын жазып, эрежесин так көрсөтүп койсоңуз” деп кайрылып жатышат. Сүрөтчү досум Асан Турсункулов экөөбүз кеңешип, төмөндөгүдөй эрежеге токтолдук:

• Той өз убагында башталышы керек. Канча адам келсе ошончо адам менен баштай беришсин. Бул бара-бара коноктордун кечикпей келишине шарт түзөт.

• Жар-жар айтылып эки жаш киргенден кийин кудалашкан тарап сүйлөп, аларга өкүл атасы да тилектеш болот.

• Андан ары той акырын угулган музыканын коштоосунда адамдар бири-бири менен баарлаша ала тургандай абалда өтүшү шарт. Эки-үч ыр ырдалса жетет. Сый тамак тартылып бүткөндөн кийин, саат 20:30 чамасында аксакалдар ак батасын берип кете беришет.

• Антракт-тыныгуу. Тыныгуудан кийин тойдун экинчи бөлүгү башталат. Бул бөлүктү жаштардын салтанаттуу бөлүгү деп белгиледик. Жаштардын сааты түнкү 23:00гө чейин уланат (ыр-бий, оюн-зоок). Аягында той ээси өзү батасын берип жыйынтыктайт.

Үлпөт тойго чейинки дагы бир маселе бар. Кыз узатуу тою кыздын атасынын үйүндө өткөнү дурус. Ресторанда өткөрүүнүн кажети жок. Кыз өз үйүнөн узаганы жакшы. Байыртадан эле ошондой болуп келген.

Ал эми нике жигиттин үйүндө молдонун катышуусу менен кыйылат. Бул дагы ата-бабадан келе жаткан салт боюнча дөөлөттүн кириши, кут-берекенин ошол үйдө орношу менен түшүндүрүлөт. Куда чакырууда кийит алмашуу, түштөндүрүү деген ашыкча ысырапкорчулукту токтотуу зарыл. Ага кеткен каражатты эки жашка саякаттоого же кем-каржысына керектеп ал деп берсек дурус болот.

Амантур Жапаров, тарыхчы-этнограф: “Тойдун форматын өзгөртөбүз деп эреже жазуу болбогон нерсе”

– Ооба кафе-тойканаларда тойдон арткан тамак-аштын ыргытылып, ысырап болуп жатканы жакшы эмес. Душман көзүнө деп банктан насыя алып той өткөргөнү бар, мунун баары туура эмес. Бирок бул агымды кантип тыябыз? Мыйзам жазып, эреже иштеп чыгуу менен эмес, агартуу жолу менен гана тыя алабыз. Тойдун форматын өзгөртөт элек деп эреже жазуу болбогон иш. Эл үнөмдөөгө, ашыкча чыгымдан арылууга өзү аң-сезимдүү, эволюция жолу менен келиши керек. Бул мезгилдин агымы менен өзүнөн-өзү калыпка келе турган нерсе. Азыркы биз үлгү кылып жаткан үнөмдүү кытайлар, япондор баары ушул биз азыр басып жаткан жолдон өтүшкөн. Андыктан баарын мезгил таразасына койгонубуз туура.

Эшенкул Барпиев, тамада: “Элдин батасы, нарктуулук, салттуулук калышы керек, башкасы өзгөрсө мейли”

– Тойдун негизги максаты – элдин батасын алуу. Ошол тойдогу бата берүү каадасы жана кыргыздын нарктуулугу менен салттуулугу калышы керек, калганы өзгөрсө мейли. Кыргызда “төшөгүңө карап бутуңду сун”, “жылкыңа карап ышкыр” деген жакшы кептер бар. Ар ким алына жараша той бергени туура. Тойлорду үнөмдөө форматына өткөрөлү десек, анда байлар менен олигархтардан башташ керек. Анткени карапайым эл ошолорго карап түздөнөт. Алар бизге “мына, ушундай эле той өткөрсө болот” деп жупуну өткөргөн тоюунун үлгүсүн көрсөтүшсүнчү. Албетте, кыргыздын пейили кенен, меймандос калк, дасторкону дайыма дүйүм тамак-ашка толуп турганын каалайт. Бирок, куда тосуудагы түштөндүрүү, тамактын ордуна акча таратуу ырымы ашыкча эле каада. Биринчи тамакка бешбармак менен этти тартып эле аксакалдарды эрте узатып коюш керек деген эрежеге мен каршымын. Анда аксакалдар тамак үчүн эле тойго баргандай болот экен. Алардын да, оюн-зоок, тамаша көрүп кетишкени жакшы эмеспи. Анан тамадалардын обу жок оюндары, орунсуз сүйлөгөндөрү тууралуу да көп сындар айтылууда. Айтылып жаткан сындар жүйөлүү, чынында азыр акчасына кызыгып көчөдөгүлөр деле тамада болуп жатышат. Бишкекте эле 500-600 тамада бар. Жаттама тамадалар көбөйдү. Эл өзү ылгабай жатпайбы, тамаданын сүйлөө манерасы, интеллекти, артыкчылык берген жөндөмдөрүнө баа берилбей жатат. Тамада сөз баккан адам болушу керек, жаштар арасында, аксакалдар арасында айтыла турган кептер болот. Ошондуктан тойдун көркүн тамада ачат дешет. Элге да тамада тандоодо жаңылбагыла дейт элем.
Үмүт Култаева, профессор:“Тойдогу тоодой чыгымдарды ооздукташ керек”

– Тойлордун форматын өзгөртүүдө алгач анын убактысын чектеш керек. Анткени бул нерсе адамдын интеллектуалдык да, башка да мүмкүнчүлүктөрүнө зыянын тийгизип жатат. Түнү менен тойдо отурган киши эртеси пайдалуу иш жасай албай калышы мүмкүн, бул деген бүтүндөй жумуш ордуна зыянын келтирип жатат дегенди билдирет. Экинчиден, бата берүү унутулуп, анын ордуна атаандаштык, байлыгы, байланыштары менен мактануу өнүгүп баратат. Мындан сырткары тамадалардын баары эле элдин руханий дүйнөсүнө төп келген сөздөрдү сүйлөбөй жатышат. Мыйзам менен чара көрбөсөк да балким, кандайдыр бир эрежелер менен жөнгө салып алганыбыз туурадыр. Тойдогу тоодой чыгымдарды ооздукташ керек. Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоп, тойлорго жергиликтүү ишкерлер өндүргөн азыктарды сатып алсак. Колдон-колго өтүп, кийилбеген калпак, чепкендерден баш тартып, ордуна өзүбүздүн кол өнөрчү, ишкерлердин колунан чыккан буюмдарды алып пайда келтирсек деле болот да.

Чынара Капарова, коомдук ишмер:“Ноябрда эле кошумчага 30-40 миң сом короттум”

Чындыгында тойлорду өткөрүүдөгү ысырапкорчулук мага эле эмес көбүнө жакпай турат. Тойдун форматынын өзгөрүлүшүн тоулк колдойм, жалпы элге ыңгайлуу варианты иштелип чыгышы керек. 500-600 кишини ресторанга чакырып тамак берүү ашыкча чыгым, кээ бири байларга атаандашып той беришет да. Жылдап тапканыңды ичип-жеп эртеси кыйналып жашагандын эмне кереги бар. Жеке өзүм тойлорго коп барам, 10 мин сомдук, 100доллардык, 5000 сомдук катыштарым бар. Бирока кыркы учурларда ээлеген кызматыма байланыштуу көп тойлорго бара албай каып жатам. Ноябрь айында 2-3 тойго барыптырмын, кошумчага эле 30-40миң сомдой акча кетти. Куда тосуп түштөндүрүүдө 10 үй-бүлө тамак берген учурларды көрдүм, куда тосууда тай союп жатышат, айтор ашыкча чыгымдарды ооздуктабасак, каада-салтты такыр эле ойду-келди бурмалап жатабыз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан