Самара Сабирова, ырчы: «ЖАШООМДО «ЖАЛГЫЗ УЯ» ЫРЫНЫН ОРДУ ЧОҢ»

“Жасап алып ак сүйүүнүн уясын,

Ал даракта неге жалгыз турасың?” деген саптары бар “Жалгыз уя” ырын уккандар көп болсо керек. Ырды ийине жеткире ырдагандардын бири, мукам үндүү ырчы Самара Сабирова менен маектештик. Ырчы айым жан дүйнө сырлары менен бөлүштү.

– Самара айым, биздин гезитке биринчи жолу маек берип жатасыз. Алгач Самара Сабирова ким деген суроого жооп алсак...

– Саламатсыздарбы? Мен, Самара Сабирова Кыргызстанга, маданият тармагында кичине болсо да кызмат кылып келе жаткан инсанмын. Көп болбосо дагы, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан 5-6 ырдын аткаруучусумун. Буюрса, алдыда дагы элимдин эсинде калган, жүрөгүнөн түнөк тапкан мыкты ырлардын аткаруучусу болом деген ниеттемин. Өзгөн районуна караштуу Салам-Алик айылында төрөлгөм. Бир уулдун апасымын.

– Чыгармачылыкка ташталган алгачкы кадам эмнеден башталды?

– Эс тарткандан эле музыкага жакынмын. Үйдө кыздардан жалгызмын, үч иним бар. Атымды ыраматылык таятам Самара Токтакунова эжедей чоң комузчу болсун деп ырымдап койгон экен. Талантымды байкаган апам мени 3-класста эле айылдагы музыкалык мектепке комуз классына жетелеп барган. Ошондон баштап комуз черттим, дастан айттым. Сынактарга катышып, мектепте активдүү элем. 9-классты аяктап, Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайдын кыргыз эл аспаптар бөлүмүнө тапшыргам. Ал жактан жакшы окудум. Бүтүп, музыкалык мектепте бир жыл иштедим. Ошондо 20га чыга элек секелек кыз элем. Ал кезде бир туугандарым, эжелерим Орусияда иштешчү. Мен дагы ошол тарапка кызыгып, жумушумду таштап соодага кетип калгам. Орусияда 7-8 жыл иштедим, ал арада турмушка чыктым, уулдуу болдум, музыканы такыр унутуп, соодага берилип кеттим. Турмушта өйдө-ылдый болуп турат экен, анан жолдошум менен ары-бери болуп кеттик. Балам менен Кыргызстанга келдим. Ошол жылдары чоң операцияны башымдан өткөрдүм. Ошол мезгил турмушумда кыйын учурлар болду.

Ыр жандуу болгонго ырларымды ичимде ката алган жокмун. Алишер Тоотаев, Сапар Эркебаев менен тайпалашмын, Алишер мага көп кеңеш берди, “Самаш, сенин үнүңдө сонун изюминка бар, ырдашың керек” деп шык берди. Ошентип алгачкы жолу сөзү дос кызыма, обону өзүмө таандык “Кечиккен махабат” деген ырды жаздырып ырдап чыктым. Биринчи жаздырган эстрадалык ырым ушул болду. Негизи каякка барсам да комуз менен ырдачумун.

– “Жалгыз уя” ырынын орду тууралуу сурайынчы...

– Ошол кезде Майрамбек Осмоновдун ырлары жазылган диск колума тийип калды. Угуп көрүп, “Жалгыз уя” деген ырды аябай жактырдым, кайра-кайра кайталап уктум. Тагдырыма байланыштуу дагы бул ырды жүрөгүмө жакын кабыл алсам керек. Менин жараатыма тийгендей болду. Ушул ырды ырдаганда жеңилдейт элем, берилип ырдап, ичимдеги бугум чыгат эле, анан кай жерге барбайын комуз менен ырдай баштадым. Ошондой күндөрдүн биринде Гүлмира деген эжекем ырдаганымды жактырып, Бишкекке ээрчитип барып, Майрамбек Осмоновдон уруксат алып ырдап чыктым. Майрамбек аке өзү аранжировкасын жасатып, дароо эле радиого берген. Ошентип бат эле тарап кетти. Көчөдө же базарда баратам, дисктерден, радиодон менин ырым жаңырат, бирок мени эч ким тааныбайт. Бир жолу таксиде баратсам айдоочу да ушул ырды кайталап угуп барды. “Ушул ырды бир Токтогулдан чыккан кыз ырдаптыр” деп коёт. Мен унчукпайм. Досторум да “сенин ырыңды бул жакта угуп жатышат” дешет. Анан бул ырга жүз керек экен деп, 2012-жылы клип тарттык. Ошондон кийин анан Самара болуп элге кичине таанылып калдым. Клип да жакшы көрүү топтоду. Ош шаарында “Жылдын мыкты клиби”, “Жылдын мыкты ыры” деген номинацияларга ээ болду.

Азыркыга чейин эле мени “Жалгыз уя” дегендер бар. Ушул ыр менин ырчылык бактымды ачты десем болот. Андан кийин дагы бир топ ырларды жаздырдым, ошентип чыгармачылыкта өз аракетимди, атымды жасаганга аракет кылып келе жатам. Жаңы ырлардан айтсам, кечээ жакында эле бир ыр жаздырдым, сыясы кургай элек. Сагынбай Кыдыралиев деген агабызга таандык “Коштошуу” деген ыр. Сөзү Акжол Дооронбек уулуна, обону Азамат Жоробаевге таандык, “Кайырма” деген ырды да ырдап чыктым. Чыгармачылыкта жакшы жаңылыктарым бар. Жаңы ырлардын үстүнөн иштеп жатам.

– Өзүңүзгө таандык канча обонуңуз бар?

– “Кечиккен махабат”, “Сен билбейсиң”, “Махабат кайырчысы”, “Салам-Алик” деген сыяктуу 5-6 обонум бар.

– Чыгармачылыктын кайсы этабындамын деп ойлосуз?

– Ортоңку этабындамын. Мен өтө популярдуу да болуп кеткен жокмун, өтө аты таанылбаган адам дагы эмесмин. Самара Сабирова деген ордум бар. Мукам үндүн ээси катары билем өзүмдү.

– Балаңыз канчага чыгып калды?

– 18ге чыкты, буюрса, быйыл. Юридикалык колледжде 3-курста окуп жатат.

– Баланы жалгыз тарбиялоо жеңил эмес бекен?

– Эркек балага баары бир атанын мээрими жетишсиз болот экен, аны сезесиң. Баламдын ата мээримин көрбөй чоңойгонуна бир аз ичим ачышат. Балам эч нерсе билдирбейт. Кичинекей кезинде гастролго, бир жакка ырдаганы барып калат элем, ошондойдо баламды караганга, таштаганга эч ким жок болуп калчу. Ошол кезде кошуналарга таштаган учур да болду. Эркек бала болгон үчүн тез эле жалгыз калганды үйрөнүп алды. Анын баарын ичиме жуттум. Ал учур азыр түштөй эле өтүп кеткендей туюлат. Эч нерсеге өкүнбөйм, ыраазымын баарына. Жашоом сонун азыр. Баламды, Кудайга шүгүр, аталуудан артыкча чоңойттум десем болот. Акылдуу, эстүү жигит.

– Кайра турмуш курууну ойлонбодуңузбу?

– Албетте, ар бир инсан бактылуу болгонго укуктуу, бактылуу болушум керек мен дагы. Ошол күндөр келет деп күтүп жүрөм (күлүп). “Балаңды үйлөй турган болуп калыпсың” деп калышат, мен “баламдын тоюнан биринчи менин тоюм болот” деп тамашалап калам (күлүп).

– Жүрөгүңүздүн ээси барбы?

– Чындыгында, азыр жок. Жүрөгүмдүн ээси өзүм. Гүлмира Айдосова эжеке ырдаган “Сүйүү келди, сүйүнчү” деген ыр бар го, сүйүү келгенде ошол ырды ырдап чыгам (күлүп). Сүйүү болгон, жаштыгымда. Аябай катуу сүйүүгө кабылгам.

– Ошол сүйүүңүздү айтып бериңизчи...

– Ал сүйүүмө жетпей калгам. Мени ала качып кетип, ал сүйүүм Орусияда калып кеткен, укмуш болгонбуз. Кийин ошол сүйүүм каякка кетти таппай калдым. Себеби мен көп окудум, өзүн өнүктүрүүнү, өзүн сүйүүнү, жашоонун мыйзамдарын окудум. Азыр деле окуйм. Психолог дос кызым бар, мага көп жардам берди. Биринчи Кудайга, экинчи ошо курбума ыраазымын. Өзүмдү окуп-билгенден кийин байкасам, мен өзүмдү сүйбөй, ал жигитти биринчи орунга коюп сүйгөн экенмин. Азыр өзүмдү сүйөм биринчи. Азыр ал адам менен эң жакшы тааныштарданбыз.

– Эмнеге өкүнөсүз?

– Жашоодо... Ата мээримин көрбөй калганыма өкүнөм (ыйлап). Биз кичине кезде атам менен апам ажырашып кетишкен. Бала кезден ата деп көп айтпаганыма өкүнөм. Атам кай жерде болсо да аман болсун, жакшы көрөм, кээде түшүмө кирет. Башка үй-бүлөсү менен жашайт, катышабыз, бирок баары бир башка өсүп калган үчүн ортобузда жылуулук, мээрим жок. Апам менен атама ыраазымын, ата деп көп айтпай калганым жүрөгүмдү өйүп кетет (ыйлап)... Калганы сонун!

– Бактылуу болуңуз!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан