БИР БҮРКҮМ. НООКАТТЫН АКИМИ ИШТЕН КЕТТИ...

Бишкекте 2022-жылдын май айынан бери 755 жолу жол эрежесин бузган унаа аныкталып, айдоочусу кармалды.

Токтогул ГЭСинде күзөттө турган маалда шеригин атып, из жашырып кеткен жоокер кармалды.

Экономика министринин 4 орун басары кызматтан бошотулду.

Жогорку Сот: Бишкекте мас абалында унаа айдаган сот аткаруучуга катуу сөгүш жарыяланды.

Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды.

Жумуш маалында спирт ичимдигин ичип отурушканы үчүн “Бишкек асфальт сервис” ишканасынын 4 кызматкери иштен айдалганы маалымдалды.

Ноокат районунун акими Данир Иманалиев кызматтан кетти.

Ошто “Профессор” каймана аты бар кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү кармалганы айтылды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду: Камчы Көлбаевдин 720 батири мамлекетке өттү, автоунаалары аукционго коюлду.

Бишкек-Ош жолунда бензин ташыган унаа кулап, Кара-Балта дарыясына 20 тонна бенсиз төгүлгөнү кабарланды.

Депутаттык мандаттан мөөнөтүнөн мурда ажыратылган Фархат Исмаиловдун ордуна Чынберди Төлөнов Жогорку Кеңешке депутат болду.

Бишкек мэриясы: Бишкекте көмүрдүн 1 тоннасын 6000 сомдон кымбат саткандарга чара көрүлөт.

“KG Group” курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовду камакта кармоо мөөнөтү узартылды.

Оң рулдуу унаалар менен такси кызматында иштөөгө 2030-жылга чейин тыюу салбоо демилгесин депутаттар четке кагышты.

Түнтүк-Түштүк альтернативдүү жолундагы Көк-Арт туннелин казуу уланууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан