ШАЙЛООГО КАТЫШПАГАНДАРГА 5000 СОМ АЙЫП ПУЛ САЛЫНЫШЫ МҮМКҮН

Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышпаган жарандарга 5000 сом айып пул салына башташы мүмкүн. Тийиштүү мыйзам долбоору 21-ноябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде каралып, 1-окууда жактырылды. Демилгечи депутат Тазабек Икрамов жүйөлүү себеби жок жарандардын баары шайлоого милдеттүү түрдө катышышы керек дейт. Икрамовдун сунушун алдыга сүрөөдө Бишкектин Ленин району боюнча депутат шайлоодогу абал мисал катары көрсөтүлүүдө. БШКнын билдиришинче, быйыл Ленин районунан Жогорку Кеңешке депутат шайлоодо 124 миң шайлоочунун 17 миңи гана добуш берүүгө катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын 13 пайызын түзөт.

Шайлоого себепсиз катышпаган жарандарды жазалоо Европада, Түркия, Бразилия сыяктуу мамлекеттерде бар деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде. “Шайлоочулардын көпчүлүгүнүн добуш берүүгө келбей коюшу демократиянын негизги принцибин бузуп, мамлекеттик казынаны ашыкча ысырапкорчулукка түртүп жатат” дейт автор.

Министрлер кабинети Икрамовдун демилгеси Конституциянын эрежесин бузат деген позицияда. “Шайлоого катышуу ар бир жарандын укугу, катышпаганы үчүн айып пул салуу мыйзамсыз болуп калат” деди Юстиция министрлигинин өкүлү. Акыйкатчы институту да ушундай эле позицияда.

Жүйөлүү себеп деген эмне? Жарандын шайлоого эмне үчүн катышпаганын ким жана кантип аныктайт? Ушул сыяктуу бир топ суроолор азырынча жоопсуз. Мыйзамды иштетүүнүн механизми так аныктала электиги комитет жыйынында байкалды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан