“КУМТӨРДҮН” КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ЖЕТЕКЧИСИНЕ 800 МИҢ СОМ АЙЫП САЛЫНДЫ

"Кумтөр” компаниясынын мурунку жетекчиси (убактылуу тышкы башкаруучусу) Теңгиз Бөлтүрүккө
800 миң сом суммасында айып салынды. Мындай чечимди 21-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Бөлтүрүк “Кумтөргө” келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 10 миллион сом да төккөнү, анын банктык эсептери аресттен чыгарылганы айтылат маалыматта. Прокурор менен айыпталуучунун ортосунда күнөөнү моюнга алуу тууралуу макулдашуу болгонун, мындай жагдайда Бөлтүрүк камалбай турганын билдирди судья.

Эскерте кетсек, “Кумтөрдөгү” коррупциялык иштер мамлекетке 1 миллиард 146 миллион сом зыян келтирди деп 2022-жылы Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Анын алкагында Теңгиз Бөлтүрүк баштаган “Кумтөрдүн” жооптуу жетекчилери кармалып, камакка алынышкан. Быйыл жазында Бөлтүрүк үй камагына чыгарылып, Башкы прокуратура кылмышка шектүүлөр мамлекетке 844 миллион сом төккөнүн билдирген.

Эсептөө палатасы “Кумтөрдөгү” негизсиз чыгашалар тууралуу “2021-жылдын май айынан 2022-жылдын февралына чейин Бөлтүрүккө 473 миң доллар сый акы берилген” деп маалымат берген.

Теңгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдү” 2021-2022-жылдары башкарган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан