ЭЛ 9 АЙДА МИКРОКРЕДИТТИК УЮМДАРДАН 37 МИЛЛИАРД СОМ НАСЫЯ АЛДЫ

2023-жылдын 9 айында кыргызстандыктар микрокредиттик уюмдардан 37 миллиард сом кредит алышты. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады. Бул сумма былтыркы жылдын 9 айындагыга караганда 29 пайызга көп.

Микрокредит алгандардын саны боюнча алдыда 4 аймак: Ош облусу (жалпы кредиттин 20 пайыздан ашыгы), Жалал-Абад облусу (17 пайыздан ашыгы), Бишкек шаары (16 пайыз) жана Чүй облусу (13 пайыз). Ал эми берилген кредиттин көлөмү боюнча Бишкек алдыда. Борбор шаарда жалпы кредиттин 19 пайызы алынса, Ош облусунда 17 пайызы, Чүй, Жалал-Абад облустарынын ар биринде 16 пайызы алынганы айтылат маалыматта.

Насыялардын 48 пайызга жакыны керектөө кредити катары, 23 пайызы айыл чарба багытында ишмердүүлүктү өнүктүрүү, 11,5 пайызы соода жана коомдук тамактануу тармагы, 6 пайызы курулуш тармагы үчүн берилген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан